03:44 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
228 0 0

Россия Өзбекстандан гуманитардык жардамды ыраазы болуп кабыл алды. Жалпысынан Россияга беш миллион медициналык бет кап жана медициналык марля берилмекчи.

Бул жаңылык "улуу держава болуп туруп, негизги медициналык материалдар менен өз керектөөсүн жаба албай, коңшуларынын көмөгүнөн пайдаланууга аргасыз" дегендей көптөгөн ачуу жана шылдың пикирлерди жаратканын жазат Ирина Алкснис.

Маскаралоо менен курчтуктун ортосунда көп учурда болуп жаткан окуянын башкы маңызы көз жаздымда калат. Аны түшүнүү үчүн айрым фактыларды кайра бир эске салуу абзел.

Март айынын биринчи жарымында Россия Өзбекстанга коронавирусту аныктоочу бир нече миң тест-система берген. Өзбекстан мындай жардам жөнөтүлгөн тек жалгыз борборазиялык республика болгон эмес. Февралдын башынан бери Москва көптөгөн коңшуларын тест менен жабдып келет.

Өзбекстан Россияга гана көмөктөшкөн жок. Эки ай мурун Ташкент эпидемия күч алып турган Кытайга да гуманитардык жардам жөнөткөн. Пекин аны кабыл алып, "чын дилден берилген жардам" үчүн ыраазычылык билдирген. Ал эми бир жарым айдан кийин кырдаал дал тескерисинче кайталанып, марттын аягында Кытай Эл Республикасы Өзбекстанга жардамдашты.

Россия менен Кытайдын ортосундагы абал да бирдей: февралда бул державага РФ эки миллион бет кап жиберсе, бир-эки апта мурун кайра андан жардам алды. Иш жүк алмашуу менен гана чектелбейт. Адегенде коңшуларга эпидемияга каршы күрөшүү боюнча россиялык адистер жөнөшкөн, ал эми жакында Россияга кытай медиктери келди.

Жардамдашуунун айланышы кызык көрүнөр, бирок анын аркасында мурдагы гуманитардык механизмди принципиалдуу түрдө кайра кароо жана кайрадан түзүп чыгуу аракети жатат. Бул процессти кыймылдатып турган күч катары дүйнөлүк саясий тутумдун негизги "козгогучтары" Россия менен Кытай болууда.

Заманбап дүйнөдө гуманитардык жардам концепциясынын өзү кызык, кээде эки жүздүү жана ачык эле тескери түс алууда. Биринчиден, жардам көрсөтүү үчүн башкы "сценарийи" көйгөйдү территориалдык жактан чектеп, даректүү мүнөз алды: эгер кайсы бир өлкө кырсыкка чалдыкса (кандай гана болбосун, табигый апааттан техногендик кырсыкка дейре), анда мындай кыйынчылыктарга кабылбаган өлкөлөр көмөк көрсөтө алат.

Азыркы COVID-19 пандемиясы баарында бир убакта бирдей көйгөй жаратып, дүйнө унутууга умтулган каатчылык, мүмкүнчүлүктөрдү эске салууда.

"Талаа шарттарында сыноолордун" жыйынтыгы көңүл жубатарлык эмес, айрыкча, Батышта. Өздөрүн таза ыймандуулуктун үлгүсү катары көрсөткөн айрым мамлекеттер ушундай кыйчалыш маалда чатак иш кылды: башкаларга жиберилген медициналык товарларды эч буйдалбастан, уялып да койбостон тартып алууда.

Экинчиден, гуманитардык көмөк демилгесине бир топ шарттар жана чектөөлөр артылды. Кимдир бирөө чабалдыгын, өз күчү менен жеңүүгө жөндөмсүз экенин көрсөтүүдөн чочулоодо. Мындай адат көбүнесе державалык дымагы бар мамлекеттерге тиешелүү. Башкалар үчүн союздаштардын кол кабыш кылышы ылайыктуу, ал эми ортосунда тиреш бар өлкөлөрдүн жардам боюнча сунушунда кандайдыр бир кооптуулук туюлат. Маселен, 2016-жылы россиялык өрт өчүрүүчү учактар Португалиядагы алоолонгон жалынды өчүрүүгө катышкан. Ал эми андан эки жылдан кийин ушундай эле көйгөйгө кабылган Греция Москванын жардамдашуу демилгесин көз жаздымда калтырууну туура көргөн. Мындай жагдайда Россия таптакыр башка ыкма мүмкүн жана зарыл экенин сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүүгө тырышууда.

Адегенде белгилей кетчү нерсе, жалпы дүйнөлүк каатчылык да мамлекеттерге ар-намысын жоготууга шылтоо боло албайт. Бөлөк өлкөлөргө көмөк көрсөтүүдө улуттук керектөөлөрдү садага чабуу керектигин эч ким кеп козгогон жери жок. Бирок резервдер жардамдашууга мүмкүндүк берсе, анда аны басып жатып албай бир бөлүгүн кыйналып турган тараптарга бөлүшүү — туура жана акылга сыярлык кадам. Андай күн сенин да башыңа келерин, мындай жардамга сен да муктаж болуп каларыңды эстен чыгарбоо керек. Пандемия сымал мындай чакырыктар эл аралык деңгээлде, жалпы ааламдын башына мүшкүл иш түшүп турган маалда гуманитардык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга себеп. Болуп жаткан окуялар мындай кадамдын мүмкүн экенин айгинелеп турат.

Экономикалык дарамети жана өндүрүштүн ийкемдүүлүгүнө карабастан Кытай февралда, эпидемия күч алып турган маалда кол сунгандардын жардамын эч буйдалбай туруп кабыл алды. Абал турукташа баштаганда Пекин башкаларга кызуу көмөктөшүүгө киришти.

Сунушталып жана ишке ашырылып жаткан өз ара гуманитардык колдоо демилгесин дүйнөлүк саясий тутумдун негиздерин өздөрү курчутууда. Оор жоготууларга тушукса да айрым мамлекеттер өздөрүнө ыңгайсыз жана көңүлдөрүнө жакпаган өлкөлөрдөн жардам алуудан тегин жерден баш тартып жаткан жок. Муну менен алар АКШнын катаал үстөмдүк иерархиясын улантууда, анда ар бир өлкө өзүнө так бекитилген орунду гана ээлеп, аны өзгөртүү туурасында ойлонбоого да милдеттүү.

Куба Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо системасы америкалык тутумдан алда канча сапаттуу экени көп ирет тастыкталса да, Кошмо Штаттар үчүн Кубанын аракети ойго келгис нерседей көрүнүүдө. Ушундай эле себептерден Россияга берилген Өзбекстандын жардамы боюнча да шылдыңга алган пикирлер жаңырууда: урап бараткан, бирок дале уланып келе жаткан дүйнөнүн мурдагы түзүмүндө мындай көрүнүш улуу державанын чабалдыгы жана кемсингени катары кабылданат. Бирок Россия дагы, Кытай дагы мындай ойдон алыс. Тескерисинче, алар үчүн COVID-19га каршы жалпылап күрөшүү — жаңы системанын курулушу боюнча кезектеги кадам. Жаңы түзүмдө акылга сыйбаган иерархиялык оюндарсыз, бирок өнөктөштөр ортосунда сый мамиле өкүм сүргөн жана эрежелер баарына бирдей система орун алмакчы.

Тема боюнча

Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Сүрөттөр
Кыргыз өкмөтү Кытайдан гуманитардык жардам сурап кайрылды
Белгилер:
көмөк, жардам, Өзбекстан, коронавирус, АКШ, Россия, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ