Жер өтмөктөрдү жаңылоонун күңгөй-тескейи: соодагерлердин убал-сообу кимге?

© Фото / предоставлено пресс-службой мэрии БишкекаБишкек шаарынын жер алдындагы өтмөктөрдүн эскизи
Бишкек шаарынын жер алдындагы өтмөктөрдүн эскизи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын Чүй — Манас проспектиси жана Чүй — Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөрдө ремонт болуп, соода орундар кыскараары айтылаары менен соодагерлердин митинги бүтпөй келет. Бул маселеге кесиптешибиз Исмаил Мамытов кызыгып көрдү.

Чүй — Манас проспектисиндеги өтмөктө соода кылгандардын маселеси дагы деле чечиле элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине акциянын катышуучусу Дастан Манаипов билдирди.

Анын айтымында, соодагерлер өтмөктөрдө апрель айынын ортосунда баштала турган оңдоо иштеринен кийин орундардын кыскарышына каршы болушууда.

"Биз ремонтко каршы эмеспиз. Керек болсо жардам бергенге даярбыз. Болгону ремонттон кийин соода орундарыбыз калсын деген гана талап. Учурда Чүй — Манас проспектисиндеги өтмөктө 60 орун бар. Анда эмгектенген 170 адам 1000ге чукул адамды багышат", — деди Манаипов.

Ал соодагерлердин насыя, ипотекалары бар экенин кошумчалады.

© пресс-служба мэрии города БишкекЖер алдындагы өтмөктүн азыркы абалы
Состояние подземных пешеходных переходов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жер алдындагы өтмөктүн азыркы абалы

"Биз "Эр жол транс" деген ишкана менен келишим түзүп соода оруну үчүн беш миң сом ижара акысын төлөп, күркөнү иштетебиз. Менин бул жакка келгениме 17 жыл болду. Башкалар 20-25 жылдан бери иштетишет. Алардын айрымдары күркөсүн үчүнчү адамдарга 300 доллардан ижарага берип койгон. "Эр жол транс" болсо мэриядан ижарага алат. Тагыраагы, орундарды эч ким менчикке алган эмес", — деди соодагер.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жер алдындагы өтмөктө соода кылгандар менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри жер алдындагы өтмөктүн соодагерлери менен жолукту
Ал ата-энеси учурда пенсияда экендигин айтып, эки-үйбүлөнү өтмөктөгү сооданын жардамы менен багып жатканын кошумчалады.

"Жалгыз киреше булагым ушул. Бул жерде атыр сатып, эки үй-бүлөнү багам. Мэрия башка орун беребиз деп жатат. Бирок ал жерде соода мындай болбойт. Шаардын чекесине ким канцелярдык товар алганы бармак эле. Ремонттон кийин 19 орун калат дешүүдө. Аны бийлиги барлар алып, карапайым калк сыздап кала береби?" — деди Манаипов.

Ал мэрияга жана шаардык кеңештин депутаттарына жазган катына жооп болбогондуктан кайра-кайра митингге чыгып жатканын кошумчалады.

"Жооп болбогондуктан митингге чыгып жатабыз да. Мэр Албек Ибраимов менен жолуктук. Ал маселени кайра карап көрүп, ремонттон кийин орундарды көбөйтүү боюнча аракет кылууга убада берди. Буюрса 24-апрелге чейин бир тарабына чечилет", — деди сатуучу.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан лидери, депутат Таалайбек Сариев ремонттон кийин соодагерлердин ордун сактап калууга аракет жасай турганын айтты.

© Фото / предоставлено пресс-службой мэрии БишкекаОңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт - Sputnik Кыргызстан
1/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
© Фото / предоставлено пресс-службой мэрии БишкекаОңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт - Sputnik Кыргызстан
2/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
© Фото / предоставлено пресс-службой мэрии БишкекаОңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт - Sputnik Кыргызстан
3/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
© Фото / предоставлено пресс-службой мэрии БишкекаОңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт - Sputnik Кыргызстан
4/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
1/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
2/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
3/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт
4/4
Оңдоо иштери аяктагандан кийин жер өтмөк ушундай көрүнөт

"Бул маселе боюнча элдин митингге чыгып жатканы бир жагынан туура. Анткени мэрия аларды ремонт учурунда орун менен камсыз кылышы керек. Болбосо үй-бүлөлөрүн кантип багышат? Негизи өтмөктөргө ремонт жасоо керек. Бизде буюрса бейшемби күнү сессия болот. Ошондо маселени көтөрүп, мэриядан маалымат алабыз", — деди Сариев.

Жол үстүндөгү өтмөктүн эскизи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол үстүндөгү өтмөктөрдү ким курат? Мэрия тендер жарыялады
Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүровдун айтымында, коопсуздук чараларынан улам өтмөктөргө ремонт жасоо чечими кабыл алынган.

"Бул өтмөктөр 1978-жылы курулуптур. Изилдөөлөр андагы арматура, бетондорду алмаштыруу керектигин аныктады. Эртең бир нерсе болуп кетсе мэрия жоопкер болот да. Чүй — Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктө ремонт эле болгон. Эми реконструкция кылуу керек. Орундар боюнча азырынча айтуу эртелик кылат. Себеби оңдоо иштеринен кийин гана так белгилүү болот", — деди Өмүров.

Ал архитектуралык эскиздер бар экенин, бирок ага таянуу менен орундар канчага кыскараарын айтууга болбой турганын кошумчалады.

"Эл 19 эле орун болот деп адашууда. Азарынча канча орун болоорун божомолдоп дагы айта албайбыз. Ремонттон кийин канча күркө болоорун аныктап, сынак аркылуу беребиз. Маселе коомчулукка тарап кетти. Анан кантип эле өз ара бөлүшүп алмак элек. Мен андайга жол бербейм", — деди Өмүров.

Ал эми Капиталдык курулуш башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Койчогул Ибраимов маселе 2010-жылдан бери эле көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Начальник управления муниципальной собственности мэрии города Бишкек Султан Омуров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Султан Өмүров: жер өтмөктөр оңдолгондон кийин соодагерлердин ою да эске алынат
"Маселе 2010-жылдан бери эле көтөрүлүп жатат. Эки өтмөктү реконструкциялоого 70 миллион сом бөлүндү. "Бишкекбашкыархитектура" тарабынан долбоору түзүлүп, бизге берилди. Ошонун негизинде тендер жарыяланып, утуп алган ишкана ремонт кылат. План боюнча эки өтмөктө 19 орундан болот", — деди Ибраимов.

Ал жер алдындагы өтмөктөр авариялык абалда экенин кошумчалады.

"Учурда үстүлөрүнөн тамчы тамып, авариялык абалда десек болот. Полдору, дубалдары жарабай калды. Босоголору ачык болгондуктан суу, кар кире берет. Андыктан демонтаж кылып, сапаттуу материалдарды колдонобуз. Кире беришинин үстүлөрү жабылып, жылуулатылат. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо автоматташтырылган техниканын жардамы менен ылдый түшүп, кайра чыга алат", — деди ал.

Ибраимов шаар боюнча 17 өтмөк бар экенин айтып, калгандары кийинки жылдары жасала тургандыгын кошумчалады. Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын жүрүшүнө көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0