20:34 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
НАТОнун желеги. Архив

НАТОдогу пикир келишпестиктен Россия утабы же утулабы. Саресеп

© AFP 2019 / GEORGES GOBET
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
268 0 0

НАТОнун 70 жылдыгын утурлай өтө турган саммит Лондон шаарынан 30 чакырым алыстыктагы графтыкта жайгашкан мейманканалардын биринде өтмөкчү.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эммануэль Макрон айткандай "мээси иштен чыккан" Түндүк Атлантика альянсынын лидерлери көйгөйлүү маселелерди талкууламак болушту. Уюмдун 70 жылдыгын утурлай өткөрүлчү иш-чарада майрамдык маанай өкүм сүрөбү-жокпу, айтуу кыйын. Ичинде пикир келишпестик көп экенин ушундан билиңиз, жолугушуу көздөн далдоо, Лондондон 30 чакырым алыстыктагы аймакта өткөрүлгөнү жатат. Маараке, жалпы эле уюмдун ичиндеги маанайга РИА Новости саресеп салып көрдү.

Мээнин иштен чыгышы

НАТО өлкө башчылары чогула турган отелдин сайтында "үч жүз акр аянтта, Хартфордшир графтыгынын жеринде жайгашкан The Grove курорту — бул жогорку деңгээлдеги беш жылдыздуу эс алуу" деп сыпатталган.

Буга чейин Франция лидери Эммануэль Макрон "Европа жардын учунда турат" деп айтып, Евробиримдик өзүн экономикалык эле эмес, геосаясий күч катары да таанышы керектигин, болбосо өз тагдырына ээ боло албай каларын белгилеген.

Муну менен бирге "Европа өлкөлөрүнө же Түндүк Америкага куралдуу кол салуу жалпы блокко болгон чыккынчылык деп эсептелет" деген НАТО уставынын 5-беренесинен да күмөн санап жатканын айткан. 70 жылдын аралыгында бул норма бир гана жолу, 2001-жылы, АКШга террордук чабуул учурунда пайдаланылган.

Бирок Макрондун союздаштары альянстын ичер суусу бар деп ишендирип келишет. Ошентсе да кыйынчылыктар арбын экенин алар деле жакшы түшүнүп турат.

"Саммит мааракелик болуп эсептелет, бирок бул олуттуу пикир келишпестиктерди жойбостон, тескерисинче, кырдаалды курчутуп жиберди", — деди МГИМО профессору, Илимдер академиясынын Европа институтунун европа коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Данилов.

Көйгөйлүү маселелер жооп талап кылып турган учуру. Жакында эле НАТО өлкөлөрүнүн министрлери Брюсселде жолугуп, Макрондун айткандарына бир беткей жооп болгон жок дейт Данилов.

Ойго келгис

Британиянын The Economist басылмасына маек курган Макрон Европанын НАТО боюнча башкы өнөктөшү АКШны сынга алган. Анын айтымында, альянс ушу тапта акыркы инстанциянын кепилдиги менен гана күн көрүп келе жатат. "Биз альянстын Америка Кошмо Штаттарына ыктап турганын эске алып, НАТОну талдап чыгышыбыз керек", — деген ал.

Бешинчи республиканын башчысы Макрон Дональд Трамптын былтыр саммиттин ишин үзгүлтүккө учуратып коё жаздаганын да эске салды. Анда АКШ лидери коргоого кеткен чыгымдар боюнча өнөктөштөрүнө атырылып бир тийип, андан соң уюмдан чыгып кетем деп коркуткан.

Американын ЖМКлары Пентагондогу маалымат булактарына таянуу менен Трамп альянстын бюджетине жүргүзүлчү төлөмдүн көлөмүн 22 пайыздан 16га чейин кыскартканы жатканын жазып чыгышты. Үнөмдөлгөн каражат Грузия менен Украинага көмөк көрсөтүүгө жумшалмакчы. Мындай кадам негизи НАТОнун кызыкчылыгына каршы келбейт.

Ошентсе да Макрон Трамп "Европа долбоору" идеясын колдобогон биринчи америкалык президент экенин белгиледи. Франция президенти мунун бардыгы Европа Кытайдын өнүгүшүнө, Россия менен Түркиядагы авторитаризмдин жайылышына жана ички олку-солкулукка каршы турган маалга туура келгенине кейиген. Анын айтымында, мындай жагдайды беш жыл мурун дээрлик элестетүүгө да мүмкүн эмес эле.

Саясий илимдердин доктору, профессор Наталья Еремина альянс ичиндеги биримдик күмөн ой жаратып, коопсуздукту камсыздаган уюм катары НАТОнун иши бүтүп баратат деп эсептейт.

"Бир жагынан НАТО дүйнөдөгү эң ири аскердик-саясий блок катары сакталууда, бирок ичинде ар кыл кызыкчылыктар бар. Бир тараптуу тышкы саясий, геосаясий абал өкүм сүрүп турганда, эки идеологиялык лагердин карама-каршылыгы барда альянс бирдиктүү күч эле. Финансы, укук маселелери чыккан эмес, лидер талашсыз АКШ болчу. Азыр жагдай таптакыр башка", — деди ал.

Түрк фактору

Саммитте талкууланчу башкы темалардын бири — Түркия. Лидери Режеп Тайип Эрдоган да майга от чачып койду. Ал Елисей сарайынын ээси менен "сенге" өтүп, Париждин уюм үчүн маанилүүлүгүнөн күмөнсүп турганын билдирип койду.

"НАТО үчүн Франция кандай экенин билбейм, бирок Түркия абдан маанилүү. Макрон НАТОнун мээси иштен чыкты деп жар салды. Урматтуу Макрон, сен алгач өзүңдүн мээңди текшерип ал, анткени адатта мындай билдирүүнү мээси сеникиндей болуп иштен чыккандар жасайт", — деди Эрдоган.

НАТОго кине коюп жатып Макрон америкалык аскерлердин Сириянын түндүк-чыгышынан чыгарылышы менен Вашингтондун аймактагы күрд-союздаштарынан баш тартканын белгилеген. Бул европалык өнөктөштөр менен макулдашылбаган кадам болуп, түрк армиясынын Сириянын түндүгүнө кирүүсүн шарттаган.

Өнөктөштөрдүн түрк армиясын токтотууга жасаган аракетине жооп кылып Анкара күрддөргө каршы операция жүргүзүүгө жол берилбесе Польша менен Балтика өлкөлөрүн Россиядан коргоо боюнча планды колдобой турганын айткан. Ал эми Түркиянын АКШ чыгарган "Патриотторунун" ордуна Россиянын С-400 системаларын сатып алышы кандай чуу жаратканы белгилүү.

Дмитрий Даниловдун айтымында, Түркия НАТОнун ичиндеги пикир келишпестиктин маанилүү түйүнү.

"Түрктөр НАТО өз милдетин аткарып, жамааттык коргоону камсыздашы керек экенин айтты. Мында чыгыш флангы эле эмес, бардык өнөктөштөрдүн коопсуздугу тууралуу сөз болууда", — дейт ал.

Профессордун пикиринде, Анкара альянстын Чыгыштагы ыкчам аракетин жана потенциалын бекемдөөгө багытталган иш-аракетин чектеп коюшу ыктымал.

"Бул өтө олуттуу учур, анткени Россия менен болгон мамиле, Европа — АКШ — Түркия үч бурчтугу, НАТОнун аскерий пландоосу сыяктуу көп көйгөйдүн башы бар. Ал эми Анкара алмаштыргыс өнөктөш. Азырынча ал түйүндү кантип чечүү керектиги белгисиз", — деди агенттиктин маектеши.

Кытай, космос жана террорчулук

Түндүк Атлантика альянсына мүчө мамлекеттердин лидерлери космос айдыңын ишмердүүлүк жүргүзө турган чөйрө деп тааный турганы күтүлүүдө.

Бул аскерий-техникалык сферага эле тиешелүү маселе эмес. Даниловдун айтымында, космостук система азыр деле, келечекте да АКШ тарабынан жөнгө салынып турат.

"Мындай чечимдин кабыл алынышы Европанын Вашингтон стратегиясынан көз карандылыгын күчөтүшү мүмкүн", — дейт эксперт.

Кытайдын көтөрүлүшү — көз жаздымда калбай турган стратегиялык маселе. Дүйнөлүк аренада Пекиндин позициясынын күчөшү Атлантиканын аркы да, берки да жээгиндеги өлкөлөрдү түйшөлтүп турган убак. АКШ Кытайды коопсуздукка коркунуч жаратчулардын сап башына чыгарса, ал эми Евробиримдик КЭРди стратегиялык жана экономикалык атаандаш деп тааныды.

Саммит алдында эл аралык террорчулук да унутулган жок. 29-ноябрь күнү Лондон көпүрөсүндө бычак көтөргөн террорчунун колунан Кембридждин эки бүтүрүүчүсү каза тапты. 28 жаштагы кылмышкер террорчулук үчүн соттолуп, бир жыл мурун мөөнөтүнөн эрте бошонуп чыккан.

Мындай олуттуу коркунучтарга бир муштумдай түйүлүп иш кылуу туура болмок. Бирок Наталья Ереминанын айтымында, буга Москва менен болгон идеологиялык пикир келишпестик жолтоо болуп келет.

Россиянын өзү да коркунуч

"Дал ушул Россия ислам радикализмине, өзгөчө Сирияда, туруктуу каршылык көрсөтүүдө. Каалайбы-каалабайбы, эми ошо коркунуч жараткан мамлекет менен кызматташууга туура келет. Бирок НАТОну киргизип койгон идеологиялык алкак буга тоскоол болчудай", — дейт маектеш.

Мындан тышкары, блоктун өзү да ар кыл болуп баратат. "Альянска мурунку социалдык лагердин өлкөлөрү кирди, алардын тарыхы, тажрыйбасы Батыш Европанын идеологиясына карама каршы келет", — деди Еремина. Мындай мамлекеттер Вашингтон менен тыгыз кызматташууга кызыкдар, ал эми европалык лидерлер, тескерисинче, коопсуздукка байланышкан маселелерде көз карандысыз болууга тырышып келет.

Мындай пикир менен Дмитрий Данилов да макул. "Идеология Россияны коркунуч катары тааныган ойду өзгөртүүгө жол бербейт. Анткени чечим жалпы болушу керек", — дейт ал.

Эксперт өткөн саммитте АКШ лидери НАТОнун уюм катары антитеррордук коалицияга кошулушун кызуу колдогонун эске салды. Ал эми азыр Франция президенти россиялык коркунучтун өтө эле аша чаап айтылганын кеп кылууда. Алдыда террорчулук менен күрөшүү деген андан да олуттуу, кооптуу чакырыктар бар. Макрондун айтымында, бул учурда Россиясыз бир нерсе жасоо дегеле мүмкүн эмес.

Москва үчүн да түзүлгөн кырдаал татаал бойдон калууда. Бир жагынан — пикир келишпестиктер Россияга каршы ызы-чууну шарттап турса, экинчи жагынан эгер альянс ичинде кандайдыр бир көйгөй жаралса, кайсы бир багыттар боюнча Россия да башкы оюнчу болуп калат.

Тема боюнча

Май каатчылыгы: АКШ Ирандагы нааразылыкты колдоп жатат. Видео
Көз карандысыздык көлөкөсү: ЕБ АКШнын финансы системасынан бөлүнүүдө
Белгилер:
террорчулук, коргоо, экономика, Кытай, Түркия, Россия, Франция, АКШ, НАТО

ЭҢ МААНИЛҮҮ