Талашка түшкөн "мыйзамдуу" жер 100дөй үй-бүлөнүн көз жашын көлдөтөбү...

© Sputnik / Акылбек БатырбековСокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы 481-контурундагы турак үйлөр
Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы 481-контурундагы турак үйлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети жыл мурун жүздөн ашык жаран Бишкектин четинен турак жай курууга берилген жер тилкелерин сатып алышкан. Бирок алар бул кыймылсыз мүлктү азыркыга чейин толук пайдалана албай укук коргоо органдары менен соттошуп келет.

Чүй облусунун Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы 2010-жылы Новопавловка айыл аймагынын 481-контурундагы 105 жер тилкесине турак жай куруу үчүн мамлекеттик акты берген. Кийин ал жерди жүздөн ашык жаран 3000-4000 АКШ доллардын айланасында сатып алып үй кура баштаган.

Алардын бири Таалай Абасов жер тилкесин колуктусу менен Москвада иштеп жүрүп 2010-жылы алган. Бирок 2014-жылы Сокулук райондук прокуратурасы алардын мамлекеттик актысын жана сатып алуу боюнча келишимин жокко чыгаруу доо арызы менен Чүй облустук райондор аралык сотуна кайрылган.

"Качан үйүбүздү алдырып коебуз деген кооптонуу бар. Батирге көчүп-конбой эл катары жашайлы деп сатып алганбыз. Башка жерден алсак болот эле, бирок издеп жүрүп кызыл китеби бар дегенинен ушул жерди алгам. Эми кызыл китепти жокко чыгарабыз деп жатышат", — деди Абасов.

Ал ошондой эле прокуратура менен үч жылдан бери соттошуп жүрүп чарчагандыгын кошумчалады.

© © SputnikМамкаттоо кызматы редакцияга кайрылган жарандардын кызыл китебин тастыктады
Выписка из государственного реестра прав на недвижимое имущество - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кызматы редакцияга кайрылган жарандардын кызыл китебин тастыктады

Аталган маселе боюнча 2014-жылы райондук прокуратура Сокулук райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп мыйзам бузууларды таап чыккан.

Алар 2010-жылдын декабрь айынан 2011-жылдын апрелине чейин башкармалыктын кызматкерлери Новопавловка айыл аймагындагы 481-контурундагы 105 жер тилкесине ээлик кылган Жапаева жана Кадырмаев аттуу жарандардын кызыкчылыгын көздөп мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендигин аныкташкан.

Кыргызстанда сугат жерлерине курулган канча миң үй мыйзамдаштырылат? Инфографика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сугат жерлерине курулган канча миң үй мыйзамдаштырылат? Инфографика
"481-контурдагы жер айыл чарба, өндүрүш, транспорт жана байланыш багытындагы жер болгон. Бирок ага карабай Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын үч кызматкери кызматтык жасалмачылык жолу менен 2009-жылы өкмөттүн 481-1 контурун трансформациялоо боюнча чыккан өкмөттүн эки токтомуна шилтеме жасап 105 жер тилкесин турак жай салуу үчүн берген", — деп облустук прокуратурадан билдиришти.

Анын негизинде башкармалыктын башчысы, орун басары жана башкы адисине карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Кызматтык укуктарынан аша чабуу) жана 315-беренесинин 1-бөлүмү (Кызматтык жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

© © SputnikМамкаттоо кызматы редакцияга кайрылган жарандардын кызыл китебин тастыктады
Выписка из государственного реестра прав на недвижимое имущество - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кызматы редакцияга кайрылган жарандардын кызыл китебин тастыктады

Андан соң 2015-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы кылмышка шектелген башкармалыктын жетекчиси менен башкы адисин ээлеген кызматынан бошотуп, орун басарын жумуштан убактылуу четтеткен.

Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы Ак-Өргөдөгү 13 жер тилкесин өз карамагына кайтарды
Бирок азыркы маалга чейин аларга карата козголгон кылмыш иши тийиштүү далилдердин жетишсиздигинен соңуна чыкпай, алардын бири өз кызматында иштеп келүүдө.

Ал эми ара жолдо калган жарандар жети жыл мурун алган жер тилкелеринен ажырап калабызбы деп кооптонуп турушат. Бул мезгил аралыгында тургундар өз каражаттары менен жолдорду оңдоп, электр энергиясын жеткирип, үйлөргө таза суу киргизүү аракеттерин көрүүдө.

Нургазы Нурматов дагы 2010-жылы 3500 долларга жер тилкесин сатып алган. Азыр үч баланын атасы прокуратура менен соттошуп жер тилкесин толук кандуу пайдалана албай келет.

Нурматовдун айтымында, жерди сатып алып жатканда документти каттоо кызматына текшерткен.

"Кызыл китеби менен 2010-жылы сатып алгам. Атайын Мамлекеттик каттоо кызматына барып текшерткем. Азыр кайра-кайра сотко чакырып, документтерди жокко чыгарганга аракет кылышууда", — деди Нурматов.

Райондук прокуратурадан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы жер мыйзамсыз берилип кеткен деп эсептейт. Новопавловка айыл аймагынын башчысы Улан Саадалиев 481-контур мүрзө жайгаша турган жер болгондугун айтат.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
Камсыздандырбасаң жардам күтпө! Ошто үйсүз калгандар канчага чейин чатырда жашайт?
"Трансформацияланганда аянт мүрзө үчүн бөлүнгөн. Бирок кызыл китептер турак-жай курууга берилип кеткен. Жер мүрзөгө каралган жана айыл өкмөткө тиешелүү болгон", — деп Саадалиев билдирди.

Бирок мындай пикирге алынган кызыл китептин негизинде үй куруп, тиричилик көрүп жаткан жарандар кошулбайт. Алардын айтымында, жер аянттары бөлүштүрүлүп берилгенден кийин аким, айыл өкмөт башчысы тургундар менен аралышып эле жүргөн.

481-контурдун көчө башчысы Айдарбек Асанкожоевдин айтымында, кыймылсыз мүлктү сатып алгандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө байма-бай барып жолугуп, кеп-кеңеш сурап турчу.

"Жерди ченегенде бизге келип көрсөтүшкөн, кийин мамлекеттик каттоо кызматынан барып алганбыз. Андан кийин райондун акими, айыл өкмөт башчысы көп жолу эле келген. Аларга конуштагы көйгөйлөрдү айтып, кеп-кеңеш сурап турчубуз", — деди Асанкожоев.

Ал эми редакцияга кайрылган эки жарандын жер тилкелери үчүн берилген документтерди Мамлекеттик катоо кызматынан текшерткенде, кызыл китеп турак жай куруу үчүн берилгендигин ведомство ырастады.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Бишкек шаарында 1991 жер тилкеси камакка алынган. Андан сырткары, борбор калаанын айланасындагы Сокулук, Аламүдүн райондоруна таандык 910 жер тилкеси укук коргоо органдарынын сунушу менен камакта.

Жаңылыктар түрмөгү
0