4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай

© AFP / EMMANUEL DUNANDСтоянка у терминала Международного автомобильного оператора (ICO) в Зебрюгге
Стоянка у терминала Международного автомобильного оператора (ICO) в Зебрюгге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы пайыздары арзандаганы автомобилдердин баасы өзгөрдүбү, гибрид унааларды, ошондой эле электр менен жүрчү машиналарды сатып алуу ыңгайлуубу? Жаңы машиналарды саткан диллердик борборлордун жагдайы кандай? Бул суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстандын макаласынан табыңыздар.

Былтыр жайында өкмөттүн чечими менен өлкөгө сырттан ташып келинген автомобилдерден бажы алымдары 2014-жылдагыдай деңгээлге дейре төмөндөтүлгөн. Муну менен бийлик элди экологиялык, энергия үнөмдөөчү стандарттарга төп келген машиналарды тандоого шыктандыруу аракетин кылган.

Серепчилер мындан улам 2008-жылдан баштап эски автолордун баасы түшөрүн айтышкан. Бирок жарым жылдан кийин деле эски унаалардын баасы дээрлик ошол бойдон. Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев мындай абал дагы узакка созуларын айтат. 

© SputnikЭкономикалык серепчи Искендер Шаршеев
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай - Sputnik Кыргызстан
Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев

"Базардагы баа өзгөргөн жок, себеби өлкөдө экономикалык өсүш боло элек. Биздин экономика инфляциянын эсебинен өсүүдө, ал эми өлкөдөгү кырдаал эч кандай өзгөрүүнүн жоктугун айгинелеп турат. Эл машина сатып албай калды дебейм, калктын кайсы бир катмары сатып алууда, бирок көпчүлүгү рыноктон чоң сунуш күтүп жаткан чагы", — деп түшүндүрдү серепчи.

Шаршеев сатып алууга дарамети барлардын ыңгайлуу жагдайды күтүүсүн 2014-жылдагы окуяларга байланыштырат.

"ЕАЭБге кирердин алдындагы абал буга таасын мисал, базар жык-жыйма болчу, көбү автомобилдерин текейден арзан саткан. Дал ушул себептен сатып алуучулар да, сатуучулар да болушунча токтоо болуп турган чагы", — деп боолголоду Шаршеев.

РИОМ автомобилдик базарынын башкы директору Бактыбек Түмөнбаев автомобиль баасына бажы пайыздарынын төмөндөтүлүшү дээрлик таасир этпегенин тастыктайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРИОМ автомобилдик базары
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай - Sputnik Кыргызстан
РИОМ автомобилдик базары

"Тез арада сатууга аргасыз кишилер автомобилдерин эң төмөнкү баага карматышууда. Башкалар бааны жогору кармап турушат. Мисалы, 2003-жылы чыккан Honda Fit 4,5 миң доллар турат, ошол баа үч жылдан бери бир калыпта. Биздин элде япон өндүрүшүндөгү унааларга болгон мамилеси өзгөчө, дал ошол себептен алар дайым бааланат", — деп айтып берди ал.

Унаа базардын директорунун баамында, 2014-жылдын деңгээлиндеги бажы пайыздары коюлгандан бери айрым автолордун наркы аздыр-көптүр арзандады.

"2006-жылкы Toyota Camry бажы алымдары өскөндө өтө кымбаттап кеткен. Төмөндөтүлгөндө баа түшүп кетти. 2017-жылы андай машина 10-11 миң долларга сатылса, азыркы тапта 6-7 миңге да тапса болот", — деп салыштырды ал.

Базарлар, соода жана тейлөө ишканалар биримдигинин президенти Сергей Пономарев баанын кескин төмөндөшү күтүлбөй турганын, бирок бир жыл аралыгында айдалган унаалардын баасы түшө баштарын болжолдойт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСоода жана тейлөө ишканалар биримдигинин президенти Сергей Пономарев
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай - Sputnik Кыргызстан
Соода жана тейлөө ишканалар биримдигинин президенти Сергей Пономарев

"Жаңы тарифтер менен ташып келинген машиналар мурдагы пайыздар менен базарга кирген унааларга бир топ атаандаш болушат. Жагабы же жакпайбы, андайда рыноктун оюнчулары автону арзан сатууга мажбур", — деп белгиледи ал.

Кыргызстандыктар үчүн гибриддик унаалар пайдалуубу?

Министрлер кабинети гибриддик автомобилдерге бажы алымдары жана салыктын өбөлгөлөөчү пайыздарын киргизген (бир куб сантиметрине 0,5-0,6 долларга чейин). Электромобилдер таптакыр эле нөл пайыз менен өткөрүлөт. Бирок РИОМ унаа базарынын башкы директору Бактыбек Түмөнбаев андай жагымдуу шарттардын жаралганына деле карабастан, кыргызстандыктар жаңы муундагы машиналарды сатып алууга ашыкпай турганын айтат.

"Бизде гибриддик автолор сатылат, өтө көп эмес, анан да алар кымбат. Машинанын баасы 16-25 миң долларга чейин чыгат. Бул экинчи колдо сатылган авто үчүн өтө эле жогору баа. Балким, ошол себептүү да аларга талап азырынча көп эместир", — деп түшүндүрдү ал.

"Автопарк" ишканасынын өкүлү Айбек Букашев андай машиналар кыргызстандыктар үчүн экзотика деп эсептелерин айтат. 

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГибриддик автоунаа
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай - Sputnik Кыргызстан
Гибриддик автоунаа

"Гибриддик унааларды жарым жыл ичинде беш ирет алып келишти, рыноктун ченеми боюнча бул өтө аз. Колунда бар кишилер бул типтеги машиналардын артыкчылыгы жана кемчилигин байкап көрүү үчүн сатып алышты. Наркы орточо 6-20 миң долларга чейин жетет. Айдалган чакырымы канчалык аз, чыккан жылы жаңыраак болсо, баасы да ошого жараша жогору", — дейт ишкана өкүлү.

"Аукцион Авто" компаниясынын кызматкери Василий Грэм келечекте гана тургай, гибриддик автомобилдер рынокту азыртан эле ээлей баштарына ынанат.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
"Гибриддик автомобилдерге буюртмалардын саны арбын. Базардан гибриддик Toyota менен Lexus унаасын көргүлөрү келет. Мунун себептери бар: биринчиден, бул машиналар өзгөчө бааланат, экинчиден, алар үчүн бажы алымдары аз, үчүнчүдөн, сарамжалдуу келет. Бажы төлөмдөрү менен кошо орточо алганда Toyota 10 миң доллар, ал эми Lexus 15 миңге чыгат", — деп далил келтирди ал.

Электр унаалары да, анын айтымында, сатып алуучулардын кызыгуусун жаратууда. Грэмдин маалыматы боюнча 2013-14-жылкы электрдик унаанын орточо баасы 10 миң долларды түзмөкчү.

"Машинаны кадимки токко сайып эле кубаттоого болот. Толук кубаттоо үчүн алты сааттай убакыт сарпталат. Автонун батареялары болжол менен 160 чакырым жолго жетет", — деди Грэм.

Кыргызстанда машина качан арзандайт?

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев жакынкы жылдары Кыргызстанда автомобилдердин арзандар-арзандабасын болжолдоо абдан татаал деп эсептейт.

"Япониядан келген арзан машинага көнө түшкөнбүз, келечекте да ошондой эле болорун күтөбүз. Бирок мурда айдалган, антсе да абалы дурус арзан машиналардын доору аяктады. Бүгүн автолордун наркы өскөнү өскөн, себеби рынокто аздыр-көптүр талап бар", — деди ал.

Серепчи белгилегендей, гибриддик жана электрдик автолорго түзүлгөн ийкемдүү шарттар да рынокко таасирин тийгизген жок.

ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт ОСАГО полисин төлөөнү дагы эки жылга жылдырууну колдойт
"Биздин эл андай машиналарга али даяр боло элек, балким бир нече жылдан соң жагдай алмашаар. 2020-жылдан кийинки баа кандай болорун божомолдоо кыйын. Жыл айланып экономисттер 2008-жылдагыдай жаңы кризисти болжоп чыгышат. Андай шартта будуң-чаң түшпөстөн, окуялар өтө жай нукта өнүгөт", — деди Шаршеев.

Автомобиль сатуучу Айбек Жумашев быйыл көктөмдө машиналар адаттагыдай эле арзандай турганына ишенет.

"Жазында унаасын сатыкка чыгаргандардын саны артат, кээси ошол убакка чет өлкөдөн машина ташып келишет. Дал ошондон улам авто арзаныраак болот, соңку жылдары рынок ушундай схемада иштөөдө", — деп түшүндүрдү ишкер.

Экономист Кубат Рахимов экинчи кол рыногундагы автомобиль баасы жаздын ортосу же аягында арзандарына ишенет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Кубат Рахимов
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай - Sputnik Кыргызстан
Экономист Кубат Рахимов

"Жакын арада Кыргызстанда машина көбөйөт. Кырдаал ЕАЭБге кирердин алдындагы абалды эске салышы ыктымал. Баа негизинен күн жылып, ашуулар ачылган маалда түшөт. Бирок жагдай эмгек мигранттары жөнөткөн каражаттын келишине жараша болот. Ошондо да жалпы абал арзандоого карай нук алат", — деп түшүндүрдү ал.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камералар ушул жети эреже бузууну каттайт. "Коопсуз шаардын" видеосу
Ошентсе да серепчи айдоочуларга темир тулпарын алмаштыруу үчүн жылдын бул убагын күткүлө дегенден алыс.

"Эгер автомобиль алууга белсенип турсаңыз, бүгүн издеп баштоо оң. Чет өлкөдөн алдырып же жергиликтүү базарлардан табабы, ар кимдин өз эрки. Мен, маселен, 2004-жылы чыккан эски унаамды сатып, акчасын жаңы авто алдырууга жумшадым. Жакында эле 2014-жылкы машина келди", — деп жеке тажрыйбасынан бөлүштү серепчи.

Рахимовдун пикирине таянсак, жазында машина сатуу бир аз көйгөйлүү, себеби экинчи кол рыногунда атаандаштык күч болот. Ошондой эле серепчи кайра сатуу ниетинде авто алуу же өзү үчүн унаа сатып алуунун айырмасын мындай түшүндүрдү: "Өзүңүзгө автомобиль алууда сиз сапат жана коопсуздугуна карайсыз. Алып сатуучу арзан алып, кымбат сатуу ниетин көздөйт, автомобиль аларда ушуну эстен чыгарбаңыз".

Кыргызстанда жаңы автолор рыногу кыйрайбы?

Экономисттердин пикири боюнча Кыргызстанга авто ташууга бажы төлөмдөрүнүн төмөндөтүлүшү жаңы автомобилдерди сатуу борборлорунун ишине терс таасир этти.

Кубат Рахимов 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Белоруссия 50 миң, ал эми Россиянын тургундары 2 миллион жаңы авто сатып алган. Кыргызстан бул жаатта союздаш өлкөлөрдөн алда канча артта. 

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАвтоунаа токтотуучу жай
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай - Sputnik Кыргызстан
Автоунаа токтотуучу жай

"Негизинен биз да ушул жол менен багыт алууга тийиш элек. Бирок биз мурда айдалган автолорго көнүп алганбыз, чындыгында кепилдиги бар, эч айдала элек, экологиялык жактан коопсуз унааларды айдашыбыз керек. Биз бөлөк жолду тандадык, ал кадамыбыз менен ынанымдуу автодиллерлердин Кыргызстанда иштөө үмүтүн өчүрдүк", — деди серепчи.

KIA Motors ишканасынын маркетологу Нурзат Октябрь алардын компаниясы өз ишмердигин Кыргызстанда 2018-жылдын апрелинен тарта баштаганын айтат.

"Авто сатууну баалоо азырынча кыйын, биз бул ишке киришкенибизге жыл айлана элек. Бажы төлөмдөрүнүн азайышы жаңы автомобиль рыногуна терс таасир этти. Мындай жеңилдиктер жеке адамдар үчүн гана жасалды, юридикалык тараптарга эч тиешеси болгон жок. Кыргызстандыктар эски унааларды сатып алат, бул жаңы автолорду саткан фирмалардын ишине терс таасирин тийгизет", — деди ал.

Бишкектеги BMW борборунун өкүлү Элита Каниметова жаңы автомобилдерди сатуу рыногундагы жагдайга баа берүү менен алардын ишканасы унаа сатуу көйгөйүнө кабылбаганын айтат. 

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтосалон
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай - Sputnik Кыргызстан
Автосалон

"Жаңы автомобилдер мурда да бааланган, аларга азыр да талап күч. Орточо эсеп менен жылына жүздөй унаа сатылат, бир нече жылдан бери бул көрсөткүч кармалып турат. Биздин борбордо автомобиль сатууга бажы төлөмдөрүнүн жаңы тартибинин таасири тийген жок", — деди ал.

Тыйын жана унаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акчамды кимге ишенем? ОСАГО полисин берген компанияларга кимдер ээлик кылат
Ravon ишканасындагылар автомобиль сатууга азырынча баа бере алышкан жок, себеби бишкектик бөлүмгө дээрлик бир жылдан бери автомобиль алып келине элек.

"Ушул тапта машина сатуу жагдайын баалоо татаал, себеби сатыкта жок. Азырынча баа саясаты боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тек гана машиналар 100 пайызга кымбаттай турганын айта алабыз. Бишкекте машина куроо заводун ачуу маселеси белгисиз мөөнөткө жылдырылды", — деп түшүндүрүштү компаниянын өкүлчүлүгүнөн.

Эске салсак, 2020-жылдын 1-январынан тарта бажы операцияларын жүргүзүүдө Бажы союзунун талаптарына ылайык түзүлгөн бажы алымдары жана салыктар күчүнө кирет. Алар 2010-жылдын 18-июнунда кол коюлган Бажы союзунун чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке адамдар тарабынан товар ташуу тартиби жөнүндөгү келишиминде каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0