23:01 26 Бугу 2017
Түз эфир
Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив

Кыргызстанда терактылар күтүлбөйбү? Эксперттер: кооптуулук колтук тушунда…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
54610

Элдин арасындагы кооптонуу, кишилер көп топтолгон жерден айланып өткөн ирмемдер, тизмектелген жаман окуялар — террорчулардын чабуулуна кабылган мамлекеттерге мүнөздүү көрүнүш. Булар Кыргызстанда кайталанышына эч кимдин ишенгиси келбейт. Анткен менен кырсыкты кайдан деп болбойт…

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Террорчулук боюнча адистердин бир катары "Ислам мамлекети" террордук уюму мурдагыдай ал-күчтө эмес деген пикирин билдиришүүдө. Бирок арасында алардын оңой менен алдыра койбостугун, тескерисинче, аймагын кеңейтип жаткандыгын айткандар да бар. 

2017-жылы "Ислам мамлекетинин" кадамдары кандай жана кооптуулукка коркунуч алып келбейби, бул жаатта бизде — Кыргызстанда абал кандай болот? Sputnik Кыргызстан "Ислам мамлекетинин" кесепети Кыргызстанга кандай болот жана жардыруулар жасалбайбы деген теманын тегерегинде адистерге кайрылды. 

Жардырууну ким жасашы мүмкүн?

Сириянын аймагында "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желегинин алдында расмий маалымат боюнча 500дөн ашуун кыргызстандык мылтыгын булгалап согушуп жүргөнү айтылган. Ал эми бейрасмий сандар алда канча көп дешет адистер. Ачык маалыматтарга таянсак, Ирак менен Сирия аймагында четтен келген 16 миңге чукул террорчулар жүрөт. 

Дин жана геосаясат боюнча эксперт Аман Салиев кооптуулукту "Ислам мамлекетчилеринен" гана эмес, радикалдык маанайдагы адамдар да жаратып жатканын айтты. 

"Кыргызстанда алданган жана ызаланган адамдар арбын. Алар соттон бузулган укугуна коргоо таппай же системадан жабыр тарткандар. Эгерде аны менен жакшылып сүйлөшө келсеңиз, кадимки эле согушкер болуп чыга келет",— деди Салиев.

Расмий маалыматтарда экстремисттик ячейкалардын табылып жана террорчулукка шектелгендердин кармалганы туурасында көп айтылат. Бирок "Ислам мамлекети" изин былтыркы жылдын август айында таштаганы кабарланган. Бишкекте милиция террордук жашыруун ячейка таап, анын мүчөсү Россиянын жараны экени маалымдалган. Тинте келгенде андан граната, жарылгыч заттар, диний адабияттар жана "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги табылган. 

Терактыны жасоо кыйынбы?

Терактыларды толугу менен коопсуздандыруу мүмкүн эместигин УКМКнын мурдагы жетекчилеринин бири Артур Медетбеков айтып берди. 

Анын айтымында, Афганистанда өзүнүн өлүмү менен үй-бүлөсүн баккан жанкечтилер тобу бар. Алар арам ойлуу уюмдар менен келишим түзүп, кайсы өлкөгө барып жардыруу жаса десе, аттанып кете берет. 

"Бизде андай учурларга ыңгайлуу делген бир топ жерлер бар. Жардыруу жасоонун ыкмалары да арбын. Германия менен Францияны эске салсак, анда кадимки эле автоунаа менен элди тебелетип өлтүрүштү. Же Кытайдагы бычак менен бир эле учурда 30га чукул кишиге кол салынды", — деди УКМКнын мурдагы жетекчиси. 

Медетбеков Кыргызстанда учурда тынч турган террордук бир нече ячейкалар жана алардын активдешпеген мүчөлөрү бардыгын кошумчалады. Алардын бири 2015-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жардыруу жасаган

Садага чабылгандар… 

Кыргызстандан жалгыз-жарымдап эмес, үй-бүлөсүн Сирияга кошо ала кеткен учурлар бар. УКМКнын мурдагы кызматкери, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Разаков учурда Сирия, Иракка кеткендер эмес, бул жакта жүргөн террорчулардын тарапташтары арбындыгын айтты.

"Ислам мамлекетин" алсырады деп айта албайбыз. Өзүнүн мобилдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Пальмираны алып коюшту, эртең Мосул менен кармашып туруп, башка жерге чабуул жасап, андагы фронтту жарып өтүшү мүмкүн. Булар качууну эмес, күчтөнүүнү ойлоп жатат. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнө келсек, аларга бизде диний сабатсыз кишилердин башын айлантып алып кетип, согушка пайдалануу пайдалуу болуп турат. Азыр расмий 600 киши кетти дейбиз, бул жакта 6000 болушу мүмкүн. Себеби, азгыруу токтогон жок", — деди Разаков.

Ал эми "Ислам мамлекети" 2017-жылдагы багыты туурасында пикирин билдирген эксперт аталган уюм аймагын кеңейтүү жана катарына тартууга басым коёрун айтты.

"ИМ ареалын кеңейтүүгө аракет кылууда. Азыр Түркияга өттү, эми Саудияга баш коюшу мүмкүн. 2017-жылы өзүнүн катарына үгүттөөнү күчөтөт. Афганистандагы Бадахшандын кээ бир райондорун "Ислам мамлекетчилери" басып алды. Талиптер менен учурда алардын ортосунда кандуу кармашуулар болууда. Азыр Ирак менен Сирияны карап жатабыз. Жакынкы кошуна Афганистанга көз салып турушубуз зарыл. Ал жерде 15 миллион тажик, 3 миллион өзбек жана 3 миңдей кыргыз бар. Булар ИМ үчүн да, "Талибан" үчүн да таасир этүүчү чөйрө. Бул маселелердин баарын ЖККУ жана ШКУнун алкагында кароо зарылдыгы бар. Бизге кооптуулук ушул жактан келет", — деди Разаков. 

Бутага кайсы жерлер кабылышы мүмкүн?

Эксперттер терактылар геосаясий абалдан улам да жараларын айтышты. "Дин, укук жана саясат" деп аталган көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов терактылар коомдук жайларда көп жасала бербейт деген пикирде.

"Бул жагдайда аларга (экстремисттерге – ред.) коомдун кайсы бир катмарынын колдоосуна же жок дегенде нейтралдуу мамилесине ээ болушу маанилүү. Ал эми эл көп чогулган жерде жасалган чабуулдар элдин алардан оолакташын жаратат", — деди теолог. 

Анын пикиринде, терактылар элчиликтердин жана мамлекеттик мекемелердин жанында жасалышы мүмкүн. Маликов террордук топтор идеологиялык жактан бышып-жетилүү курагынан өткөндүгүн жана келечектеги этап – "куралчан аракеттер" деген пикирин айтты. 

Анткен менен эксперттер көңүлдү тынчытпаган канчалаган божомолдор айтылбасын, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Алардын айтымында, террорчулардын максаттарынын бири — элдин үшүн алып туруу. Адистер заманбап технологиянын жардамы менен тиешелүү органдар баары бир коопсуздукту сактоо кызматында турганын айтышты.

Тема боюнча

Издейм сени! Террорчулардын бутасына алынган кыргызстандыктардын 7 түрү
Талант Разаков: Сирияга эле эмес, Афганистанга көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл
Белгилер:
кооптуулук, жардыруу, теракт, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ