Кыргызстанда пенсияга кимдер эрте чыгат? Категориялар

Жазылуу
Кыргызстанда пенсияга чыгуунун жеңилдик категорияларын алып салуу зарылдыгы айтылды. Социалдык фонд бул азырынча сунуш гана экенин белгилеп жатат. 

Мөөнөтүнөн эрте пенсияга чыгуу мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү депутаттар сунуштап, 2019-жылдын жай айларында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү орган кызматкерлери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Ал эми январдын соңунда парламентте Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев пенсионерлердин саны өсүп, бул ведомствонун чыгымын көбөйтүп жатканын айтты. Мындан улам реформа зарыл. Азырынча бул жөн гана сунуш экенин белгилеген Ирсалиев ушу тапта аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга аларын эскертип, эгер мыйзам долбоору даярдалып кала турган болсо, негизги жаш курак өйдөлөтүлбөй турганын белгиледи.

Полиция проводит проверку миграционного законодательства в ТЦ Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири
Буга чейин Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов эрте пенсияга чыгуу мыйзамына өзгөртүү киргизүү үч багытта жүрөрүн айтып берген. Биринчиден, камсыздандыруу принциптери менен пенсия алгандар үчүн тариф саясатын өзгөртүү. Экинчиден, топтомо бөлүктүн ишин дагы да алдыга жылдыруу, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү менен элди кызыкдар кылуу. Үчүнчү маселе, аскер тутумунун пенсияга чыгуу жаш курагын карап чыгуу, Бажы кызматы сыяктуу айрым тармактардан бул жеңилдиктерди алып салуу.

КРдин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамында пенсияга чыгуунун жеңилдетилген категориялары көрсөтүлгөн. Жаңы сунуш боюнча кыскартууга кайсы категориялар кирери анык боло элек. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзамда көрсөтүлүп, пенсияга мөөнөтүнөн эрте чыгууга жол берген артыкчылыктуу багыттарды тизмектеди. 

Кыргызстанда эркектер 63 (эмгек стажы 25 жыл), аялдар 58 (20 жыл эмгек стажы) жаш курагында пенсияга чыга алышат. Эгерде эркектерде 25 жылдык, ал эми аялдар 20 жылдык эмгек стажы жок болсо да, алар жаш курагы жеткенде пенсияга чыгууга укуктуу. Бирок пенсия азыраак чегерилип калат.

Пенсияга чыгууда каралган жеңилдик категориялары:

1. Ири эмгек стажынан улам пенсияга эрте чыгуу.

Пенсияга чыгууга талап кылынган эмгек стажынын 15 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар жарандар 3 жыл эрте — аялдар 55 жашынан (35 жыл эмгек стажы менен), эркектер 60 жашынан (40 жыл эмгек стажы менен) пенсияга чыга алышат.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат
2. Эгерде мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыкса, пенсия жаш курагына жеткенге чейин ар бир айга 1,5 пайызга аз акча чегерилет жана пенсия курагына жеткенде ага чейинки аванс менен берилген каражат ай сайын кармалып алынат. Пенсиядан кармап калуу бирдей өлчөмдө 10 жыл бою жүргүзүлөт.

3. Пенсия курагына (58\63) жеткенге чейин төмөндөгү категориядагы жарандар пенсияга эрте чыга алышат:

а) Өндүрүштө иштеген жумушчулар. Аялдар 15 жыл, эркектер 20 жылдык эмгек стажы менен 48\53 жаштарында эрте эс алууга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.

Жер астындагы жумуштарда, өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнү менен иштегендер:

  • тоо-кен өндүрүшү;
  • түстүү металлдарды өндүрүү;
  • химиялык өндүрүш;
  • ок-дары өндүрүү;
  • металлды кайра иштетүү;
  • электр өндүрүшү;
  • курулуш материалдарын өндүрүү;
  • айнек өндүрүшү ж.б.

б) Өндүрүштө иштеген аялдар 20 жыл, эркектер 25 жылдык эмгек стажы менен 53\58 жашында эрте чыга алышат.

  • тоо иштериндегилер (ачык ыкмада, жер үстүндө);
  • кен иштетүү жана аны байытуу тармагында иштегендер;
  • оор өнөр жайында эмгектенгендер;
  • отко өндүрүлгөн продукцияларды чыгарган ишканаларда эмгектенгендер;
  • өткөргүчтүн түрлөрүн чыгарган заводдордо эмгектенгендер;
  • жеңил өнөр жайында иштегендер;

4. Бийик тоолуу жерде жашап иштеген аялдар (20 жылдык эмгек стажы) 50 жашында, эркектер (25 жылдык эмгек стажы) 55 жашында чыга алышат.

Заседание депутатов к Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Парламентте эң аз жана эң көп пенсия канча экендиги айтылды
5. Бийик тоолуу жерде жашаган аялдардын үч баладан көп баласы болсо 45 жашында пенсияга чыга алат (эгерде үч баласынын бири 8 жашка чыкпай чарчап калса, аял бул категорияга кирбейт). Бийик тоолуу жерде жашап иштеген аялдардын жеңилдик шарты менен пенсияга чыгуусу үчүн эмгек стажы 15 жылдан кем эмес болушу керек.

6. Алыскы жана тоолуу аймактарда жашаган аялдар 20, эркектер 25 жылдык эмгек стажы менен 55\60 жаш курагында пенсияга эрте чыга алышат. Булар пенсияга 3-8 жыл эрте чыгууга укугу бар.

7. Беш же андан көп бала төрөгөн аялдар 15 жылдык эмгек стажы менен 53 жашында жеңилдетилген шартта пенсияга чыга алат. Эгер беш баласынын бирөө 8 жашка чыкпай чарчап калса, анда ал аял бул категорияга кире албайт.

8. Жаштайынан майып болгон балдардын апалары. Жаш курагы 53, эмгек стажы 20 жыл. Майып баласы 8 жашка чыкпай чарчап калса, жеңилдик шартын колдоно албайт.

9. Гипофизардык нанизмо менен жабыркаган (лилипут жана карлик) жарандар. Мындай жеңилдик алган аялдар 40 жашында (15 жыл эмгек стажы), эркектер 45 жашында (20 жыл эмгек стажы менен) пенсияга чыгууга укуктуу.

10. Учкучтар жана учуу сынагын өткөргөн тармакта иштегендер. Бул тизмеге аба экипажынын мүчөлөрү, учкучтар жана учкуч-инспекторлор кирип, аялдар 20 (53 жаш), эркектери 25 жыл эмгек стажы менен (58 жаш) пенсияга эрте чыга алышат.

11. Түздөн-түз аба кемелеринин багытын жөнгө салып туруучу жумушчулар. Бул жеңилдикке кирген диспетчерлер, учкучтар, диспетчерлик борборлордун башчылары кирет. Аялдар 20 жылдык эмгек стажы жана эркектер 25 жылдык эмгек стажы менен 53\58 жаш курагында пенсияга чыга алышат.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети жылдан кийин тышкы карыз кыстачу күн келеби? Министрлик эмне дейт
а) Жарандык авиациянын инженердик-техникалык кызматкерлери. Авиациялык техниктер, май куюучу станциялардын кызматкерлери ж.б. Аялдар 20 жылдык эмгек стажы менен (53 жаш) эркектер 25 жылдык эмгек стажы менен (58 жаш) чыга алышат.

б). Ишканасы кыскарып же жоюлуп кеткендиктен жумуштан кыскарып, ишсиз калгандар. Жумуш берүүчү тарап эки жыл бою тиешелүү төлөмдөрдү Социалдык фондго которуп турса, аялдар 20 жылдык иш тажрыйбасы (56 жашында) менен, эркектер 25 жылдык иш тажрыйбасы менен (61 жаш) пенсияга чыгат.

12. Аскер кызматкерлери жана ага теңдештирилген кызматтар КРдин "Аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздандыруу тууралуу" мыйзамына ылайык пенсияга чыгат. Муну менен алар пенсияга эмгек стажына карап эрте чыга алышат (бийик тоолуу шарттарда иштеп жана жашагандыгы менен эмгек стажысынын бир жылы 1,5 жыл болуп эсептелет).

  • Коргоо министрлиги
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы
  • Чек ара кызматы
  • Прокуратура
  • Милиция кызматкерлери
  • Өрткө каршы иштөө мамлекеттик кызматы
  • Кылмыш-жаза мекеме кызматкерлери
  • Баңгизат менен иштөөчү мамлекеттик органдар
  • Финансы полициясы
  • Транспорт жана байланыш министрлигинин байланыш кызматы.

Ушу тапта жогоруда саналган категориялардын ичинен төртөөнүн пенсияга чыгуу шартын кайра кароо демилгеси көтөрүлүүдө:

  • эмгек стажынын көптүгүнөн пенсияга эрте чыгуу;
  • алыскы жана тоолуу аймактарда жашаган жарандар;
  • бийик тоолуу жерде жашаган аялдар;
  • аскер кызматкерлери.
Жаңылыктар түрмөгү
0