Бишкек ТЭЦи кымбатка турдубу? КМШ өлкөлөрүндөгү башка ТЭЦтерге канча акча кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив
Бишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып өкмөт башчы Сапар Исаков 386 миллион доллар кайда кеткенин биргеликте иликтеп чыгууну сунуштады

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кытайдан насыяга алган 386 миллион долларга үч жыл бою реконструкцияланган Бишкек ТЭЦи быйылкы кышта алгачкы сыноодон татыктуу өтө алган жок. 26-январдан бери ТЭЦтеги жылытуучу мештер эки ирет иштен чыгып, калаа тургундарынын батирлериндеги жылуулук кескин төмөндөп кеткен.

ТЭЦ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков ТЭЦте эмне себептен авария болгонун айтып берди
ТЭЦти жаңылаган кытайлык TBEA ишканасы КРдеги Кытай элчилигинин алдындагы соода-экономикалык кеңешчисинин канцеляриясы тарабынан сунушталган. 2015-жылга карата ТЭЦти жаңылоо долбоорун Эсеп палатасы текшерип, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) толук иштелип чыкпаганы белгиленген.

Ал эми коомчулукта ири өлчөмдөгү акча жумшалган жылуулук электр борбору эмнеге суукка туруштук бере албады деген суроо туулду.

386 миллион доллар кайда кеткенин биргеликте иликтеп чыгууну Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, өкмөт башчы Сапар Исаков дагы айтты. 

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги акыркы жылдары КМШ өлөкөлөрүнүн кайсынысында кандай ТЭЦтер канча каражатка курулганына кызыгып көрдү.

Россиядагы Новогорьковская ТЭЦи

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: мен деле араң турам, баарын "жестко" кылып салгым келип жатат
Нижегородская облусундагы Кстово шаарында жайгашкан Новогорьковская ТЭЦи 2012-жылдын декабрь айында реконструкциялана баштап, 2014-жылы ишке берилген. Оңдоо маалында жылуулук борборуна ар биринин кубаттуулугу 165 МВттан болгон эки газ турбинасы жана иштелип чыккан заттарды жок кылуучу эки казан коюлган. Жыйынтыгында ТЭЦтин электр кубаты 575 МВтка жеткен. Ишкана мунун бардыгына 12 миллиард рубль, башкача айтканда, 213 миллон долларга чукул каражат жумшаган. Модернизация иштерин россиялык "СОЮЗ" корпорациясы аткарган.

Армениядагы жаңы ТЭС

2017-жылдын март айында Армениянын борбору Ераван шаарында жаңы жылуулук электр станциясы курула баштады. Жумушту аткаруучу италиялык Renco компаниясы. Газ менен иштей турган бул станциянын кубаттуулугу 234 МВт болору пландалып жатат. Долбоор жалпысынан 285 миллион долларга бааланып, 2019-жылы ишке беригени турат.

Душанбе шаарындагы ТЭЦ-2

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: эмнеге ТЭЦтин системасын кытайлыктар башкарып жатат?
Душанбе шаарындагы жаңы ТЭЦти дагы TBEA ишканасы куруп берген. 2012-2014-жылдары ишке ашкан биринчи этабында кубаттуулугу 100 МВт болгон бир бөлүгү, 2014-2017-жылдары 300 МВттык экинчи бөлүгү курулган. Экөөнө биригип 349 миллион доллар сарпталган. Анын ичинен 17,443 миллионду тажик өкмөтү өзү каржылап берген.

Өзбекстандын Фергана ТЭЦи

2017-жылдын апрель айынан тарта япониялык Kawasaki Heavy Industries жана Marubeni Utilite Services компаниялары Фергана ТЭЦин модернизациялоого киришкен. Оңдоодон кийин жылуулук борборунун кубаттуулугу 305 МВтка жеткирилген. Газ турбинасы жана буу казандар реконструкцияланып, ага 133 миллион доллар сарпталган. Бул сумманын 83,6 миллионун япониялык каржы уюму, 49,5 миллионун өзбек тарап бөлгөн.

Туракурган ТЭСи

Сбои на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду
Өзбекстандагы дагы бир ТЭСти япониялык Mitsubishi Corporation жана Mitsubishi Hitachi Power Systems Ltd компаниялары куруп жатат. Анын кубаттуулугу 450 МВтка жетери айтылууда. Жалпы 1,1 миллиард долларга бааланып жаткан долбоордун 704 миллион доллары Эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттигинен (JICA) насыяга алынат. 300 миллион долларын Өзбек реконструкция жана өнүгүү фондусунан, калганы "Өзбекэнерго" ишканасынан каржыланат.

Баса, TBEA ишканасынын расмий сайтында дагы бир нече долбоор көрсөтүлгөн.

Бирок алар жөнүндө жетиштүү маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандын ТЭЦин жаңылап берген ТВЕА компаниясы тууралуу 7 факты.

Жаңылыктар түрмөгү
0