15:21 26 Бугу 2017
Түз эфир
Жүрөк формасында картошканы алаканында кармаган фермер

ЕАЭБ менен чет мамлекеттер КР продукциясын эмне үчүн алгысы келбейт?

© AFP / FREDRIK VON ERICHSEN
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (172)
52930

Адистер КР продукцияларын ЕАЭБ аймагы менен чет мамлекеттерге экспорттоо үчүн эмне тоскоолдук болуп жатканын айтып беришти.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik, Айида Батырбекова. Евразиялык экономикалык комиссия Казакстанга кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу талабын койду. Себеби мындай көзөмөл Кыргызстандын продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоодо тоскоолдуктарды жаратып келет. 

Белгилей кетсек, Казакстандын чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдүн айынан Кыргызстандын 300 тонна жашылча-жемиши август айында өтпөй калган. Бул биринчи эле учур эмес, тонналаган картошкалар артка кайтарылган учурлар арбын кездешкен. Казак тарап кыргыз продукцияларынан оору табылып жатканын жүйө келтирген. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Кыргызстандан чыккан продукциялардын экспорттук потенциалына фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл, эл аралык сертификат жана лабораториялардын тийгизген таасирин иликтеп көрдү. 

Фитосанитардык көзөмөл деген эмне?

Фитосанитардык көзөмөл — мамлекеттик чек арадан жасала турган көзөмөлдүн бир түрү. Карантиндик жашылча-жемиштердин өлкө аймагына кирип кетүүсүн алдын алуу үчүн жүргүзүлөт. Оорулуу жемиштер аныкталса, артка кайтарылат. 

Экономика министрлигинин Соода бөлүм башчысы Бүбүсара Токтоналиеванын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, буга чейин казак тарап Кыргызстандын картошкасы менен курмасы фитосанитардык талаптарга жооп бербейт деген кине менен Казакстандын аймагында бул жашылча-жемиштин түрүн сатууга такыр эле тыюу салган. 

"Бирок бир катар сүйлөшүүлөрдүн негизинде ал чектөөнү алдырттык", — деди Токтоналиева. 

Анын айтымында, Кыргызстандын системасы ЕАЭБдин талаптарына жооп берет деп таанылса да Казакстан фитосанитардык текшерүүнү токтотпой келет. 

"Буга байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясы Казакстанга кыргыз-казак чек арасынан фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу талабын койду", — деп кошумчалады Токтоналиева. 

Казакстанга өтпөй калган продукциялар кайда сатылат?

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын борбордук аппаратынын инспектору Бакытбек Мазеновдун айтымында, ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган техникалык регламент КР аймагында да иштейт. 

"Мисалы, Ысык-Көлдөн чыккан картошкадан алтын түстүү немотода же дагы башка зыянкечтер табылса, аны КРдин башка аймактарына сатууга тыюу салынат. Буга байланыштуу дыйкан картошкасын Ысык-Көлдө гана сатууга укуктуу болот", — деди Мазенов. 

Жапырт банкрот болгон дыйкандар

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында дыйкандар картошкасын 1,5 сомдон сата албай банкрот болушкан. Экспорт жөнгө салынбай жаткандыктан КР аймагында картошканын көлөмү суроо-талаптан эки эсеге өсүп, баалардын төмөндөшүнө алып келген. 

Сертификатты кайдан алса болот?

Экономика министрлигине караштуу техникалык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматовдун айтымында, айыл чарба продукциясына болгон сертификатты лабораториялардан алуу керек. 

"Казакстан фитосанитардык көзөмөлдү чек арадан алып салса, дыйкандар КРдин лабораторияларынан алган сертификатты көрсөтүү менен тоскоолдуксуз өтүп калат", — дейт Ахматов. 

Бирок учурда өлкө аймагында эки гана лаборатория бар. Анын бири Бишкекте экинчиси Ош шаарында жайгашкан. 

КР фермерлери эт, сүт азыктарын дагы экспорттой албайт 

Экономика министрлигинин Соода бөлүм башчысы Бүбүсара Токтоналиеванын айтымында, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл дагы алынган эмес. 

"Себеби Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарына ылайыктуу продукция чыгара аларын далилдей элек. Буга байланыштуу КРдин эт, сүт азыктарын экспорттоодо тоскоолдуктар жаралып келет", — деди Токтоналиева. 

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында иш алып барган 19 ишкана гана ЕАЭБ талаптарына жооп берет деп таанылып, сүт, бал, балык жана эт азыктарын экспорттоого укук берилген.

Калган жарандар менен ишканалар эт азыктары менен тирүү жандыктарды чек арадан эркин алып өтө алышпайт. 

КР продукцияларын ЕАЭБден сырткаркы чет мамлекеттерге кантип экспорттосо болот?

Эл аралык консалтинг компаниясынын адиси Гүлмира Исманованын айтымында, чет мамлекетке КРде өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо үчүн көп функциялуу лабораториялар керек. 

"Мисалы, балды Германияга экспорттош керек болсо, алар балдын сапатын тастыктаган документ сурашат. Бизде болсо бардык көрсөткүчтөр боюнча текшере турган лаборатория жок. Ал үчүн Казакстанга барыш керек. Бирок ал жакта 12 гана көрсөткүчтү текшерип жатса, Германия бизден балдын сапатын тастыктаган 25 көрсөткүчтү сурайт. Ошондуктан Германиянын лабораторияларынан сертификат алыш керек болот. Бул биздин дыйкан, фермерлерди чоң чыгымга учуратат", — деди Исманова. 

Адистин айтымында, КРде заманбап лабораториялардын жоктугу экспорт жасоого чоң тоскоолдук жаратууда.. 

Эл аралык сертификат деген эмне? 

Эл аралык консалтинг компаниясынын адиси Гүлмира Исманованын айтымында, айрым дыйкан-фермерлер эл аралык сертификат алып эле чет мамлекетке продукцияны экспорттой берсе болот деп ойлошот. 

"Эл аралык сертификатты сатып алса болот. Ал кеминде 5-6 миң доллардан жогору. Бирок бул сертификат менен чет мамлекетке продукцияны жеңил эле эскпорттой берсе болот деген сөз эмес. Баары бир лабораториялар керек", — деди Исманова. 

Анын айтымында, мындай сертификат тендерлерге катышууда, банктардан насыя алууда же инвестор тартууда гана жардамы тийиши мүмкүн.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (172)

Тема боюнча

Депутат: дыйкандардын кант кызылчасын үшүк алганы турат
КР Ветеринардык палатасы Дүйнөлүк ассоциациянын мүчөсү болду. Эмне пайдасы бар?
ЕЭК Казакстанга КРден товар ташууга коюлган чектөөнү алуу талабын койду
Белгилер:
фитосанитария, продукция, көзөмөл, экспорт, ветеринария

ЭҢ МААНИЛҮҮ