Машинанын баасы асмандайбы? Кыргызстандын унаа базарындагы абалдан ачык кеп

© Sputnik / Табылды КадырбековИмпорт корейский автомобилей для продажи в Бишкеке
Импорт корейский автомобилей для продажи в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн автомобиль рыногу кымгуут түшө баштагандай: 2020-жылы унаа кымбаттайт экен деген имиштен улам кыргызстандыктар машина сатып алууга киришти. Мындай жандануу унаа баасына таасир этип-этпегени туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Келерки жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автону бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери күчүнө кирет: республикага Евразиялык экономикалык биримдиктен тыш өлкөлөрдөн ташып келинген машиналар алда канча кымбаттайт. Мисалга, КРдеги эң кеңири жайылган 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге: 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.

Рынок поддержанных автомобилей в Ляонине - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда унааны өз атына каттаткандардын саны эки эсеге көбөйдү
Убактысы жылып калышы да ыктымал: Кыргызстандын өкмөтү ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылууга да ниеттенүүдө.

Эске салсак, ушул тапта өлкөдө былтыр министрлер кабинети тарабынан бекитилген бажы төлөмү алынат. Өкмөт анда жол-жоболоштуруу акысын 2014-жылдагы деңгээлге дейре азайткан. Электромобилдерди таптакыр бекер ташууга уруксат беришкен. Бийлик мындай жол менен өлкөнүн автопаркын жаңылап, жарандарды электр жана гибриддик кыймылдаткычтуу унаа сатып алууга шыктандырмакчы болгон.

Азырынча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселеси боюнча эч нерсе белгисиз, андыктан, автосүйүүчүлөр жана ишкерлердин кийинки жылы автотранспорт рыногундагы абал боюнча жоромолдору ар кандай. Сатып алуучулардын машина кымбаттап кеткенче унаалуу болуу тилеги Кыргызстандагы автомобиль баасына кандай таасир эткени жөнүндө Sputnik Кыргызстандын бул түрмөгүнөн таанышыңыздар.

КРде авто кымбаттадыбы?

Silk Road Auto ишканасынын менеджери Чыңгыз Телтаев быйылкы күздө автого болгон талап алда канча өскөнүн айтат. Анын баамында, кыргызстандыктар люкс классындагы авто жана жолтандабастарды көп сатып ала баштады.

"Бажылык жол-жоболоштуруу акысы жогорулай турганы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында чуу түшкөндө көпчүлүк машина сатып алууну дароо пландап, жайында эле буюртма бере баштаган. Капчыгы калың сатып алуучулар жогорку класстагы автону сатып алып туура кылышты, келерки жылы андай машиналарды бажылык жол-жоболоштуруу асманды чапчыйт. Соңку 3-4 айда кардарлар Toyota Land Cruiser жана Lexus 570 унааларын көбүрөөк тандоодо", — деп белгиледи ал.

Телтаев жаңы жылды утурлай жолтандабастардын баасы 1000-2000 долларга көтөрүлөрүн кошумчалайт.

Дагы бир ишкер Данияр Салякаев Кыргызстанга жаңы жылга чейин ташып келинген автомобилдерди аз күн ичинде эле талап кетишерин айтат.

"Азыркы тапта ташып келинген машиналар жакшы өтүп жатат. Дүңүнөн сатып алуучулар да тез эле өткөрүп үлгүрүшүүдө. Баалар асмандап кетти дегенден алысмын, бирок биздин дүң кардарлар үчүн каалаган баасына сатышы кыйла жеңилдеди: адамдар эч шектенбестен сатып алгандыктан, сапаттуу автолор жакшы наркта сатылууда", — деп белгилейт ал.

2003-жылы чыккан Honda Fit унаасынын баасы кандайча өзгөрдү
Машинанын баасы асмандайбы? Кыргызстандын унаа базарындагы абалдан ачык кеп - Sputnik Кыргызстан
2003-жылы чыккан Honda Fit унаасынын баасы кандайча өзгөрдү

"Армада Трейдер" компаниясынын жетекчиси Алибек Жумагулов унаа баасынын жогорулашына бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелеринин тегерегиндеги дүрбөлөң себеп деп эсептейт. Тааныштарынын көбү андан Америка же Европадан машина алдырууга үлгүрүп-үлгүрбөй турганын сурашат экен.

"Машиналардын баасы чындап эле өстү. Бир учурду мисал келтирейин, кардар өзүнө Lexus GX 460 унаасын 38-39 миң долларга алдырган. Темир аргымактын абалы мыкты болчу, бирок ал аны кайра сатып жиберүүнү эп көрүп, кечээ ошол автосун 43 миңге сатты!" — деди ал.

Кыргызстандык автосүйүүчүлөрдүн арасындагы аз-маз дүрбөлөң башталганын өлкөгө BMW үлгүсүн ташып келүүчү “Эстокада” автоборборунун сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Даиров да баамдаган. Ошентсе да анын пикиринде, кыргызстандыктарды жаңы унаа сатып алууга жол-жоболоштуруунун эрежелеринин өзгөрүшү жөнүндөгү жаңылык эле түрткөн жок. 

2004-жылы чыккан Subaru Forester унаасынын баасы кандайча өзгөрдү
Машинанын баасы асмандайбы? Кыргызстандын унаа базарындагы абалдан ачык кеп - Sputnik Кыргызстан
2004-жылы чыккан Subaru Forester унаасынын баасы кандайча өзгөрдү

"Албетте, жарандардын бир тобу эмдиги жылы машинанын бир топ кымбаттай турганына санааркайт. Жыл аяктаар маалда капчыктуу адамдар көп кайрылып, баанын өсүп-өспөй турганына кызыга башташты. Бирок быйыл BMW унаасына болгон талап кыргызстандыктардын сатып алуу жөндөмүнүн өскөнүнө да байланыштуу десек болот, бул соодада даана байкалууда", — деп баса белгиледи ал.

Купуя калгысы келген Бириккен Араб Эмирлигинен унаа ташуучу компаниянын негиздөөчүсү жана директору да бул боюнча өз көз карашын билдирди. Ал кымбат унаалар гана кымбаттаганын айтат.

"Бажылык жол-жоболоштуруу акысын көбөйтүшкөндө адамдар чындап эле унаа сатып алууга ашыккан, ал эми сатуучулар бааны көтөрүп салган. Азыр андай байкалбайт, акыркы эки айда болгону люкс классындагы машиналардын наркы гана бир-эки миң долларга жогорулады. Ошол эле убакта арзан унаалардын баасы мурдагы боюнча кармалууда. Кескин кымбаттабай турганына элдин көзү жетип турат. Бизге Грузиядан арзан баадагы Honda Fit жана Honda Civic автолорун алигүнчө ташып келип жатышат. Кыргызстанда төлөмдөр жогорулатылганда Россиядан авто ташыла баштарын эл түшүнүп турат", — деп белгиледи ал.

Авто баасынын айланасындагы дүрбөлөңгө карабастан, ишкер эмирликтеги вагондору дале толо электигин мойнуна алат. 

2006-жылы чыккан Toyota Camry унаасынын баасы кандайча өзгөргөн
Машинанын баасы асмандайбы? Кыргызстандын унаа базарындагы абалдан ачык кеп - Sputnik Кыргызстан
2006-жылы чыккан Toyota Camry унаасынын баасы кандайча өзгөргөн

Чет өлкөдөн КРге авто ташыган ишканалар эмне болот?

Сырттан авто ташуучу айрым компаниялар августтун аягында эле буюртма алууну токтотушкан. Андай фирмалардын биринин директору Андрей Юшин четөлкөлүк машиналар сатылбай туруп калышы мүмкүн экенин, андай шартта бир топ чыгым болорун ойлоп тобокелчиликке барбай эле коюуну чечкенин жашырбайт.

"Азыр бизге мурдагы буюртмалардан калганы жеткирилүүдө, аларды ноябрдын ортосуна дейре түшүрүп бүтөбүз, ошону менен бүтөт. Жеңилдетилген мөөнөт али такталбай турганынан улам тобокел кылбай туралы дедик. Эң көп сатылган машиналардын бири — Lexus GX — бажы төлөмдөрү менен бирге 16-18 миң долларга айланды, эгер эрежелер иштей баштаса, андай автонун бажылык жол-жоболоштуруусу эле 20 миң долларды чапчыйт", — деди ал. 

2003-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado унаасынын баасы кандайча өзгөрдү
Машинанын баасы асмандайбы? Кыргызстандын унаа базарындагы абалдан ачык кеп - Sputnik Кыргызстан
2003-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado унаасынын баасы кандайча өзгөрдү

Орто класстагы авто баалары

Мындай автолор дайым туруктуулугу менен айырмаланганын белгилейт автомобиль сатып алуу-сатуу менен алектегенген кыргызстандык жаран. Ал аты-жөнүн ачык атабоону суранды.

"Адатта күздө соода жакшы жүрөт, сентябрдан жаңы жылга чейин автомобилдерди май токочтой эле талап кетишет. Орто сегментте талап 8-9 жылдан бери эч өзгөрүүсүз кармалууда. Орточо баадагы машиналар кыргызстандыктардын арасында дайым сүймөнчүк болуп келет. Анан калса, кыш камын ойлогон эч бир киши күзүндө машинасыз калгысы келбейт", — дейт ишкер.

Анын айтымында, орто сегменттеги транспорт каражаттары ашып кетсе 500 долларга кымбаттады.

Дал азыр машина сатып алган оңбу? Серепчилердин пикири

Эгер жеке өзүңүз айдоого унаа сатып алууну пландап турсаңыз, анда шашылганыңыз оң дейт Салякаев. Ал кыргызстандыктарга көп создуктурбастан, автомобилди азыр сатып алууга кеңеш берет. Бирок ишкердин пикиринде, бажылык жол-жоболоштуруунун кымбатташынан акча таап калуу аракети чоң тобокел, тескерисинче, көп чыгымга алып келет.

"Эсиңиздерде болсо, бир топ жыл мурун ушундай болгон. Анда да Кыргызстанда бажы төлөмдөрү жогорулай баштаганда эле эл авто сатып алууга киришкен. Ошол эле убакта рублдин куну түшүп кетип, россиялык машиналар алда канча арзандаган. Өлкөгө Россиядан транспорт ташый башташкан, ал эми америкалык жана япондук унаалар базарда эки жылча сатылбай туруп калып, ишкерлер аябай зыян тартышкан. Бул ирет деле андай амал бир топ тобокелчилик жаратат", — дейт Салякаев.

Ал эми Жумагулов Кыргызстандын автомобилдик рыногу тез эле толуп каларын божомолдойт.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
"Акыркы үч айда кыргызстандыктар келерки жылы сатып жиберем деген үмүт менен авто сатып алып жатышат. Балким, кайсы бир убакка чейин талап болор, бирок баары акчасын чыгарып алууга умтулат, базарда авто толуп кетет да, баа түшө баштайт", — деп эсептейт ал.

Ишкер кошумчалагандай, жакшы автомобилди кай убак болбосун сатып алган дурус, себеби ал кожоюнуна наркын актап кызмат кылып берет. Анын пикиринде, сатуучулардын колундагы же азыр Кыргызстанга ташылып келе жаткан гана унааларды сатып алган оң.

Башка бир серепчи Нурсултан Даировдун машинасын BMW унаасына алмаштырууну самаган айдоочуларды кубантарлык кабары бар. Автоборбордо бааны кайра карап чыгуу жылына эки жолу жүргүзүлөт, ошондуктан машиналардын баасы мурдагы калыбында калган.

Анын көз карашында бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери белгилүү немис үлгүсүндөгү автого болгон талапка эч таасир эте албайт.

"Жеңилдетилген мөөнөттүн кыскарышы жогорку сегменттеги сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбейт. Быйыл колунда акчасы бар адамдар эмки жылы деле машина сатып ала алышат. Баса, ушул убакта эң көп сатылган үлгү — BMW X5, андан кийинки сапта — Х6 жана Х7", — деди Даиров.

Автосүйүүчүлөр үчүн башка жолдор

Кыргызстандын айрым компаниялары Россиядан машина ташууга билек түрө киришти.

"Кыргыз-россиялык биргелешкен ишкана катары биз мурдатан эле Россия Федерациясынан белгилүү бир үлгүдөгү машиналарды ташып келчүбүз. Бирок эгер мурда өлкөгө чоң көлөмдөгү кыймылдаткычтуу жолтандабастар гана ташылса, азыр Россиядан бөлөк машиналар да ташыла баштайт", — деп белгиледи Телтаев.

Электромобиль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызматтык кымбат автоунаалар электромобилге алмашабы? Премьердин тапшырмасы
Кыргызстанга Казакстандан да авто ташып келүүгө болот деп эсептейт атын атабаган унаа алып сатуучу.

"Өлкөгө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн да, анын ичинде Россия жана Казакстандан да унаа ташыла баштайт. Казакстанга чейинки аралык эмне, бир нече сааттын ичинде барып, көрүп, каалаган унааңды сатып алып келсең болот", — деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын автомобиль базары бажы төлөмдөрү жогорулаганына карабастан дале иштей берерине ынанат Салякаев.

"Кыргызстандыктар эски машина тебишет, ар бири автосун жаңыртып алууну самайт, андыктан, базар өскөндөн өсүп, өнүккөндөн өнүгөт. Биздин көчөлөрдү жогорку класстагы транспорт ээлеп ала элек, ошондуктан адамдардын автого болгон кызыгуусу уланат", — деп кошумчалады ишкер.

Айтмакчы, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия башчысы Тигран Саркисян үчүнчү өлкөлөрдөн авто ташууга жеңилдетилген тарифти узартуу эмнеге алып келери боюнча көз карашын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0