Ун менен шекер кымбаттады. Азык-түлүк, жашылча-жемиштин учурдагы баасы

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Ошского рынка в Бишкеке
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Бишкектин базарларында кайсы жашылча-жемиштин баасы арзан болууда? Ун менен кумшекердин наркы эмне себептен дароо көтөрүлүп кетти? Sputnik Кыргызстан агенттигинин төмөнкү материалынан окуңуздар.

Азыр дыйкандардын баары талаада, жыйым-терим убагы кызып турган кез. Базарларда болсо жашылча-жемиштин түрүн тапсаң болот.

Той-аштын мезгили башталып, үй кожойкелери кышка камынып турган убакта Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги базарлардын бирин кыдырып, жашылча-жемиштин баасын байкап келди. Ошондой эле кардарлар көп алган ун, чай, шекердин да наркын билип көрдүк.

© Sputnik / Табылды КадырбековАптанын алгачкы күндөрүнө карабай "Ош" базарында киши баягыдай эле быкылдайт
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аптанын алгачкы күндөрүнө карабай "Ош" базарында киши баягыдай эле быкылдайт

Аптанын алгачкы күндөрүнө карабай базарда киши баягыдай эле быкылдайт. Жашылча-жемиш саткан жерлерде чоң-чоң баштык көтөргөн аялдар. Бири кышка камылга көрүп бадыраң, помидор алып жатса, айрымдары тойго даярданып жүрүптүр.

Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көмүр кымбатташы мүмкүнбү? Кара алтындын баасы жана аны саткан жайлар
"Ош" базарында 20 жылдан бери соода кылган Шайыр Бакенбаева быйыл жашылчанын баасы былтыркы жылга салыштырмалуу арзан дейт. Анын айтымында, бул жылы алма менен сарымсактын түшүмү жылдагыдан мол болуптур.

"Азыр бизге Ош, Талас, Жалал-Абад жана Түркмөнстандын жер-жемиштери келип жатат. Түшүм жакшы болгондуктан баалар дагы арзан. Алсак, былтыр Таластын кара өрүгүнүн бир килограммын 50-60 сомдон сатсак, быйыл 15-25 сомго чейин эле бааланууда. Алма былтыр Чүйдө байлаган эмес. Быйыл бардык жерде алма жакшы болуп, бир килограммы 20-25 сомдон сатылып жатат. Таластын алмасы жол киреге байланыштуу 10 сомго кымбатыраак. Быйыл малина дагы аябай көп. Өткөн жылы анын бир килограммын 140-150 сомдон сатсак, быйыл 90-100 сомго эле алса болот. Малинанын сезону бүтө элек",— деди сатуучу.

© Sputnik / Табылды КадырбековСоодагерлердин айтымында, быйыл малина менен алма алда канча арзан
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Соодагерлердин айтымында, быйыл малина менен алма алда канча арзан

Соодагерлердин маалыматында бул жылы болгар калемпири менен помидордун баасы бир аз жогору.

"Былтыр бадыраң кымбат болуп, бул маалда бир килограммы 60 сомго жетип кетти эле, быйыл помидордун баасы көтөрүлдү. Бадыраңды азыр 30-35 сомдон, помидорду да 30 сомдон берип жатабыз. Эл көп алган картошканын чоңун 15 сомдон, орточосун 10 сомдон баалап жатабыз" — деди базарда соода кылган Асылбек Таштанов.

Жашылчалардын учурдагы баасы (1 кг)

Бадыраң — 30-35 сом
Помидор — 30 сом
Болгар калемпири — 15-35 сом
Капуста — 10-20 сом
Сарымсак — 40-60 сом
Сабиз — 18-25 сом
Пияз — 10-15 сом
Мөмө-жемиштердин учурдагы баасы (1 кг)
Малина — 95-100 сом
Карагат — 280 сом
Алма — 20-50 сом
Алмурут — 45-65 сом
Жүзүм — 50-80 сом
Шабдалы — 40-80 сом
Коон —17-20 сом
Дарбыз — 7 сом

Баса, эгер малинанын даяр кыямын алууну кааласаңыз 5 литри учурда 600 сомдон сатылып жатыптыр.

© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми азык-түлүктөн ун менен кумшекердин баасы дароо көтөрүлүп кеткен
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ал эми азык-түлүктөн ун менен кумшекердин баасы дароо көтөрүлүп кеткен

Азык-түлүктүн баасы

Ун 50 кг (бир кап)
"Алия" — 950 сом
"Нооруз" — 1150 сом
Кумшекер —  45 сом (1 кг)
Суу май (5 литр) — 350 сом
Күрүч 1 кг
"Элита" —  75 сом
"Ташкент лазери" — 100 сом
"Баткен" — 100-110 сом

Азык-түлүк саткан Алчынбек Пазыловдун айтымында, ундун баасы бир айдын ичинде дароо көтөрүлүп кеткен.

© Sputnik / Табылды КадырбековСатуучу Алчынбек Пазылов бир ай мурун Казакстандан келген ундун бир кабы (50 килограмм) 950 сом турса, азыр ага 150-200 сом кошулганын айтты
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сатуучу Алчынбек Пазылов бир ай мурун Казакстандан келген ундун бир кабы (50 килограмм) 950 сом турса, азыр ага 150-200 сом кошулганын айтты

"Бир ай мурун Казакстандан келген ундун бир кабын (50 килограмм) 950 сомго сатсак, азыр ага 150-200 сом кошулду. Былтыр бул маалда буудай чабылып түшүм жаңыланды деп арзандачу эле, быйыл тескерисинче көтөрүлүүдө. "Акун", "Элнур" ишканаларынын ундарынын баасы ошол эле бойдон, 900 сом. Мындан сырткары, кумшекердин баасы көтөрүлүп кеткенине 2-3 күн болду. Буга чейин бир килограммын 35-36 сомдон сатып жатсак, азыр 45 сомдон кем берилген жок", — деди Пазылов.

Ун менен кумшекердин наркынын жогорулап кеткен себебин соодагерлер мезгилдик жагдайга байланыштырды.

Монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттиги базардагы азык-түлүк, жашылча-жемиштин баасын көзөмөлдөп, текшербей турганын айтты. Аталган агенттиктин атаандаштык чөйрөсүн талдоо жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн начальниги Лариса Шустякова себебин түшүндүрүп берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаса, учурда базардагы азык-түлүктүн, жашылча-жемиштин баасын бир да маморган көзөмөлдөп текшербейт
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Баса, учурда базардагы азык-түлүктүн, жашылча-жемиштин баасын бир да маморган көзөмөлдөп текшербейт

"Биздин агенттик ун, көмүр же күйүүчү май сыяктуу социалдык жактан маанилүү нерселердин баасы бир айдын ичинде 20 пайызга көтөрүлүп кетсе гана наркты жөнгө салат. Ошондо дагы өкмөттүн уруксаты менен. Ал эми азык-түлүк, жашылча-жемиштин баасын ишкер, соодагерлер өздөрү коюшат, биз аларга тийишпейбиз. Негизи азык-түлүк, мөмө-жемиштин наркы мезгилге жараша өзгөрүлүп турат. Мисалы, күз мезгилинде бышыкчылык болуп жер-жемиш арзандайт. Ун, кумшекер да мезгилге жараша баасы өзгөрүп турчу азык-түлүккө кирет. Рынокту албетте байкап турабыз, бирок өкмөттүн атайын токтому жок текшерип, көзөмөлдөй албайбыз", — деди Шустякова.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлардын наркын ишкер, соодагерлер өздөрү коюшат экен
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Алардын наркын ишкер, соодагерлер өздөрү коюшат экен

Эске салсак, буга чейин өлкөдөгү чөп жана малдын баасы канчадан болуп жатканын маалымдаганбыз. Анда Чүй, Ысык-Көл жана Нарында чөп былтыркы жылга салыштырмалуу кымбатыраак болуп жатканын жергиликтүү тургундар айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0