13:58 06 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
430 0 0

Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү дээрлик беш жылга, башкача айтканда, коммерциялык банктарга берилчү насыя акысын жогорулатты. Sputnik Кыргызстандын редакциясы бул калк жана бизнес үчүн насыялардын кымбатташына алып келер-келбесин сураштырып көрдү.

Көбүнесе кыргызстандыктар бир эле нерсеге ар башкача карашат. Бирок бул насыялардын үстөк ченине тиешелүү эмес, алар ансыз да бийик. Бул жааттагы жакындагы бир өзгөртүү аларды дагы да көбөйтөт өңдөнүп калды.

25-февралда Улуттук банк эсептик чен өлчөмдү 4,25 пайыздан 5ке көбөйттү. Жалпак тил менен түшүндүрсөк, коммерциялык банктар КР Улуттук банкынан ала турган акчанын үстөгү өстү.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы эсептик чен өлчөмдүн жогорулашына эмне себеп жана бул калкка, бизнеске берилчү насыянын пайыздык үстөгүн жогорулатпайбы деп серепчилерге суроо салды. Эске салсак, буга чейин чен 2015-жылдын сентябрында көтөрүлгөн, андан бери төмөндөтүлүп гана келген.

Эсептик чен эмнеге таасир этет?

Экономиканын теориясында чендин жогорулашы инфляцияны жайлатат. Улуттук банктан муну кыйыр түрдө тастыктап, анын өзгөрүшү коммерциялык банктардын пайыздык үстөгүнө таасир этерин белгилешти.

"Реалдуу тармактар үчүн насыялар товарларга болгон суроо-талап жана сунушка жараша кымбаттап же арзандайт. Жыйынтыгында мындан өлкөдөгү инфляциянын деңгээли көз каранды", — деп айтылат КР УБнын Sputnik Кыргызстанга берген жообунда. Биздин агенттик аталган мекемеге чендин жогорулатылышы баалардын кымбатташын жана инфляцияны ооздуктоого байланыштуубу деп суроо салган.

Бирок банктан акчанын нарксызданышына башка көп факторлор, алардын ичинде ички рыноктун товарларга жык толушу, тышкы экономикалык шарттар, каржылык рыноктун өнүгүү деңгээли да таасир этерин кошумчалашты.

Жогорулатуунун себеби

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жакындагы эле басма сөз жыйынында чендин көбөйтүлүшүнүн себептеринин бири — баалардын өсүп кетүү коркунучу экенин айтып, "коронавирус кырдаалынан улам сырьенун баасы төмөндөөдө, бирок Кытайдагы өндүрүштүн бир бөлүгү токтоп тургандыктан, даяр өндүрүмдүн наркы кымбаттап кетиши мүмкүн" деп билдирген

Председатель Национального банка КР Толкунбек Абдыгулов
© Фото / Пресс-служба НБКР
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов
"Кытай товарларын түрк, америкалык өндүрүмдөр алмаштырышы ыктымал... Таңсыктык жаралбайт, бирок ташып келүү кымбатка түшөт", — деп түшүндүргөн Абдыгулов.

Өлкөнүн башкы банкынан дагы башка себептерин сураганыбызда, товарлардын көпчүлүгүнүн баасы дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда жогорулап баратканын, бул өз кезегинде Кыргызстандын рыногуна да чагылып жатканын айтышты. Эксперттердин божомолунда азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы жогорулагандан жогорулай берет. Быйыл Улуттук банк инфляцияны 5-7 пайыздын чегинде ооздуктап туруу үчүн аракет көрмөкчү.

Экономист Расул Түлеев чендин жогорулашынын себеби бөлөк деп эсептейт. Ал Улуттук банк ички рынокто долларды интервенциялоону жүргүзүп турарын эске салды. 

Экономист Расул Тулеев
© Фото / Бексултан Окенов
Экономист Расул Түлеев

"Бул үчүн валютаны чет жерден сатып алуу зарыл. Бул чыгымдарды кандай болсо да жабыш керек", — дейт эксперт.

Интервенциянын жардамы аркылуу жана ченди көбөйтүүнүн эсебинен улуттук валютаны рыноктон алуу менен балким, сомдун кунун көтөрүшү мүмкүн.

"БизЭксперт" аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаевдин айтымында, эсептик чен өлчөмдүн жогорулашын жалпылап кароо абзел. Анализ жүргүзүүдө валюталык интервенцияны эске алуу зарыл. 

Исполнительный директор аналитического центра БизЭксперт Улук Кыдырбаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"БизЭксперт" аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев

"Бир аз мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында КР Улуттук банкы быйыл курсту алмаштыруунун олку-солкулугун жумшартуу үчүн 80 миллиондон ашык долларды интервенциялаганын кабарлаган. Эгер бул фактыны эсепке ала турган болсок, анда эсептик чен өлчөмдүн жогорулашы сомдун кунун турукташтыруу боюнча кошумча чара болуп саналат", — деп жоромолдойт Кыдырбаев.

Насыя чени көтөрүлөбү?

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов басма сөз жыйынында КР УБнын насыялык аукциондорунда "ченди жогорулатуу акчанын наркын бир аз көбөйтөрүн" айткан.

"Бирок 0,75 пайызга гана жогорулагандыктан, бул биздин божомолубузда насыяларга көп таасир этпейт", — деди ал.

КР Банктардын биримдигинин президенти Анвар Абдраев да эсептик чен өлчөмдүн өсүшү карыздардын шарттарына чагылбайт деп эсептейт. 

Президент Союза банков Кыргызстана Анвар Абдраев во время пресс-конференции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КР Банктардын биримдигинин президенти Анвар Абдраев
"Андай деле байланышы байкалган жок. Азырынча бул насыялардын чени үчүн чечүүчү фактор эмес", — деген оюн айтты Абдраев.

Кыдырбаев эсептик чен өлчөмдүн өсүшү пайыздык чендин жогорулашына таасир этерин болжоо турулуу иш, бирок бул учурда ага негиз жок деп эсептейт.

"Биринчиден, баары коммерциялык банктардын КР УБнан алган карыздарынын көлөмүнө жараша. Экинчиден, банктар арасындагы атаандаштыкты эч ким жоюп сала элек эмеспи. Насыянын пайыздык чени кардарлардын бөлөк коммерциялык банктарга агылышына алып келиши ыктымал", — деп түшүндүрөт Кыдырбаев.

Бирок экономист Түлеев коммерциялык банктар үчүн акчанын наркы жогорулагандыктан, тескерисинче, бул насыянын пайыздык ченине таасир этет деп эсептейт.

"Чен 0,75 пайызга жогорулаган, ал эми коммерциялык банктар болду-болбоду шайкешсиз түрдө — 2-3 пайызга жогорулашы ыктымал", — дейт серепчи.

Ал өлкөдө насыянын наркы жогору болбогондуктан эсептик чен өлчөмдү жогорулатуу натуура чечим болгон деп эсептейт. Республикабызда бизнестин кирешелүүлүгү орточо 10-20 пайызды түзөт, ал эми насыялар боюнча чен 15 пайыздын тегерегинде. Ошондуктан ишкерлерге карыз алуу пайдасыз деген пикирин айтат.

Улуттук банк коммерциялык банктарга кандай көлөмдө насыя берген?

Өткөн жылы Улуттук банк "Айыл чарбасын каржылоо – 7" мамлекеттик программасын ишке ашыруу жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган 43 насыялык аукцион өткөргөн.

"Биз тараптан 54,5 миллиард сом сунушталган, коммерциялык банктардын суроо-талабы 3,4 миллиард сомду түзгөн, ал эми насыяга 2 миллиард 20 миллион сом берүү чечими бекитилген", — деп кошумчалашты Улуттук банктан.

Былтыр банктар элге 130,1 миллиард сомдук насыя берген, алардын 93,5 миллиарды улуттук валютада.

Эсептик чен — бул Улуттук банк коммерциялык банктарга насыя бергендеги пайыздык чен. Ал канчалык жогору болгон сайын коммерциялык мекемелер дагы элге берген насыянын пайызын көтөрөт. Эсептик чен өлчөмдү инфляцияны ооздуктоо максатында жогорулатышат. Бирок экономиканын өсүү ыргагы төмөндөйт.

Тема боюнча

Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, себеби айтылды
Чет элдик валютада берилген кредиттердин коюму болуп көрбөгөндөй түштү
Улуттук банк кредиттин пайыздарын көтөрдү. Себептери
Белгилер:
серепчи, инфляция, насыя, өлчөм, Улуттук банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ