"Эч нерсеге карабай алга жылып": "Түндүк агым — 2" аягына чыгууда

© REUTERS / MAXIM SHEMETOV"Түндүк агым — 2" газ түтүктүсү
Түндүк агым — 2 газ түтүктүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын "Түндүк агым — 2" долбоорун токтотуу аракеттеринен майнап чыкпады. Газ түтүктүн чет өлкөлөрдөгү кургак бөлүгү куруп бүткөрүлдү. Ушул тапта Германиянын сууларында түтүктөр тартылууда, андан соң ушундай эле иштер Данияда уланат.

Талдоочулар долбоор аягына чыгып баратканын, кандай болгон күндө да бүткөрүлөрүн болжоодо. Ошентсе да көйгөйлөр пайдаланууга берүү баскычында чыгышы ыктымал. Кырдаалга РИА Новости баам салды.

Баары даяр

"Газпромдун" башкаруу тобунун төрагасынын орун басары, "Газпром экспорттун" башкы директору Елена Бурмистрова инвестбанктар менен жолугушууда газ түтүгүнүн кургактагы чет өлкөлүк бөлүгү толугу менен даяр экенин кабарлады.

Бир жылдык тыныгуудан кийин 11-декабрда Германиянын аймактык сууларында иштер кайра жанданды. 15-январда Даниянын сууларында түтүктөр тартыла баштайт. Бурмистрованын айтымында, деңиздеги курулуштун аяктоо мөөнөтү бир катар, атап айтканда, аба шарттарына жараша болот.

"Фортуна" түтүк тартуучу ишканасына Россиянын Деңизде куткаруу кызматынын "Мурман" жана "Балтиялык изилдөөчү", ошондой эле бир катар кеме камсыздоочулар жардам беришмекчи. Деңизде түтүк коюучу чийиндин эки тарабынан тең 200 метрлик аралыкты убактылуу жабышат. Ал жакта сүзүүгө, чөмүлүүгө, якорь таштоого, балык уулоого тыюу салынат. Талдоочулардын баамында, азыр долбоор курулуштун эң татаал баскычына келди. Кышкысын Балтикада катуу шамал көп болот. Анан калса газ түтүгүнө мурдагыдай эле америкалык санкциялар да бөгөт коёт.

Аракеттер токтобойт

Октябрда аталган долбоорго бөгөт катары "Европанын энергетикалык коопсуздугун коргоо" боюнча PEESA пакетин башташкан. Чектөөгө түтүк коюуда пайдаланылган кемелерге кызмат көрсөткөн, заманбапташтыруу жана кемелерди жабдуу үчүн жабдыктарды ташыган же каржылаган компаниялар кирип калган. Эми россиялык кемелер менен кызматташкан камсыздандыруучу жана сертификациялык компаниялар кириши мүмкүн. Конгресс менен бекитилген санкциялар 2021-жылдын коргонуу бюджетине киргизилет.

Иракатаг АКШнын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Баарын жазалайбыз". Пентагон рекорддук аскердик бюджетин эмнеге сарптайт?
Натыйжада камсыздоочулар түтүктү курууда кеткен чыгымдарды төлөп берүүгө тобокелге барышпайт, ал эми сертификациялык фирмалар Германияга газ берердин алдында ширетилген түтүктөрдүн бекемдигин баалай алышпайт. Анткен менен эксперттер жаңы санкциялардын кооптуулугу азырынча толук айкын эмес.

"Бир жагынан конгресс мыйзам долбоорун кабыл алды, экинчи жагынан ага Дональд Трамп кол койгон эмес. Жо Байдендин деле мыйзам долбооруна кол коёру күмөн. Азыркы президент оокаттарын жыйыштырып, Ак үйдөн чыгууга, жаңы шайланганы ага жайгашып, экономикадагы мышык ыйларлык абалды жөнгө салууга тийиш", — деп ой жооруйт өнөр жай жаатындагы көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов.

Аргасын табышат

Германиядагылар: эгер Кошмо Штаттардын Ак үйүндөгүлөр бул пландарын ишке ашыра турган болсо, бундестаг да тим калбайт. Атап айтканда, германиялык Экономика министрлигинин ички документинде Меркелдин өкмөтү Евробиримдик менен макулдашылган аракеттер каралып жатканы айтылат.

Долбоордун өнөктөштөрү Россия баары бир санкциялардан буйтап өтүп, курулушту аягына чыгарарын белгилешет. "Түтүктөрдү тартуу кайра жанданат, газ түтүгү бүткөрүлөт", — деп ишендирет австриялык OMV AG мунай компаниясынын башкы аткаруучу директору Райнер Зеле.

"Түндүк агым — 2" жайга бүтүп калышы мүмкүн, ал эми келерки кышта газды жеткирүү үчүн сертификат алууга боло турганын айтышат Оксфорд Энергетика изилдөө институтунун адистери. Мындан кийинки санкциялар мөөнөттү создуктурушу мүмкүн, бирок акыры Россия "кандай тоскоолдук болсо да жеңип чыгууга жол табат". Америкалыктар "долбоорду токтото ала албай турганына моюн сунуусу" керектигин белгилешет талдоочулар.

Россиялык эксперттердин деле божомолдору ушундай. "Түндүк агым — 2" долбооруна каршы санкциялар "Газпромго" чиркей чакканчалык эле, ушундай эле нукта Вашингтон бизге жаратылыш газын алууга тыюу салып көрүшсүнчү. Эгер Жо Байден мыйзам долбооруна кол койсо да, "Газпром" өнөктөштөрү менен ишти аягына чыгарып, газды сордурууга киришет. Менимче, түтүктөрдү тартуу апрель-майда бүтүп калат", — дейт Леонид Хазанов.

Пайдаланууга берүү

Адистер терең суулардагы тилкелердеги курулушка тиешелүү нерселердин баарына тыюу салынганы анык. "Газпром" бөгөттөрдү жиреп өтүүгө бет алып, токтогусу жок экенин белгилешет.

"Фортуна" даниялык тилкеде тайыз сууларда гана иштейби же баары бир терең сууларда курулушту улантабы? Бүйүр кызыткан маселе ушул. Курулуш ыргагы жана тийиштүү кемелердин саны мына ушуга жараша.

Түндүк агым-2 газ түтүгүн куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Түндүк агым-2нин" куурларын төшөөгө келе жаткан кеме жакындап калды
"Газпром" санкциялардын кесепетин болушунча азайтуу аракетинде менчик ээлеринин катарын алмаштырууда. Ишке тартылган кемелердин баарынын кожоюндары өзгөрдү. "Газпромфлотко" таандык баягы "Академик Чарский" азыр Самара энергетикалык фондунун энчисинде. Мындай аракеттин маңызы менчикти өзүнөн оолактатуу болуп саналат. "Газпром" башкы компаниянын структуралары санкциялардан жапа чекпегидей кемелерди эч нерсеге милдеттендирилгис контораларга өткөрүүдө", — деп түшүндүрөт Россия өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин эксперти, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук аналитиги Игорь Юшков. Бирок анын айтымында, курулушту бүткөрүү түшүнүктүү болгону менен объектини пайдаланууга өткөрүү баскычында кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Анткени 2021-жылга карата АКШнын коргонуу бюджетинде каралган жаңы санкциялар газ түтүгүн тейлөө жана аны пайдаланууга тиешелүү. Алардын абдан катаал болору да ажеп эмес. Мында көп нерсе европалыктардан көз каранды: алар газ алууга жана пайдаланууга уруксат берүүгө даай алып-албаганына жараша болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0