Милициянын мечиттерди көзөмөлгө алуу демилгесинин күңгөй-тескейи

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери майрамдык намаз учурунда. Архив
Милиция кызматкери майрамдык намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери жума намаз убагында мечиттерди көзөмөлгө ала турганын билдирди. Аталган кадам канчалык туура? Мечиттерди кайтаруунун зарылчылыгы барбы? Аалымдар эмне дейт? Аталган суроолорго жооп төмөнкү макалада.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Sputnik. Жума намаз күндөрү милиция кызматкерлери мечиттерди көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

Ага ылайык, бул кадам ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жасалууда. 

© Фото / Данислан АсамадиновИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев
Сотрудник пресс службы МВД КР Эрнис Осмонбаев - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев

"Аймактык милиция кызматкерлери жума күндөрү намаз учурунда тартипти көзөмөлгө алат. Бул кадам акыркы күндөрдөгү мечиттеги уурулуктун көбөйүшүнөн улам жана коомдук тартипти сактоо максатында жасалууда. Мындан сырткары, терс үгүт жүргүзгөндөр милиция кызматкерлерин көргөндө жалтанып турары бышык", — деди Осмонбаев.

Ал милиция кызматкерлери намаз учурунда гана мечитте болоорун, калган учурда ишин улантарын кошумчалады. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борборунун директору, теолог Кадыр Маликов
Известный теолог Кадыр Маликов во время визита к президенту Алмазбеку Атамбаеву. - Sputnik Кыргызстан
"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борборунун директору, теолог Кадыр Маликов

"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борборунун директору, теолог Кадыр Маликов бул кадам туура деген ойдо.

"Жума намаз күндөрү ар бир мечитте бирден милиция болгону жакшы. Бул сөзсүз түрдө эле терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн эмес. Жөн гана намазга келгендердин коопсуздугун коргоп, коомдук тартипти сактоо. Башка мусулман өлкөлөрдө да полиция жума күндөрү мечиттерди көзөмөлдөп турат", — деди Маликов.

Ал мындан сырткары башка маанилүү маселе бар экендигине токтолду.

"Акыркы учурда социалдык тармактарда намаз окугандарга, мечиттерге байланыштуу кайым айтышуулар көбөйүп баратат. Ал жерде намаз окугандар менен окубагандар эки тарап болуп бөлүнүүгө чейин барууда. Бул көрүнүш эртең көчөгө чыгышы мүмкүн. Ошондуктан интернет патруль жүргүзүү зарыл. Болбосо өтө кооптуу жагдай жаралды", — деди Маликов.

Президентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Замир Турсунбеков ар бир жарандын дин тутуу эркиндиги бар экенине токтолду.

"Бизде дин тутуу эркиндиги бар да. Ар бир жарандан шектене берген туура эмес го. Рейд учурунда болсо бир жөн. Ар бир мечиттерге бирден милиция коюнун зарылчылыгы деле жок. Анткени мечитке келгендерди аймактарда бири-бирин тааныйт", — деди Турсунбеков. 

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов
Заместитель муфтия Акимжан ажы Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов

Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов милиция кызматкерлери бекер убактысын кетирет деген ойдо.

"Мусулман коомчулугу үчүн бул зарыл маселе эмес. Бир гана Бишкек шаарында жолдогу тыгынды көзөмөлгө алган Кайгуул милициясы болсо жакшы. Ал эми милициянын кереги жок. Жалгыз милиция 1000ге чукул адамдын арасында эмне кыла алат? Ары түртүлүп, бери түртүлүп, анан кетет. Профилактика мындай жол менен эмес, агартуу, окутуу жолу менен болгону дурус", — деди Эргешов. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДин аалымы Чубак ажы Жалилов
Экс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов маселенин эки тарабы бар экенин билдирди.

"Маселенин эки тарабы бар. Биринчиден, коопсуздукту сактоого жакшы. Камераларды күчөтүп, тартипти караганы туура. Экинчи тарабы — ууру милицияны каратып уурдабайт да. Чыгып бара жатканда байкатпай кийип кетип калат. Аны милиция кантип карайт? Бомба жардырат десе, анда атайын жабдуулар менен текшериши керек. Жөн гана форма кийип тургандан маселе чечилип деле кетпейт", — деди Жалилов.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы молдолор жана милиция кызматкерлери менен биргеликте ар кыл тренинг, семинарларды өткөрүп келет. Акыркы ирет Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан Баткен облусунун имамдары семинардан өтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0