Жыл жыйынтыгы: саясаттагы салгылашуудан ажырашууга чейин

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убакыт учкан куш деген кеп жөн жерден айтылган эмес. Мына ушинтип көз ирмемде маймыл жылы менен да коштошуу алдында турабыз. Айрымдар жаңы жыл келди деп кубанса, калгандар эски жыл кетти деп кайгырат. Ал эми көпчүлүк жыл жыйынтыгын чыгарышат. Ушундай таризде бул ирет 2016-жылдагы саясий талаада кандай окуялар менен эсте калгандыгын эстеп көрдүк.

Көптөгөн саясий серепчилер Кыргызстан деген чакан өлкө учурда саясий жактан калыптануу жолунда бара жатканын айтышат. Жакшылап байкап көрсөк бул жылы да күтүлбөгөн жүрүштөр болуп, саясаттын казаны кайнап турду. 

Бири кетип, бири келген мэрлер…

Жыл жаңырары менен эле жылан чакпай, жылкы теппей Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов кызматтан кетти. Ал шаарды эки жыл башкарып, айтылган сынды чымын чакканчалык кылбай туруп, чаламандын чак түшүндө түйүнчөгүн түйгөнү суроо бойдон кала берди. Мындан да кызыгы, күтүлбөгөн жерден көпчүлүккө белгисиз болгон Албек Ибраимовдун саясий талаага чыга келүүсү болду. Анын экзамендеги кетирген каталары дароо шакабага айланды да калды. Ошентип жыл мэр алмашуу менен башталды. 

Аксы, Ала-Букадагы митингдер…

Жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыгаары менен эрте жазда дарыялардагы ташкындаган суу менен кошо Аксы, Ала-Бука эли дагы митингге чыкты. Бул ирет элдин нааразычылык акциясына чыгуусуна өзбектердин Аксы районуна бастырып кирүүсү болду. Жөн гана кирбестен, апталап жол тосуп жатып алганы элдин кыжырын кайнатты. Ал ортодо Кербендеги Үңкүр-Тоо Өзбекстанга өтүптүр деген кеп тарап, учкунга шамал болду. Учурду өз кызыкчылыгына пайдаланып, нааразычылык акциясын башка нукка бургусу келгендер Бишкек, Ошто митинг уюштурмай болушту

Кырдаалдын күчөп бара жатканын сезген ошол учурдагы премьер-министр Темир Сариев аксылыктар менен жолугуп, бир да сантиметр жер кошуналарга берилбей тургандыгын айтып, абалды жөнгө салды.

Эрлерди ээрден шыпыргын тендер…

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңешке өткөн партиялардын тизмеси аныкталды
Андан соң Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоодогу тендерден улам чыр чыгып, анын арты менен өкмөт башчы Темир Сариев, Транспорт жана жол министри Аргынбек Малыбаев, анын орун басары Улан Уезбаевдер ээрден шыпырылышты. Айрым серепчилер бул көрүнүштү Сариевди кызматтан алуу айласы катары атап, кийинчерээк депутаттык комиссия да маселени иликтеп чыкты. Анткен менен комиссиянын корутундусуна макул болбогондор да бар. Темир Сариевди күнөөлөгөндөрдүн сап башында Канат Исаев тургандыгын да баса белгилеп өтүү керек. 

Так талаш…

Премьер-министрдин креслосу көп деле кыйынчылыгы жок Сооронбай Жээнбековго тийип, иниси Асылбек Жээнбеков спикерлик кызматты тапшырып берди. Төрагалык Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин талашына түшүп, эки эр катуу эле эрегишти. Алдын ала сценарий беле же тагдырдын тамашасыбы, айтор, эки талапкер тең добуш алып, спикер тандалган жок. Андан соң "күтүлбөгөн" жерден төрагалыктын шыбагасы Чыныбай Турсунбековго тийди

Ошентип КСДПнын лидерлигин Иса Өмүркулов, бир аз убакыттан кийин коалициянын жетекчилигин Канат Исаевге аркалап калды. 

Конституция өзгөргөндө жана Атамбаев менен Текебаевдин тиреши…

Официальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен Роухани кеңири жыйында кыргыз-иран мамилелерин талкуулайт
Өтүп бара жаткан жылдын эң башкы окуясы Баш мыйзамдын өзгөрүүсү болгону талашсыз. Бул окуя тарыхта бадырайган тамгалар менен жазылып калат. Тарыхый окуялар жөн жерден жаралбайт эмеспи. Андыктан Конституциянын өзгөрүүсүнүн артында көптөгөн чырлар жатат. Алардын эң башкысы — көп жылдан бери бир командада жүргөн Атамбаев менен Текебаевдин эки жээк болуп бөлүнгөнү. Эки дөө урушса чымынга жаман болуп, ортодо көпчүлүк коалициясы тарап, министрлер кабинети жаңыланды. Эмесе, маанилүү жагдайларга токтолобуз. 

Жаз алды менен "Ата-Мекен", КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары баштаган депутаттар референдум өткөрүү эрежелерин камтыган мыйзамды демилгелеп, аны көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан өткөрүшкөн. Ага чейин бешинчи чакырылыштын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбековдор Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп, президенттин сунушу менен убактылуу токтоткон эле. Депутаттар жайкы эс алууда жүргөндө Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам талкууга коюлду. Кызыгы, бул ирет демилгечилердин катарында "ата-мекенчилер" жок болуп чыкты. Дал ушундан тартып маалыматтык согуш башталды. Күн узабай Өмүрбек Текебаев президентти жана командасын жамандап маалымат жыйын курса, Алмазбек Атамбаев 31-августта сүйлөп жатып Текебаевди колдогон Отунбаевага жана Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө катуу сын айтты. 

Ошентип Өмүрбек Текебаев президент Максим Бакиевдин жерине там салып жатканын айтып чыкса, КСДП жооп катары "ата мекенчи" депутаттардын өзүлөрүн мародер деп күнөөлөп жатышты. Конституциядагы өзгөртүүлөрдү колдоп жаткан "Өнүгүү — Прогресс" биздин үнүбүз угулбай калды деген кине менен КСДП менен кайым айтыша кетти. Окуя курчуп отуруп көпчүлүк коалициясынын тарашы менен аяктады. Ошентип жаңы коалиция куралып, "Ата-Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана РАЖ оппозицияда калышты. Ал эми КСДП, Кыргызстан, "Бир Бол" фракциялары көпчүлүк коалициясына киришти. Алгач Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү кош колдоп колдоого алган Канат Исаевдин ою 180 градуска өзгөрүп, Баш мыйзам колду кайруу жолу менен өзгөртүлүп жаткандыгын айтып чыкты. Ал ортодо Баш мыйзамдын түп нускасы жоголуп, башкы темага айланды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын БШКсы шайлоо жыйынтыгын чыгарып, Мирзиёевдин жеңишин тастыктады
Кандай гана токсоолдуктар болбосун, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, президент көздөгөнүнө жетти. Ал эми Өмүрбек Текебаев өлкө башчысына импичмент жарыялай тургандыгын айтып, иликтөө башталганын жар салды. Ошентип экөөнүн тирешүүсү бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. 

Мандат чыры…

Маймыл жылы көптөгөн депутаттардын мандат чыры менен да эсте калды. Эми эле мандат алып, креслосун майлаган депутаттар эсине келбей жатып креслодон кол жууп жатышты. Окуянын аягы парламентте айым депутаттардын азайышына алып келип, соттошуулар менен аяктады.

Ажырышуулар…

Саясатта бул жылы баш кошуп түбөлүгүн түздөгөндөр да, эки ара жолго түшүп ажырашкандар да болду. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо баш кошкон "Республика" менен "Ата-Журт" расмий ажырашып, Ташиев менен Бабанов ача жолго түштү. Ач бала менен ток бала оюн куруп, Ташиев, Мадумаров жана Келдибековдор бир билекке бирикти

Атамбаевдин туулган күнү…

Бишкек шаарында болсо КМШ президенттеринин саммити өтүп, ага өлкө башчылар катышты. Бул иш-чара менен катарлаш Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү белгиленип, анын урматына Путин Атамбаевге Александр Невский орденин тапшырды. Андан соң өкмөт башчылардын саммити да ийгиликтүү өттү. 

Баса, бул жылы ажобуз Алмазбек Атамбаев ырларын коомчулукка жарыялап, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0