16:15 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
1432 0 0

Кыргызстанда 18-20 жаштагы жарандардын саны аз. Ал эми 1950-жылдары туулган муун пенсияга чыгууда. Бул калкка жана өлкөнүн өзүнө кандай таасир этерине Sputnik Кыргызстандын редакциясы кызыгып көрдү.

Улуттук статистикалык комитет жакында эле 2014-жылдан 2018-жылга чейинки убакта эмгекке жарамдуу калктын үлүшү азайганын (60 пайыздан 57,9 пайызга чейин) жарыялады.

Мунун эки себеби бар. Биринчиси — 90-жылдардын аягында туулган өспүрүмдөрдүн аз сандагы мууну эмгекке жарамдуу куракка келди. Экинчи бир себеби — 1950-жылдары туулган көп сандагы муун пенсияга чыгууда.

БУУнун божомолуна караганда, Кыргызстанда калктын улгаюу тенденциясы болжол менен 2030-жылдары билинет, Улуттук статком белгилегендей, ошол тушта улгайган адамдардын үлүшү (65 жаш жана андан жогоркулар) 7 пайызга жакындайт. Башкача айтканда, он жылдан кийин калк улгайган болуп саналат.

Бул калкка жана өлкөнүн өзүнө кандай таасир этерин Sputnik Кыргызстандын редакциясы тактап көрдү.

Шайкешсиздик кандай көлөмдө?

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, 2018-жылга карата 16-18 жаштагылардын саны андан улуу жана кичүү кыргызстандыктарга караганда аз экенин көрүүгө болот. Бул мурдагы жылга карата маалымат экенин эске алсак, анда муундардын санынын шайкешсиздиги азыркы 18-20 жаштагыларга туура келет.

Пенсионерлердин саны жана Соцфонддун бюджетинин көлөмү артууда

Байкап көрсөк, Социалдык фонддун чыгаша бөлүгү жылдан-жылга өскөндөн өсүп жатат.

Эгер 2016-жылы ал 42,5 миллиардды түзгөн болсо, быйыл 57,1 миллиард сом болду.

Алардын бир бөлүгү республикалык бюджеттен бөлүнөт, жыл сайын анын үлүшү көбөйүп келет. 2016-жылы — 16,1 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 22 миллиард сом каралган.

2016-жылдын башында Кыргызстанда 604,8 миң пенсионер болсо, былтыркы жылдын октябрында алардын саны 667,3 миңге жеткен.

Мындай көрүнүш Соцфонддун бюджетине күч келтирбейби? Төлөмдөрдү төлөөдө, пенсиянын көлөмүн көбөйтүүдө кыйынчылык жаратпайбы? Ушул суроолорго Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевден жооп алдык.

Ал дагы пенсионерлердин саны чындап артып жатканын тастыктап, бул тийиштүү чыгымдардын жогорулашына алып келерин билдирди. Ошондуктан реформа кылуу зарыл. Ирсалиев аялдар 58 жашында, эркектер 63 курагында пенсияга чыгарын эске салды. 

Председатель Правления Социального фонда КР Медер Ирсалиев
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев
"Бирок бир катар категориялар боюнча бул курактан да эрте чыгышат, маселен, күч блоктору 40-45 жашында пенсияга узатылат. Ошондой эле эмгектенген жылдарына карап аялдардын негизги бөлүгү 55, ал эми эркектер 60 жашында ардактуу эс алууга чыгышат. Ошол себептен пенсионерлер көбөйүүдө. Биз жеңилдиктерден четтешибиз керек, ошондо үнөмдөй алабыз жана тийиштүү чараларды көрөбүз", — деди Ирсалиев.

Соцфонддун башчысы ардактуу эс алууга мөөнөтүнөн эрте чыгуу боюнча жеңилдиктерди жоюу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты.

"Эгер биз өз убагында мыйзам долбоорун кабыл алсак, бул тенденция (муундардын санынын шайкешсиздиги — ред.) бизге күч келтирбейт. Ошондой эле биз чакан жана орто бизнести көмүскөдөн чыгаруу үчүн салык жана социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүүгө тийишпиз. Ошондо коркунуч туулбайт (пенсия боюнча көйгөй – ред.). Ошондой жол менен республикалык бюджетке келтирилген күч да азаят", — деген оюн бөлүшөт Ирсалиев.

Аткаминер пенсиялык куракты жогорулатуу туурасында кеп жок экенин баса белгилейт.

Иш берүүчүлөр эмне дейт?

КР Иш берүүчүлөрдүн улуттук конфедерациясынын башкы катчысы Элмира Дунганаеванын жеке баамында, рынокто мындай көрүнүш байкалбайт.

"Негизинен жаштарды окутууга алышат, ал эми адистикке дасыккандар, тажрыйбалуулар тартылат", — деди Дунганаева.

Адис аз сандагы муун үч жылды түзгөндүктөн, рынокко анчалык деле терс таасир этпейт деп эсептейт.

"Эгер шайкешсиздик дагы эки жылга эле көп болгондо кесепеттери байкалмак. "Рынокто курактан көз карандылык анча күчтүү эмес, иштейм дегендер 50 жана 60 жашында да жаңы нерсени өздөштүрүшөт", — деп түшүндүрдү ал.

Дунганаева эмгек рыногуна жаш муундун аз саны эмес, чет өлкөгө кетип жаткан адамдардын саны таасир этерин кошумчалады.

"Миграция Бишкектин рыногуна эмес, аймактарга көп таасир этүүдө", — дейт ал.

Өлкөдөгү тигүүчүлөрдүн башын бириктирген "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапар Асанов 18-20 жаштагы жумушчулардын тартыштыгы сезилер-сезилбеси боюнча так айта албасын, анүчүн ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүзүү керектигин билдирди. Бирок, анын айтымында, аталган тармакта дал жаш кадрлар жетишсиз. 

Президент ассоциации Легпром Сапар Асанов
© Sputnik / Бакыт Толканов
"Легпром" ассоциациясынын президенти Сапар Асанов
"Жаш кадрлар жок, жумушчулардын орточо курагы 35 жаш жана андан жогору. Жаштар бизге иштөөгө келбейт. Маянасы жакшы экенине карабастан бул кесиптин кадыры төмөн", — деп кейиди Асанов.

"Жаш ишкерлер ассоциациясы" бизнес биримдигинин Эмгек жана ишке орношуу комитетинин жетекчиси Жоодар Омушев да рынокто азырынча бул көрүнүш байкалбаганын тастыктайт.

"Жумушчу күчү жетишерлик, бирок тийиштүү билими бар, башкача айтканда, иш билги адистер тартыш", — деди Омушев.

Улуттук статкомдогулар кандай ойдо?

Быйыл январда Улуттук статком "Кыргызстандын социалдык тенденциялары" деген жыйнак чыгарды. Анда да аз сандуу жаш муун менен пенсияга чыккандардын көбөйгөнү жазылган.

"Бирок жакынкы жылдары бул көрүнүш жакшы жагына өзгөрүшү мүмкүн, анткени эмгекке жарамдуу куракка 2000-жылдары төрөлгөн муун кирет. Өлкөдө бул жылдары төрөлүү саны өскөнү байкалган", — деп айтылат жыйнакта.

Буга чейин Социалдык фонд пенсионерлердин саны өскөнүн жүйө келтирип, пенсияга мөөнөтүнөн эрте чыгуудагы айрым жеңилдиктерди алып салууну сунуштаган. Sputnik Кыргызстан өлкөдө кимдер пенсияга эрте чыгары боюнча материал даярдаган болчу

Тема боюнча

Сиз менен бир чөйрөдө канча кыргызстандык иштейт? Инфографика
Декретке чыкканы жатасызбы? Алчу жөлөк пулуңуздун көлөмүн билип алыңыз
Белгилер:
миграция, эмгек, рынок, пенсионер, Улуттук статистика комитети

ЭҢ МААНИЛҮҮ