Уйкуну кандыр, анализ тапшыр. COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык

© AP Photo / Vladimir VoroninТүнкү стационарга кирип бараткан бейтап. Архив
Түнкү стационарга кирип бараткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатат. Айрымдар аны мурдагыдан жеңил болот десе, башкалар, тетиринче, жүрөк үшүн алган божомолдорду берип жаткан кез.

Албетте, бизге COVID-19дун экинчи толкуну болбогону жакшы. Бирок сактыкта кордук жок дегендей, организмди ар кандай жагдайларга даярдап койгонубуз оң.

Экинчи толкун алдында ден соолукка кантип кам көрүп, эмнеге даяр болуу керектигин билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы вирус менен күрөшүүгө түздөн-түз тиешеси бар дарыгерлер менен сүйлөштү.

Өпкөнү кантип даярдайбыз

Белгилүү болгондой, коронавирус, биринчиден, өпкөнүн душманы. Бул органды сактоо үчүн, өзгөчө азыркыдай учурда чылым, насвай чеккендерге терс адаттарын таштоосу керектигин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев эскертүүдө.

© Sputnik / Диля АлымоваСаламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев
Уйкуну кандыр, анализ тапшыр. COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев
"Чылым, насвай, ичимдик... Бул өпкөнү алсырата турган нерселер. Мындай өпкөгө вирус жабышса, илдет оор жана өтө оор формада өтөрү талашсыз. Экинчи толкун учурунда кыйналып калбайын десеңиз, булардан качыңыз", — деди Сооронбаев.

Ошондой эле адис эл арасында коронавирустан коргонуу же аны дарылоо боюнча туура эмес түшүнүктөр көп экенине токтолду.

Коронавирустун экинчи толкунуна туруштук бере алабызбы? Саресеп

"Эшектин эти, кашкулактын, иттин майы өпкөнү вирустан сактайт деп ойлогондор жаңылышат. Андан көрө ооруп калуу коркунучунда тургандар жыл сайын жасалчу гриппке каршы вакцинаны алышы керек. Эмнеге экинчи толкунду күз-кышка божомолдоп жатабыз? Бул учурда курч респиратордук вирустар күчөп, азыр арабыздан кетпей жүргөн коронавирус алар менен кошул-ташыл болот. Коркунуч мына ошондо. Ошол себептүү жок дегенде биринен вакцина алып, сактанып коюу керек", — деди дарыгер.

Башкы пульмонологдун айтымында, вирустун Кыргызстанга келгенине анча көп убакыт өтө элек болгондуктан, ооруп айыккандарда азырынча иммунитет бар. Бирок ошого карабай, бардык кишилер бирдей санитардык эрежелерди сакташы зарыл.

Жүрөк оорулуулар кантет

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын 40 пайыздан ашыгы жүрөк-кан тамыр оорулары барлар экенин айткан.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев
Уйкуну кандыр, анализ тапшыр. COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев

Учурда кардиолог жүрөгү ооруган адамдарга үй-бүлөлүк дарыгеринен кеңеш алып жана кан басымын көзөмөлдөп турууну сунуштайт.

КРде балдар пневмониясын дарылоого протокол даярдалып, 2000 керебет коюлду

"Негизи кан басымында көйгөйү бар же жүрөгү ооругандар дарыгерлер жазып берген дары-дармектерди токтотпой, ден соолугун бир калыпта кармоого аракет кылуусу керек. Мисалы, кандын басымы 110-70тен төмөн болбогону жакшы. Анткени ооруп калса, адам тердеп жатып организмде суюктук азаят дагы кан басым ого бетер түшүп кетиши ыктымал", — деди кардиолог.

Кайсы анализдерди тапшыруу керек

COVID күч алып турган кезде калкка интернет аркылуу жардам көрсөткөн "Онлайн дарыгерлер" Telegram-каналы аркылуу консультация берген терапевт, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Айнура Таалайканова адам өз организминин абалын билүү үчүн жок дегенде жалпы анализдерди тапшырып койгону жакшы экенин айтат.

© Фото / Айнура ТаалайкановаТерапевт, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Айнура Таалайканова
Уйкуну кандыр, анализ тапшыр. COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык - Sputnik Кыргызстан
Терапевт, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Айнура Таалайканова

"Киши өзү үчүн деле кан, заара жана заң анализдерин тапшырып койгону туура. Бул организмде маанилүү заттардын абалы боюнча билип алууга жардам берет. Ал эми өнөкөт оорулары барлар үй-бүлөлүк дарыгерлерге айына бир ирет көрүнүп койгону жакшы", — деди Таалайканова.

Мындан тышкары, адис коронавирустун экинчи толкуну сыяктуу илдеттерден коргонуу, жуктуруп алган күндө дагы жеңил өткөрүү үчүн адам күч топтошу керектигин айтат. Мисалы, ушул тапта колдон келишинче организмге көп күч келтирбей, жакшылап эс алып, уйкуну кандыруу зарыл экен.

Коронавирустун көбөйүшүн токтото алчу витамин аныкталды

Балдарды кантип коргойбуз

Мурда COVID-19 кары жана өнөкөт оорулары бар адамдарга кооптуу деген түшүнүк болсо, эми балдар арасында дагы оор формада өтөрү жөнүндө маалыматтар пайда болду. Мындан улам төртүнчү клиникалык протоколдо коронавирус жана пневмонияга кабылган балдарды дарылоо боюнча атайын бөлүк даярдалды. Ошондой эле коронавирустан улам пайда болгон мультисистемдик сезгенүү синдрому боюнча протокол иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Жер-жерлерде коронавируска кабылган балдар үчүн 2 миңдей керебет даярдалды.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев күздүн аягы, кыштын башына чейин баланын иммунитетин көтөрүп, ден соолугунда көйгөйү барларды тиешелүү адистерге көргөзүп алууну сунуштайт.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев
Уйкуну кандыр, анализ тапшыр. COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев
"Эмне себептен бул учурга чейин? Анткени ошондо грипп күч алып, коронавирустун экинчи толкуну божомолдонуп жатат. Жыл сайын кеч күздө келген вирустар балдарга көбүрөөк жабышат. Андыктан учурда бир жери ооруп жаткан же өнөкөт оорусу бар балдарды дарыгерге көрсөтүп, ден соолугун, иммунитетин бекемдеп алуу керек", — деди Узакбаев.

ДССУ коронавирус акыркы пандемия эмес экенин жар салды

Баса, иммунитет кантип көтөрүлөт?

Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) дарыгерлери иммунитетти көтөрүүнүн жолдорун айтып берди.

Алар:

  • туура тамактануу;
  • чылым жана ичимдиктен баш тартуу;
  • психиканы ар кандай соккулардан коргоо;
  • уйкуну кандыруу, суткасына сегиз сааттан аз эмес желдетилген бөлмөдө уктоо;
  • организмди чыйралтуу (ысык жана муздак душ, мончого баруу);
  • көп кыймылдоо, спорт менен алектенүү. Ошол эле учурда организмге ашыкча күч келтирүү иммунитетке зыян тийгизерин унутпаңыз;

Дүйнөдө COVID жуктургандар 27 миллиондон ашты. Борбор Азияда абал кандай

Баса, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер бетинде адамдардын 10 пайызынын иммунитети өтө күчтүү. Алар бардык ооруларга туруштук берет. Дагы 10 пайызыныкы тубаса начар иммунитет. Бул адамдар эч нерсе көтөрө албайт, жел тийсе деле ооруй берет. Калган 80 пайызынын иммунитети жашоо образынан көз каранды.

P.S. Адистер коронавирус дагы деле арабызда жүргөнүн эске салып, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, колду тез-тез жууп туруу сыяктуу гигиеналык эрежелер сакталышы керектигин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0