02:23 29 Бугу 2017
Түз эфир
Пенсия алуу. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда ким көп пенсия алат? Ушунча алууга сиздин мүмкүнчүлүгүңүз барбы?

© Sputnik / Саид Царнаев
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
97250

Кыргызстанда ким 50 миң сом пенсия алам деп мактана алат? Кайгысыз карылыкка жетерлик ким акча топтой алат? Эмне үчүн пенсионерлер ар бир тыйынды эсептеп жашоого аргасыз? Суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова жооп издеп көрдү.

1-октябрда Кыргызстанда пенсия жашоого керектүү акчанын эң төмөнкү көлөмүнөн (4858 сом) ашып, эми 5173 сомду түзүп калды. Бул орто эсептеги кыргызстандык пенсионер жарым кило эт же даамдуу торт сатып алса болот дегенди билдирет. 

Бирок пенсиянын 420 сомго жогорулашын эсепке алганда да, өзүн эң керектүү азык менен камсыз кылууга акчасы жетпеген дагы 129 миңге жакын картаң адамдар калат. 

Кыргызстандагы пенсиялар: жардылыктан молчулукка чейин 

Республикада пенсиялар тең бөлүштүрүлбөйт: бириники бир жарым миңге жетпесе, бириники 50 миң сомдон ашат.

Эки-үч жыл мурун ошол кездеги Социалдык фонддун башчысы Мухамметкалый Абулгазиев Кыргызстанда атайын пенсияны 270 чакты киши алат деген эле. Аларга жылына 283 миллион сом талап кылынат. Башкача айтканда, болжолдуу эсеп менен ар бир адамга 60-80 миң сомдон тиет.

Эң көп пенсия кимдерге бериле турганын Социалдык фонд айткан жок, бул катуу жашырылган жана ачыкка чыкпай турган маалымат экен.

Кыргызстандык пенсионерлердин басымдуу бөлүгү (ар бир экинчиси) 5 миңден 10 миң сомго чейин пенсия алат.

Беш миң жарандын колунда коммуналдык кызматтарды төлөгөндөн кийин бир айлык жашоосу үчүн 627 сом гана калат.

Эмнеге кыргызстандык пенсионерлер өрдөк-каздын боорун жебейт?

Кыргызстан пенсиянын көлөмү жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат. Биздин пенсионерлер бул рейтингдин башындагы Польшанын карыяларынан үч эсе аз акча алышат. 

Кыргызстанда төлөм системасы Социалдык фондго акча чегерчү адамдардын санына жараша болот. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ишке жарактуу ар бир үчүнчү кыргызстандыктын расмий жумушу жок. 

Демек, кары-картаңдар үчүн жоопкерчилик иш менен камсыз 800 миң адамга жүктөлгөн. 

Экономикалык эксперт Искендер Шаршеев мындай жакырчылыкка жең учунан төлөнүп жаткан эмгек акылар себеп деп эсептейт.

"Кыргызстандыктар мыйзамсыз жол менен алып жаткан ар бир конверттеги акча кары-картаңдар үчүн чегерүүлөрдү кемитип турат. Пенсиянын көлөмү көмүскө экономиканын айынан жана көпчүлүктүн бейрасмий иштеп жатышынан ушундай аз", — деди ал.

Ал эми расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү үрөй учарлык: ал ички дүң продукциянын 40тан 60 пайызга чейинки бөлүгүн түзөт. 

Социалдык фонддун эсеби боюнча, Кыргызстанда бир пенсионерге болгону 1,3 адам гана иштейт. Батыш өлкөлөрүндө болсо бир карыяга үч адам туура келет. 

Акчаңызды Соцфондго бердиңиз. Анан?

Сиздин айлык маянаңыз 10 миң сом дейли. Андан миң сом же 10 пайызын сиз Соцфондго төлөшүңүз керек. Дагы 1725 сом (17,25 пайыз) ал жакка сиздин иш берүүчүңүз чегерет.

Сиз Соцфондго берген миң сомдон 800 сом азыркы карыларга пенсия төлөгөнгө кетет, ал эми маңдай териңиз менен тапкан калган 200 сом Мамлекеттик пенсия топтоо фондуна которулат. Бул акча сиз карыганча "күтүп", ар бир иштеген жылыңыз сайын көбөйүп отурушу керек. 

Сиз үчүн иш берүүчүңүз Соцфондго чегерчү акчадан бир жарым миң сом пенсиялык фонддун төлөмдөрүнө кетет, 200 сом милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жана 25 сом Эмгекчилердин эс алуу фондуна которулат. 

Капарсыз карылык эсеби: кайсынысы пайдалуу?

Мамлекетке эле ишенип отура берей, жаран өзү да акча сарамжалдай алат. Соцфонддон тышкары, чогулткан акчаны мамлекеттик эмес пенсиялык фонддо же кадимки банкта сактаса болот.

Булардын кайсынысы жакшы?

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кыргызстандыктын орточо айлык акысы 13 миң 544 сом. Ай сайын Соцфондго бул акчадан сөзсүз түрдө 1354 сом которулат. Орто эсеп менен 40 жылдык эмгек күнүндө ал жакта 650 миң сом топтолот.

Соцфонддун пенсиялык калькуляторунун эсеби боюнча, азыр 13 миң сом маяна алып жаткан жаш адам мамлекеттен айына 8 миңге жакын пенсия алат. Бул мамлекет тарабынан кепилдене турган акча. 

  • Банк 

Эгер жаран банк менен келишим түзүп, ай сайын өз эсебине 16 пайыздык жылдык үстөгү менен 1354 сом салып турса, ал банкта 250 537 сом топтойт. Адам орто эсеп менен 70 жыл жашай турганын эске алганда, сиз ай сайын 20 836 сомдон корото аласыз. 

Эгер 80 жыл жашасаңыз, анда өз айлык чыгымыңызды 11 миң 777 сомго чейин кыскартууга туура келет. 

Албетте, бир да банк мынча узак мөөнөткө сиз менен келишим түзбөйт. Ал банкрот болушу мүмкүн экенин да эстен чыгарбоо керек, бирок сиз өз акчаңызды ар бир эки жылда ала аласыз. 

  • Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд 

Ал эми эгер кыргызстандык 1354 сомду мамлекеттик эмес пенсиялык фондго которуп турса, анда мөөнөтү аяктаганда ай сайын 33 миң сомдон берип турат. 

Бирок келишимдин шарттарын сактабаган учурда, акчанын акыркы көлөмү таптакыр өзгөрүп кетиши мүмкүн. Андан тышкары, келишимдин мөөнөтү бүтмөйүнчө акчаңызды ала албайсыз. Ал мөөнөт 7 жылдан 25 жылга чейин болушу мүмкүн. 

Азыркы жаш муундар пенсияга ишенсе болобу?

2015-жылы Британиянын Пенсия саясатын изилдөө институту (Pension Policy Institute, PPI) деп аталган бейөкмөт уюм дүйнө боюнча пенсиялык системанын келечеги бүдөмүк экенин моюнга алган. 

"Пенсияга деп сарамжалданган акчаны узак убакытка сактоо жана көбөйтүү экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн — инфляциянын жогорулугунан же мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн себебинен коркунуч алдында турат", — деп айтылат Институттун билдирүүсүндө.

Алардын эсептөөлөрү боюнча, эгер азыркы жаштар азыртан акча чогулта баштабаса, карыганда жашоо деңгээли өтө эле төмөнөдөп кетет.

Соцфонддун пенсиялык саясат башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Жаначеванын пикиринде, төлөм системасы бузулбайт. 

"Бизде буга негиз болуучу мыйзамдар бар, төлөм системасы милдеттүү түрдө аткарылат. Экономика, ишкана-уюмдар иштеп турганда, пенсия дайыма болот", — дейт ал.

Экономикалык эксперт Искендер Шаршеев карыганда пенсияга эле ишеним артып отура берүү туура эмес деп эсептейт.

"Эгер топтолуучу акчанын үстөк пайызына инфляцияны эсептесек, 30-40 жыл иштеген адамды эсебинде 2-3 миллионго жакын акча болушу керек. Бирок каатчылык, инфляция жана девальвация шартында бул система иштебейт. Мунун натыйжасында азыркы жаштардын көбү оңураак пенсияга жетпейт", — деп баса белгиледи ал.

Бирок кыргызстандыктар мамлекетке толук ишеним артып отура бергендин ордуна азыртан акча топтоо жөнүндө ойлонуш керек деген пиркиди эксперттер бирдей айтышат.

Тема боюнча

Октябрдан тарта орточо пенсия 420 сомго көбөйөт
Белгилер:
депозит, пенсия, банк, Жыпара Жаначева, Искендер Шаршеев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ