20:26 05 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Экс президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Атамбаев кайра саясатка келеби? Эксперттердин пикири

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
120230

Ушул жазда өлкөдө маанилүү бир саясий окуя орун алышы күтүлүүдө. Соңку жылдары бийлик тизгинин колдон чыгарбай келе жаткан партия төрагасын шайлайт, болду-болбоду бул шыбага мурдагы президент Атамбаевге тиет деген сөздөр айтылууда.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы бул окуянын саясый каймактар гана эмес, карапайым кыргызстандыктардын турмушуна кандай чагыларына кызыгып эксперттердин оюн угуп көрдү. 

31-мартта Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) съезди өтөт, күн тартибиндеги башкы маселе – партия төрагасын шайлоо. Ага жападан жалгыз талапкер өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев экендигин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов билдирген эле

Баса, Атамбаев 2011-жылдын аягына чейин КСДПны жетектеп, президенттик кызматка киришкенден кийин партия башчылыгынан кетип, мүчөлүгүн да убактылуу токтоткон. Ошондон тарта партия төрагасынын орду бош болчу.

2010-жылдын апрелине дейре оппозициялык партиялардын бири болгон бул саясый уюм андан бери Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясынын курамынан чыкпай келет. Бул убакыт аралыгында төрт спикердин экөө КСДП депутаттарынан, ошондой эле дээрлик бардык өкмөт башчыларынын талапкерлери да социал-демократтар тарабынан көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештердин көпчүлүгүндө да партиянын өкүлдөрү бар. Соңку парламенттик шайлоодо да КСДПга 120 мандаттын 38и тийген.

Атамбаев КСДПны жетектей турган болсо, Кыргызстанды кандай өзгөрүүлөр күтөрү, парламенттин таратылыш ыктымалдыгы, ошондой эле социалдык медиада жазылып жаткандай мамлекеттин азыркы башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президенттин ортосунда пикир келишпестик бар-жогу тууралуу серепчилерге суроо салдык.

Төрагалык кызмат — Атамбаевдин ордун бекемдейт

Саясат таануучу Марат Казакпаев белгилегендей, Атамбаевдин азыр таасири чоң, бирок, ал бара-бара күчүн жоготушу мүмкүн, дал ошол себептен, съезд өткөрүлгөнү турат. Анын айтымында, төрагалыкка шайланышы — бул экс-президенттин саясатка кайтуу ишаратындай.

"Партияны жетектөө менен ал бардык саясый чечимдерге таасир эте алышы мүмкүн, анткени, КСДП ушул тапта саясый иерархиянын дал чокусунда", — деп болжойт Казакпаев.

Ал ошондой эле Атамбаев премьерлик кызматты мээлебейт деген ойдо.

Кыргызстандын келечегин съезд чечет

Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин мүчөсү Эдил Осмонбетов аталган партиянын съезди өтөрү эбак эле пландалган, ал өлкөнүн саясый каймактарынын гана эмес, карапайым жарандардын да турмушуна таасир этпей койбостугун белгилейт. Анын пикири боюнча, тек гана Атамбаев тууралуу айтуу туура эмес, жалпы КСДП жөнүндө кеп кылуу дурус.

"КСДП азыркы тапта негизги саясый багыттоочу болуп саналат, башкаруучу жана эң күчтүү партия катары ал 2020-жылга чейинки келечекти аныктайт. Съездди өткөрүү мөөнөтү эмнеге улам жылдырылып келди? Абдан салмактуу программалык документ даярдалууда. Ага ылайык нугубуздан тарта парламентти таратууга чейинки чечимдер жарыяланат деп болжоп турам. Документте, менимче, саясый мейкиндикти аралап жүргөн бардык суроолорго жооп табылат", — деген оюн билдирет Осмонбетов.

Серепчинин божомолунда, Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы саясий сезон ачылып, партия ички жана тышкы саясатта эмнелерге басым жасары, Кыргызстанды эмне күтөрү анык болот.

КСДП биригүүгө аргасыз — мезгил алар үчүн анчейин эмес

Профессор, саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин айтымында, КСДПнын өз түптөөчүсүнүн айланасында биригүүдөн башка аргасы жок.

"Партиянын лидери жана негиздөөчүсү президент болуп турганы башка жагдай. Ал эми жаңы жетекчи ошол катардан чыгып жатса да кырдаалды бир аз өзгөртөт. Азыр Атамбаевдин башкаруу жылдарына карата сын-пикир күч алып турган чагы, ЖЭБдеги кырсык боюнча да кеп толтура. Бул багытта КСДП оор мезгилге кептелиши мүмкүн. Ушул таптагы президент өзүн берилген КСДПчы катары санабайт, негизи эле Жээнбеков партияда эч качан олуттуу роль ойногон эмес", — дейт Акматалиев.

Ал белгилегендей, КСДП келерки парламенттик шайлоого камынып, азыркы багытын улантат. 

"Бардык жетишкендиктерге дагы көп басым жасалып, туруктуулукту каалабайсыңарбы деген нерсе бөтөнчө белгиленет. Дагы бир көзгө басар багыты Атамбаевдин президенттик жылдары кландык, үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштө бурулуш жасаган деп жактап чыгышат. Дал ушул кишинин башкаруу мезгилинде электр энергиясына болгон көз карандысыздыкка ээ болуп, туруктуулукка жетишкендигибизди коомчулуктун эсине салат. Партиянын эмки далалаты жаңы орундарга ээлик кылуу үчүн күрөш, жаңы президент жана өкмөт менен өз ара мамиле куруу болот", — дейт профессор.

Ошондой эле бул серепчи съезддин маанисин этибарга албай коюуга да, ашкере көкөлөтүүгө да болбойт деп санайт. Себеби, социал-демократтар парламентте үчтөн бир орунга да ээ эмес.

Атамбаев менен Жээнбековдун өз ара мамилеси

Осмонбетовдун пикиринде азыркы өлкө башчысы менен мурдагы президенттин ортосунда араздашуу чыгышына азырынча негиз жок. 

Ал эми Акматалиев башка пикирди карманат, айтымында, Жээнбеков менен Атамбаев башкара турган СДПКнын ортосуна кандайдыр бир чагым коюлду.

"Азыр жаңы президенттин тегерегинде элди жана каймактардын белгилүү бир бөлүгүн бириктирүү аракети жүрүүдө. Муну экс-президент төрагалык кылчу КСДП кандай кабылдайт? Кеп мына ушунда. Эгер кандайдыр кызгануу тутанбаса, азыркы президент мурдагы жол башчынын багытын улап жатканына ынанышса, анда эч кандай чыр-чатак чыкпайт", — деп эсептейт Акматалиев. 

Казакпаев болсо, бийликтин эки борбору түзүлүшү мүмкүн, бирок, бир партияга мүчөлүгү алардын тил табыша да аларына жол берет деген ойдо. Бирок, серепчи экөөнүн командалары атаандашып калышы да ыктымал деп белгилейт.

Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатабы?

Осмонбетов парламенттин тагдырына токтолуп, Атамбаев мурдатан ЖКнын өзүн өзү таркатуусуна каршы чыгып, мыйзам чыгаруучу орган 2020-жылга чейин иштеши керектигин айтып келгенин эске салды. Бирок, дайым “саясый жөндүүлүк” маселеси жаралат эмеспи. Башка бир жагдай — Жогорку Кеңештин, анын ичинде КСДПдан да шайланып келген депутаттардын "өзүн өзү коргоо сезими" жок эмес.

"Өзүн өзү таратышынын зарылдыгы канчалык? Парламенттин бул курамы негизи эле тил алчаак. Андай кадамга башка фракциялар эле эмес, КСДП депутаттары да каршы чыгат. Кайра шайланып келип, мандат аларына кайдагы кепилдик? Атамбаев өзү деле мурдатан ар бир чакырылыш өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керектигин айтып жүргөн", — дейт Казакпаев.

Акматалиев өткөндө эле СДПК өзүн өзү таркатпай тургандыгын жар салганын эскертип, башка фракциялар деле буга кызыкдар эместигин айтат.

"Мунун кимге пайдасы бар? Парламентке илинбей калган кайсы бир партиягабы? Жаңы шайлоо өтсө, бир дагы партия, анын ичинде КСДП да көп орун алууга үмүт арта албайт, алтургай, алардын сүрүлүп калышы да ыктымал", — деп кошумчалайт профессор.

Тема боюнча

КСДПнын съезди өтчү күн айтылды. Алмазбек Атамбаев — төрагалыкка жалгыз талапкер
Асылбек Жээнбеков мандаттан ажыратуу тууралуу кептерге жооп берди
Белгилер:
чагымчыл, бийлик, саясат, президент, Жогорку Кеңеш, Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ