Элдин колундагы акча болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Кымбатчылык болуп кетпейби?

Жазылуу
Акыркы бир жарым жылда өлкөдө накталай акчанын көлөмү 24 миллиард сомго өстү. Мындай көрүнүш эмнеге байланыштуу, экономикага гана тургай, ар бир кыргызстандык үчүн залалы барбы? Маселенин күңгөй-тескейин Sputnik Кыргызстандын редакциясы иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Акча тегин жерден экономиканын каны деп саналбайт. Бирок ашкере "көп кандуулуктун" зыяны тийбейби деген да суроо туулбай койбойт.

Өткөн жылдын башынан тарта калктын колундагы акчанын (айлантуудагы каражат) көлөмү 58,4 миллиарддан 82,9 миллиард сомго чейин жогорулады. Соңку бир жарым жылда сомдун өсүшү үч эсеге чукулдады. Андан сырткары да башка маанилүү көрсөткүч — акча кору (каржылык уюмдардын айлантуудагы каражаты жана резерви) да көбөйдү.

Акчанын саны эмнеден улам жогорулоодо, экономикага гана эмес, өлкөнүн ар бир жаранына эмнеси менен кооптуу? Sputnik Кыргызстандын редакциясы ушул маселе тегерегине саресеп салды.

Экономикага акча керекпи?

Экономист Нургүл Акимова акча корунун азыркы өсүшүн кадыресе көрүнүш катары баалайт, анын деңгээлинде аманат жана насыялык портфелдин да өсүп жатканын белгилейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Нургүл Акимова
Нургуль Акимова: мусор эффективнее убирать методом аутсорсинга - Sputnik Кыргызстан
Экономист Нургүл Акимова

"Башка көрсөткүч бар. Жыл башынан бери ИДП 6,7 пайызга жогорулады, мындай шартта акча кору бизнес талабын аткарса 15-20 пайызга өсмөк. Экономиканын реалдуу сектору келишимдерди тейлөө үчүн акчага муктаж", — деди ал.

Экономист акча корунун көбөйүшүнүн башка себептерин да көрсөтөт: маселен, быйыл мамлекеттик карыздын эң көбү төлөнүүгө тийиш. Бул үчүн улуттук акчаны чет элдик валютага айландыруу талап кылынат. Акимованын айтымында, Улуттук банк чынында акчаны дал ушул кырдаалдан улам кошумча чыгарды.

Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев акча корунун кескин кеңейишин "белги" катары көрөт.

© Фото / Айжамал КондучаловаКыргызстандагы чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев
Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев

"Бул акча басып чыгаруучу станоктун ишке киргизилишинин, жалпак тил менен акча "басылып жатканынын" далили. Керектөө жабылып жатат, себеби, кирешени толтура албай жатышпайбы", — деди Шаршеев.

Серепчи акча санынын көбөйүшү экономиканын муктаждыктарынан улам жаралды дегенге макул эмес.

"ИДПнын өсүшү — бул көбүнесе өткөн жылдардагы төмөндөөлөрдүн компенсацияланышы", — деди Шаршеев.

Акчанын көптүгүнө өкмөт айыптуу

Слитки золота - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын валюталык резерви 2,5 миллиард доллардан ашты
Улуттук банктан Sputnik Кыргызстанга жооп беришкендей, акча корунун жана айлантууда акчанын көбөйүшү эң биринчи кезекте өкмөттүн чыгымдарына байланыштуу. Дал ошондон улам акча кору 2016-жылы 21,5 миллиард сомго, ал эми 2017-жылдын биринчи жарымында 3,2 миллиардга өскөн.

"Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын жогорулашы инфраструктуралык долбоорлорго байланыштуу. Ошондой эле өкмөттүн ушул чактагы чыгымдарынын өсүшүнө көп үлүштү эмгек акы, субсидия жана социалдык жөлөк пулдардын төлөнүшү кошту", — деп айтылат КРУБнын жообунда.

Эгер тармактар боюнча алып карасак, эң эле көп чыгым билим берүү, мамлекеттик кызмат, коргоо, коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо жана турак жай-коммуналдык маселелерге жумшалган.

Балким, сомду атайылап "арзандатып" жатышкандыр?..

Бир нече жыл мурун рубль бир жарым сомго барабар болсо, ал эми бир сомго үч (азыр беш) теңге беришчү. Казакстан жана Россия рынокторунда биздин экспорттук товарлардын атаандаштыкка туруштук бериши үчүн көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик серепчилер сомду "түшүрүүгө" үгүттөшкөн

Реплика Чунцинаа, построенная из монет и агатовых камней в Китае - Sputnik Кыргызстан
Шумкарбек Адилбек уулу: инвесторду эптеп көндүрсөк, салык менен Соцфонд чыга калат
Акимова 2014-жылга караганда азыркы тапта сом рубль менен теңгеден күчтүүрөөк көз каранды экендигин эске салат. Себеби, ЕАЭБге мүчөлүктөн улам башка рынокторго кирүү татаалдашкан. Улуттук банк атамекендик ишкерлерге күчтүү валютанын ылайык болбогондугу үчүн чечим кабыл алууда абдан акыл калчоодо.

"Бирок экспорттоочуларга да толук шарттар түзүлгөн жок, каржылык жөнгө салуучунун саясаты баары бир консервативдүү, бул импортко болгон көз карандысыздыкка тыгыз байланышкан. Себеби, товарлардын 80 пайызы импорттук, а эгер курс өзгөрүп кете турган болсо, бул баалардын өсүшүнө алып келет", — деп белгиледи ал.

Бирок өз кезегинде Улуттук банктан сомдун кунун күчтөндүрүү же чабалдатуу боюнча так максат жок экенин эскертишет. Анткени, өлкөдө айырбаштоо курсу өзгөрүлмөлүү режимде. Алмаштыруу курсу валютага талап менен сунуштун негизинде рынок тарабынан аныкталат.

Бизге кандай кесепети тиет?

Акимова белгилегендей, инфляциянын өсүшү 5 пайыздык деңгээлде коюлган, бирок иш жүзүндө – 2,8 пайыз. Акчанын нарксыздануу коркунучу жок учурда айлантууда анын санын эч чочулабастан көбөйтө беришибиз керек.

"Акча корунун кеңейиши жарандарга залалын тийгизген эмес, тийбейт дагы, инфляцияга да тушуктурбайт. Азырынча макроэкономикалык шайкештиги дурус эле, бирок негизги көрсөткүчтөрдүн шайкешсиздиги келип чыкса, анда акча көлөмүнүн көбөйүшү жагымсыз окуяларга себепкер болушу мүмкүн", — деди ал.

Шаршеев тескерисинче, бул багытта терс маанайда. Анын пикиринде, кыргызстандыктар жакын арада инфляция толкунун туят.

"Жазында даана сезилет. Инфляция адатта 6-7 айда байкалат. Бирок акча корун өстүрүүнү токтотпосок, анда Зимбабведегидей абалга кептелебиз. Ал жакта кечки тамак үчүн тутам-тутам акча төлөп калышкан. Эгер сомдун санын азыркыдай ылдамдыкта жогорулата берсек,бизди дал ошондой абал күтөт ", — деп коңгуроо кагат Шаршеев.

Курс сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жаңы баалуу кагаз түрү киргизилиши мүмкүн
Улуттук банк былтыркы жылы дефляция (улуттук валютанын сатып алуу жөндөмүн өрчүтүү) 0,5 пайыз өлчөмүндө байкалгандыгын, анда деле экономикалык жандуулуктун жай ыргак алгандыгын эске салат. Ошондуктан КРУБ инфляцияны 5-7 пайыз деңгээлинде кармап турууну максат койгон (инфляциянын жогорулашы экономиканын өсүшүнө да, тескери өңүткө да алып келет).

"Акча корунун көбөйтүлүшү экономиканын талабы болду, байкоолорубуз боюнча бул инфляциянын максаттуу көрсөткүчтөрдөн аша ыкчамдык алышына жеткирбейт. Инфляция 2017-жылы көбүнчө башка факторлор – мисалга, азык-түлүк рыногу кандай каныгат, дан азыктарынын импорттук баасы канчалык жогорулайт, тарифтик, салыктык саясат жана башка факторлордун таасиринде жаралышы ыктымал", — деп белгиледи башкы банк.

Улуттук банктан кырдаалды дайым көзөмөлдөп, инфляцияны орто мөөнөттө 5-7 пайызда кармап турушарын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0