Бишкекте батирлер арзандайбы? Кыймылсыз мүлк рыногундагы баалар

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан турак үйлөр. Архив
Курулуп жаткан турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркыга караганда Бишкекте өткөн күздө турак жай дээрлик 10 пайызга арзан болчу. Эгер батириңизди сатууну ойлонуп же жаңысын караштырып жатсаңыз, кандай кылуу зарыл? Ушул тапта кыймылсыз мүлккө каражат салуу ылайыкпы? Бул соболдорго жоопту Sputnik Кыргызстандын материалынан табасыз.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Сентябрда Бишкекте батирлер көп сатыла баштады. Бирок турак жайдын күзгү баасын быйылкы августтагыга салыштыра турган болсок, бир чарчы метринин орточо баасы дээрлик өзгөргөн эмес, 779 долларды түзгөн деп айтылат Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин отчетунда.

Sputnik Кыргызстан баш калаадагы турак жайдын ушул таптагы баасы тууралуу билип, борбор шаардагы батирлердин наркы тууралуу серепчилердин пикирин топтоду.

Кыймылсыз мүлк рыногундагы абал

Күйүүчү май ташыган цистерналар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан бензин импорттолсо баа төмөндөйбү? Нефтетрейдерлердин жообу
Былтыркыга караганда борбор калаада сатылган батирлердин саны кыйла өзгөрдү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча үй сатып алуу келишимдери 34 пайызга өскөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин талдоочусу Айдар Сукенбаев эмнеге мындай болуп жатканын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, кыймылсыз мүлк рыногунун калыптануусу уланууда, бул акырындап баанын жогорулашына алып келет.

"Бишкекте ай сайын 1100 батир сатылат. Баа кыймылында кескин өсүштөр жана төмөндөө байкалбайт. Сезондук мыйзам ченемдүүлүктөрдү да унутпоо керек, бирок азырынча күзгү дүрбөлөңгө түшө элекпиз. Жыл башынан бери турак жай ай сайын бир пайызга жогорулап турган", — деди ал.

Кыймылсыз мүлк рыногундагы туруктуу активдүүлүктү "Площадь" кыймылсыз мүлк агенттигинин сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Елена Юн да белгилейт. Анын айтымында, борбор шаардын тургундары арасында батир сатып алганы да, сатканы да жылдан жылга көбөйүп барат.

"2014-жылы, мигранттардын акча которуулары олуттуу түрдө кыскарган кезде, рынокто өсүш токтой түшкөн. Ошол кыйын кезеңдегиге салыштырмалуу азыр иш алдаканча дурус. Бул элдин кырдаалга ыңгайлашып, кризиске карабастан, акча таба баштаганынан кабар берет", — деп ой бөлүштү Юн.

Бишкекте батирлер сентябрда көп сатып алына баштады

© Sputnik / Михаил ДудинСентябрда Бишкекте батирлер көп сатыла баштады
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сентябрда Бишкекте батирлер көп сатыла баштады

"Хрущевка" vs "элиталык" үйлөр. Кайсы батирлердин баасы өстү

"Бир бөлмөлүү" батирлер сегментинде көбүнесе 308-үлгүдөгү батирлер кымбаттады, ар бир кишиге "хрущевка" деген аталышта белгилүү болгон батирлер өткөн жылы сентябрда 14 пайызга арзаныраак болчу!

Эмнеликтен дал ушул турак жайдын баасынын өсүшү сезилерлик болгонун "Биз – эксперт" аналитикалык борборунун түптөөчүсү Улук Кыдырбаев түшүндүрүп берди.

"Кыргызстанда жаштардын саны көп. Алар "бир бөлмөлүү" батирлерге талапты жаратат. "Хрущевкалар" транспорт жакшы жүргөн, бала бакча, оорукана, университет өңдүү бардык шарттар түзүлгөн райондордо курулганын эстен чыгарбоо керек", — деди ал.

Бирок 308-үлгүдөгү бир бөлмөлүү батирлер элдин тандоосуна татып жатышынын жалгыз себеби бул эмес деп эсептейт Айдар Сукенбаев.

"Чарчы көлөмү боюнча мындай турак жай ошол эле 104-үлгүдөгүдөн көп деле айырмаланбайт, бирок кышында алар абдан жылуу келип, күзүндө, күн сууктай баштаганда аларга болгон талап күчөйт, мындан улам баа дагы өсөт", — деп белгилейт МККнын талдоочусу.

Бишкектиктер "элиталык" деп аталган жеке типтеги батирлерге кызыга баштаганын айтат Елена Юн.

"Рынокто өзүн жакшы көрсөтө алган курулуш ишканалары пайда болду. Алар баштаган ишин аягына чыгарууда, жыйынтыгы да убадага төп. Тосулган короолор, меймандарга ылайыкталган унаа токтотмо жайы, балдар аянтчалары, батирдин пландалышы — мунун баары "элиталык" турак жайга тыйын чогултууга шыктандырат", — деди ал.

Юн советтик типтеги турак жайга талап дагы да сакталып келе жатканын кошумчалайт, андай талапты "хрущевкалар", көпчүлүк көнүп калган 104 жана 105-үлгүдөгү үйлөргө салыштырмалуу жаңы курулган үйлөр кооптуу деген ойлогон адамдар түзөт.

Курулуш иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: жаңы батирлердин баасы, алуу шарты, төлөө мөөнөтү. Тизме
Статистикада турак жайга, анын ичинде жаңы үйлөрдөгү батирлерге болгон орточо баалар көрсөтүлгөндүгүн белгилей кетели. Себеби, жеке типтеги турак жайдын аянты ар кандай болушу мүмкүн, демек, баадагы башаламандык жогору.

Бул темага да Sputnik Кыргызстан жакын арада кайрылмакчы.

Бишкектиктер арасында элиталык бир бөлмөлүү батирлерге талап дайым күч болуп келсе да, Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин маалыматы боюнча ушул типтеги эки жана үч бөлмөлүүлөрдүн баасы олуттуу кымбаттап кеткен. Сукенбаев муну эсептөөдөгү татаалдыктар менен түшүндүрөт.

"Былтыр мындай батирлер өз алдынча жасалгалап бүтүрүп алуу шарты менен көп сатылган, ал эми быйыл пайдаланууга берилген турак жайды көп сатып ала башташты. Бул баа жогорулагандай элес калтырды", — деди ал.

© Sputnik / Табылды КадырбековБылтыркыга караганда борбор калаада сатылган батирлердин саны кыйла өзгөрдү
Высотный строительный объект в столице - Sputnik Кыргызстан
Былтыркыга караганда борбор калаада сатылган батирлердин саны кыйла өзгөрдү

Күзүндө батир баасы көтөрүлүп кетери чынбы?

"Биз – эксперт" аналитикалык борборунун түптөөчүсү Улук Кыдырбаев жылдын белгилүү бир убагы чындап эле бишкектиктердин сатып алуу активдүүлүгүнө таасир этерине айтат.

"Айыл чарба азыктарын сатуудан түшкөн киреше жыл аягында саналат, бул кыймылсыз мүлк рыногуна гана тургай, турмуш тиричилигибиздин башка тармактарына да чагылат", — деп белгилейт серепчи.

Рыноктун сезондон көз карандылыгын кыймылсыз мүлк агенттигинин бөлүм башчысы Елена Юн да тастыктайт.

"Күзүндө кай бири түшүм алат, дагы бири Ысык-Көлдө иштеп келет, башка бири үлпөт той өткөрөт. Ошондон улам батирге болгон талап өстү, бирок сезилерлик эмес. Батир ээлери дарамети бар сатып алуучулар бир аз байый түштү деген ойдо көбүнесе сентябрь-октябрда бааны жогорулатышат, бирок үмүт анча акталбайт", — деп түшүндүрдү ал.

Күзүндө чындап эле батир баасы өсөт, бирок мунун түшүмдүн жыйналышына кыйыр гана байланышы бар деген пикирде "Авангард Недвижимость" кыймылсыз мүлк агенттигинин директору Елена Гононова.

Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күздөн тарта Мамлекеттик ипотека компаниясы пайыздык коюмду арзандатат
"17 жыл ичинде мал сатып же айыл чарба өндүрүмдөн түшкөн киреше менен батир сатып алгандардын саны манжа санагына араң чыгат. Бирок ушундай көндүм пикир орун алгандыктан, турак жай сатуучулары күзүндө жакшы баада сатып калуу ниетинде бааны көтөрүшөт. Иш жүзүндө элдин колунда акча көбөйүп кеткен жок да! Күз ортолоп калганда рыноктогу абал бир аз жайлай түшөт да, баа алгылыктуу болуп калат", — деп чечмелейт ал.

Гононованын көз карашында, баанын өйдө-ылдый болушуна карабастан, күзүндө батирлердин сатылышы токтоп калбайт, баары бир элге кыймылсыз мүлк сатып алууга туура келет.

Турак жай наркынын жогорулашына сатып алуучулардын сезондук тандамы да таасир этет деген ойдо кыймылсыз мүлк агенттигинин сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Елена Юн.

"Сатып алуучулардын басымдуу бөлүгү күзүндө ремонттолгон батир сатып алууну туура көрөт. Бул түшүнүктүү эмеспи, ким эле сууктун күнүндө дубал кагаздарын чаптагысы келсин? Бардык шарттары бар даяр батирлерге жайында талап болбосо, дал азыр аларга кызыккандар арбын. Өз алдынча жасалгалап ала турган турак жайлардын маалы бүтүп баратат", — деп белгиледи ал.

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча үй сатып алуу келишимдери 34 пайызга өскөн.
Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча үй сатып алуу келишимдери 34 пайызга өскөн.

Эмнеге быйыл батирлер кымбаттоодо?

Бишкектиктер жаңы батирлерге кайдан акча табарын Улук Кыдырбаев түшүндүрүп берди.

"Экономика — парадоксалдуу нерсе. ИДП жана башка көрсөткүчтөр боюнча алсак, статистикага олуттуу таасир эткидей бишкектиктер мынча сандагы батир сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар дешке болбойт. Бирок көмүскө экономиканы да унуткарбоо абзел, анын көлөмү жөнүндө бизде дээрлик маалымат жок", — деди ал.

Бишкектин тургундарынын турак жай сатып алууга даяр каражаты көп себептерден көз каранды деп кошумчалайт МКК талдоочусу Айдар Сукенбаев.

"Батир баасына калктын кирешеси, инфляция, доллардын курсу, эмгек мигранттарынын которуулары өңдүү факторлор таасир этет. Баанын азыркы туруктуулугу өлкөдөгү тынч кырдаалга байланыштуу экендигин кошумчалоо керек", — деди ал.

Кыймылсыз мүлк рыногуна таасир эте турган башка бир себепти Елена Гононова бөлүп көрсөтөт. Анын пикиринде, арзан ипотека батир баасынын өсүшүнө алып келүүдө.

"Насыялар! Бул турак жай наркы көз каранды болгон биринчи себеп. Ипотекалык үстөк азаюуда, батирге талап жогорулап, анын артынан баа да көтөрүлүп жатат. Эл байып кеткен жери жок, алар болгону кичинекей аянтты чоң өлчөмдөгү акчага сатып алууда", — дейт Гононова.

Турак жайды кайсы убакта сатып жана сатып алган оң?

Эгер жакын арада батир сатып алууга тийиш болсоңуз, анда дагы кеч эмес деп эсептейт Айдар Сукенбаев.

"Батир баасы келерки жылдын ортосуна дейре өсөт, андыктан, турак жайды азыр сатып алганыңыз дурус. Ал эми сатууну каалагандар азырынча ижарага берип, батир сатууну бир аз кечеңдете турганы оң", — деп ой бөлүшөт ал.

Сукенбаев 2019-жылы эң жогорку чекке жеткен соң, батир баасы кайрадан төмөндөй баштай турганын кошумчалады.

Батирди сентябрда сатуу оң, ал эми декабрь-январь айларында сатып алганыңыз туура деген кеңешин айтат кыймылсыз мүлк агенттигинин директору Елена Гононова.

Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалим менен врачтар өкмөттөн үй ала элек. Мамлекет курган тамдар кимге тийген
"Батирди сатуу баары бир күзүндө пайдалуу. Ал эми сатып алууга кышында камынганыңыз пайдалуураак, себеби, ал убакта адамдар сатык иштери боюнча чуркагысы келбейт, андыктан, сизге арзандатып бериши ыктымал", — деп түшүндүрдү ал.

Бишкектиктер каражаты болуп турганда батир сатып ала берет деген ойдо Елена Юн.

"Кыргызстандыктар үчүн кыймылсыз мүлк эң пайдалуу инвестиция бойдон калууда, анткени, алтын куймаларына, баалуу кагаздарга жана акцияларга биз каражат сала албайбыз. Ижарага берип, түз кошумча киреше алууга боло турган батирлерге кызыгуунун туруктуулугу да ушундан", — деди ал.

Юн эгер өлкөбүз кескин өзгөрүүлөргө учурабаса, турак жайга болгон талап сакталат деген пикирде.

Эгер акчаңызды кыймылдуу мүлккө салууну ойлонуп турсаңыз, Кыргызстандын авторыногундагы кырдаал туурасындагы макалабызга сөзсүз көз чаптырыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0