Мамкызматкерлердин санын 70%га кыскартууга болот. Эксперттер ой калчайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
200 миллион сом. Мамлекеттик аппаратты 10 пайызга кыскартуу менен өкмөт дал ушул сумманы үнөмдөө ниетин көздөөдө. Өлкөбүздө аткаминерлер үч эсе азайса, эмне болот? "Эгерде..." рубрикасына назар бурабыз.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мамлекеттик кызматкерлерlин ыксыз көбөйтүлгөн штат маселеси депутаттарга да, катардагы жарандарга да, аткаминерлерге да тынч уйку бербей турган чагы. Өкмөттүн улам-улам жаңырган демилгеси мамлекеттик аппаратты кыскарткандан кыскарта берүүгө болорун айгинелейт.

Аткаминерлердин саны үч эсе кыскарса, өлкөдө эмне өзгөрөт деген соболдун тегерегинде серепчилер ой толгоп көрүштү. Мындай чаралар чындап эле өлкөгө пайда алып келеби?

Өкмөттүн убадасы кандай?

Быйыл май айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлердин санын 10 пайызга кыскартуу тууралуу токтомго кол койгон. Башкача айтканда, аткаминерлердин штаты 1500дөн ашык кишиге азаят. Токтомдун таасири көбүнесе КР Айыл чарба министрлигине тиет. Аталган мекемеде 500дөн ашуун кызматкерди кыскартуу болжолдонууда.

Сарамжалдоо ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинде да абдан сезилерлик жүрчүдөй, себеби, бул органдардын штаты 198 жана 140 орунга кыскармакчы. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясында кызматкерлердин саны 121ге, ал эми Мамлекеттик бажы кызматында 89 штаттык бирдик азайтылат.

Отчет о работе правительства КР за 2017 год в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: милдетиңерди аткара албасаңар мамлекеттик кызматта орун жок
Бирок айрым мекемелердин абалы андан да жаман, министрлер кабинети Борбордук күрөө каттоо конторасын, калкты ишке орноштуруу көчмө кызматын, Жаштар эмгек биржасын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймагы боюнча борборун жоюуга ниеткер.

Өкмөттүн божомолу боюнча мындай кадамдын аркасында бюджетте 200 миллион сомдон ашуун каражат үнөмдөлмөкчү. Ушул эле максатта Мамлекеттик каттоо кызматы жеке каржылоого өткөрүлөт, МККнын департаменттерин "багуудан" 400 миллион сом үнөмдөө күтүлүүдө.

Аткарган иштери жок... Чиновниктер жөнүндөгү кеп чындыкпы же ызалантчу уламышпы?

2018-жылдын башындагы көрсөткүчкө ылайык, мэрия жана айыл өкмөттөрүн кошпогондо Кыргызстанда 17 миң чиновник бар. Андан тышкары, мамлекеттик структураларда дагы миң жумушчу орун бош экендиги Мамлекеттик кадр кызматынын отчетунда айтылат.

Бирок мамлекеттик кызматкерлердин саны өсүүдө: былтыркыга салыштырмалуу алар дагы 300 кишиге көбөйгөн.

Саясат таануучу Марс Сариев мамкызматкерлердин милдеттери кайталанма, бул бүтүндөй тутумдун ишинин натыйжасыздыгынын бир себеби экендигин белгилейт.

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Марс Сариев
Политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Марс Сариев

"Эгер бюрократияны жайына койсок, ал көбөйгөндөн көбөйө берет. Ага мисал Тышкы иштер министрлигинде, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү, ошондой эле өкмөттүн тышкы байланыштар бөлүмүнөн да табылат. ТИМдин үлүшүнө иштин негизги бөлүгү түшөт, ал эми ушундай эле функцияны аткарган эки бөлүм алардын эмгегинин үзүрүн көрөт", — деп түшүндүрдү ал.

Сариевдин айтымында, көйгөй адам ресурсунда катылуу: мамлекеттик органдарда кызматкерлер ортосундагы мамиле "улук – кичүү" тартибинде жүрөт, ал эми иштин натыйжалуулуугу үчүн өнөктөш байланышты жаратуу абзел.

Кеп аткаминерлердин санында эмес, алардын иши канчалык жөндүү уюштурулгандыгында деп эсептейт саясат таануучу Шерадил Бактыгулов.

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Шерадил Бактыгулов
Независимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов

"Бизде 15-17 миң мамлекеттик кызматкер бар, бул көптүк деле кылбайт. Ар бир аткаминерге күнүгө 20 киши кайрылат, ар бирине 15 мүнөттөн убакыт бөлүүгө туура келет. Ошондой эле жыйын жана чогулуштарды да эч ким жоюп кое элек эмеспи", — деп белгиледи ал.

Тек гана кыскартып коюу жетишсиз. Серепчилердин сунушу

Мамлекеттик кызматкерлердин штатын 70 пайызга кыскартууга болот, бирок андан оболу зарыл базаны түптөп алганыбыз оң. Мындай пикирди Чет элдик инвесторлор биримдигинин директору Искендер Шаршеев айтты.

© Фото / Айжамал КондучаловаЧет элдик инвесторлор биримдигинин директору Искендер Шаршеев
Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик инвесторлор биримдигинин директору Искендер Шаршеев

"Чиновниктердин санын кыскартуудан мурун структуралык реформа жүргүзүү керек. Бул эмнени туюнтат? Биринчиден, кагаз иштеринин баарын электрондук форматка алмаштыруу зарыл. Экинчиден, ордунда калган кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлүшү шарт. Үчүнчүдөн, айрым функциялардын жеке тармактарга тапшырылганы дурус", — деди ал.

Шаршеевдин баамында, мамлекет жеке ишканалар деле чечип кое турган көйгөйлөр менен алек.

Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жер иштеткен, лекция окуган, качкан экс-премьерлер. Өкмөттү башкаргандар кайда?
"Азыркы тутум өлкөнүн өнүгүшүн ооздуктап, бюджеттин чоң бөлүгү мамлекеттик кызматкерлердин маянасы үчүн жумшалып, мамлекеттик карыздын көлөмүн көбөйтүүдө. Мында саясий эрктин болушу шарт, бирок бул ишти эч ким колго алгысы жок", — деп белгиледи Шаршеев.

Саясат таануучу Марс Сариев чиновниктерди жөн эле кыскартып салуу жетишерлик эмес, күчтүү байланыштары бар кызматкерлер өз орундарында калып каларын боолголойт.

"Азыр мамлекеттик кызматтарда бейформал мамиленин үстөмдүгү чоң — тууганчылык, дос, уруучулук өкүм сүрөт. Бул аябагандай чоң бюрократиялык мафия, мында маселени түп-тамырынан бери өзгөртө турган бөлөкчө бир жол табууга туура келет. Бир жерден кыскартса, башка жерде көбөйөт, адамдар бир мекемеден экинчисине көчө баштайт", — деген пикирде ал.

Сариевдин ою боюнча мамлекеттик аппаратты натыйжалуу механизмге айлантуу зарыл, бул колдон келбей тургандай милдет.

"Адистерди тандоону жолго коюу керек, ал жердешчиликти жоймок. Бирок муну жүзөгө ашыруу оңой эмес, бүтүндөй кландар көчөдө калууга баш ийбей калсын, алар да токочтон үзүп калууга ашыкпай койбойт эмеспи", — деди саясат таануучу.

Сариевдин айтымында, европалык тажрыйбага өтүү кыйынга турат, себеби, жемкорлук кыргызстандыктарды төрөт үйүнөн тарта курчайт.

Анын кесиптеши Шерадил Бактыгулов башка пикирде. Ал мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга болот деп эсептейт.

КРдин президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
"Өзгөртүүнү иш убактысын тартипке салуудан баштоо керек. Ар кыл отчеттордун көлөмүн азайтуу зарыл. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптештери менен болгон мамилени иретке келтирип алганыбыз оң", — деген оюн ортого салды Бактыгулов.

Саясат таануучу ошондой эле азыркы убакта 10-15 жыл абалкыга караганда мамлекеттик кызматкерлердин штаты алда канча аз экендигин эске салат.

"Эгерде..." рубрикасынын алгачкы чыгарылышында кабарчыбыз Чоң Чүй каналынын боюна тосмо куруу канчалык натыйжалуу экендиги боюнча ой жүгүрткөн. Көрсө, көнүмүш көрүнүшкө айлангандай, бюджетте ага каражат жетишпейт экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0