Интернеттин кымбатташы. Жообу жок суроолор…

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтернет кабелин оңдоо. Архив
Интернет кабелин оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар үчүн Интернет үч эсе кымбаттайбы? Эмне үчүн казактарга "жок" деп айта албайбыз? Муну менен мамлекет кантип күрөшкөнү жатат? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан кабарчысы Екатерина Михайлова жооп издеп көрдү.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Казакстандын операторлору транзиттик бааны күтүүсүз жерден, себебин түшүндүрбөстөн эле 2-3 эсе көтөрүп жиберип Кыргызстандын интернет-провайдерлерине каршы кадам жасап койду. Бул өлкө аймагында интернет-кызматынын бир топ кымбатташына же байланыш сапатынын начарлашына алып келиши ыктымал. Бул туурасында билдирүүнү ЖМКга 9-август күнүн Байланыш операторлор ассоциациясынын (БОА) директору Нурбек Абасканов билдирген.

Анын айтымында, баалардын көтөрүлүшү туурасында билдирүүлөр казакстандык интернет берүүчүлөрдөн кыргызстандык операторлорго августтун башында келе баштаган. Айрым ата мекендик интернет-компания өкүлдөрүнүн сөзүнө караганда, жаңы тарифтер азыртан эле күчүнө кирип жатат. 

Интернеттин 1 мбит/с кошуна өлкөлөрдө канча турат?
Интернеттин 1 мбит/с кошуна өлкөлөрдө канча турат? - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин 1 мбит/с кошуна өлкөлөрдө канча турат?

"Интернет берүүчүлөр баанын өзгөрүшү жөнүндө адатта келишим мөөнөтү аяктар алдында билдирип, аны себебин түшүндүрбөй эле төмөндөтүп же биз үчүн ылайык болгудай 10-20 пайызга көтөрүлөрүн кабарлашат. Бул жолу казакстандык өнөктөштөрдүн бааны дээрлик үч эсе көтөрүү жөнүндө билдирүүсү негизсиз жана акылга сыйбагандай болду", — дейт Абасканов.

Кыргызстан Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рынок үчүн күрөш же ЕАЭБге кирген Кыргызстан бир жылда эмне тапты
БОАнын билдирүүсү бир нече күндө Кыргызстандын ЖМКлары аркылуу тарап, албетте, интернет пайдалануучуларын айран таң кылып, катуу талкууга алынды. 

Sputnik Кыргызстан кабарчысы Михайлова Екатерина жагдайды териштирип көрүүгө белсенген. "Кылгылыкты кылып койгон ким?" жана "Аны эми ким жөнгө салат?" деген суроолорго өлкөнүн башкы интернет-провайдерлеринин өкүлдөрү менен КРде жана ЕАЭБде байланыш технологиялар рыногундагы тартипке жооп берүүчү ведомство өкүлдөрү жооп беришти. 

Альтернативанын жоктугу, же Эмне үчүн казактарга "Жок!" дей албайбыз

БОАнын директору Нурбек Абаскановдун айтымында, Кытайдан интернет сатып алуу биз үчүн өтө эле чыгашалуу болот. Интернет пайдалануучулардын 60 пайызы Россиянын контентин пайдаланат. 

"Эгер Интернетти Кытайдан ала турган болсок, Москвага Пекин аркылуу учканга тете. Маалымат топтомдорун берүүнүн узактыгы Интернеттин сапатына кесепетин тийгизет. Муну, албетте, эч ким каалабайт", — дейт Абасканов.

Мектеп классы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева: жеке провайдерлер мектептерди Интернетке кошуудан баш тартты
"SAIMA TELECOM" ЖАКтын башкы директору Валерий Эм Кыргызстандын геосаясий абалы Казакстандыкынан башка интернет трафикти алып пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербейт деген ишеничте.

"Тажиктер Интернетке өздөрү муктаж, анан калса, трафиктин кайсы бир бөлүгүн бизден сатып алышат. Өзбекстан — жабык өлкө, алардын бааларына чөнтөгүбүз бөксөлүк кылат. Кытайдын Интернети баасы жагынан жакшы болгону менен, сапаты көңүл жубатпайт. Өзүңөр көрүп тургандай, альтернатива жок. Андыктан маселени казак өнөктөштөр менен чечиш керек", — дейт Эм.

Жагдайдан чыгуунун жалгыз жолу Казакстан менен сүйлөшүү экендигине телебайланыш кызмат тармагынын өзүн атагысы келбеген адиси да ишенет.

"Бүгүнкү күндө сапаты жагынан Казакстандан келүүчү трафикке атаандаш жок. Ооба, биз Эркеч-Там аркылуу Кытайга чыга алабыз, бирок ал биздин өлкөнүн интернетке болгон муктаждыгын техникалык жактан камсыз кыла албайт", — деди ал.

Маектештин айтымында, бул маселени мамлекеттер аралык деңгээлде көтөрүп, Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) монополияга каршы органына кайрылуу керек.

“Сактансаң, сактайм”, же маселе кантип чечилүүдө

"Азыр ар бир ата мекендик интернет-провайдер казак кесиптештери менен бааны түшүрүү боюнча аракеттерди көрүп жатат, бирок анча натыйжа чыккан жери жок. Андыктан биз маселени мамлекеттик ведомстволордун деңгээлине чыгаруу аракетин жасоодобуз. Эгер үч эселеп акы төлөй турган болсок, ЕАЭБге кирип эмне кереги бар эле? Биз, БОА, мамлекеттик түзүмдөр менен ЕЭКтин түшүнүгүн алсак дейбиз. Бул бааларды бир нече пайызга түшүрүү мүмкүндүгүн жаратат", — дейт эксперт. 

Ал Кыргызстандык интернет пайдалануучулар үчүн бааны көтөрүү акыркы чара экенин белгиледи. 

Кыргызстан интернетти кайдан кантип аларын Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Валерий Эм казакстандык өнөктөштөрдөн 2-августта билдирүү келгенден бери анын компаниясы чыгым тартып жатканын, ошол себептен интернет кызматынын баасын көтөрүү жөнүндө ойлонуп жатканын айтты. 

"Биз канал үчүн төлөйбүз, ал эми анын акысын мурдагыдай пайдалануучулардын эсебинен чыгарып алуу мүмкүн болбой калды. Биз кимдир-бирөө көбүрөөк акча тапкысы келген үчүн эле чыгымга учурап калдык", — деп нааразыланды ал.

"ЭлКат" компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн директору Улан Толубаев алардын компаниясы жагдайдын аныгын билбестен эле тобокелчилик менен жалпы стратегия жүргүзөт дейт. Конкреттүү чаралар жөнүндө айткан жок. 

"Акнет" компаниясынын аткаруучу директору Руслан Абдумажитов катардагы пайдалануучулар үчүн интернетти кымбаттатуу туура эмес кадам деп эсептейт. 

Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2 миллион жаран интернет колдонот
"Бааны көтөрүп коюп, Америкадагыдай төлөйсүңөр деп коюштун эч кыйындыгы жок. Ал жакта телебайланыш акысы айына орто эсеп менен 100 доллар. Биздин керектөөчүлөрдүн азыркыдан ашык төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ал колунан келген күндө да, казакстандыктардын кулкуну үчүн гана иштөөгө аргасыз кылуу туура эмес. Россия менен Казакстандын чегинде магистралдык трафиктин баасы 1 Мбит/с үчүн 35 цент. Быйыл июлда транзиттик трафиктин бир бирдиги үчүн биз Казакстанга төлөгөн акы 10-12 доллардан ашкан эмес. Эми казакстандык "өнөктөштөргө" бул аз көрүнүп, акыны 30 долларга чейин көтөрүп жатат. Бул Россиянын байланыш операторлорунун баасынан 85 эсе кымбат", — деп нааразыланды Абдумажитов. 

Ал өз байкоосу боюнча, жергиликтүү операторлордун көбү бааны көтөргөндүн ордуна байланыш сапатын начарлатып, керектөөчүлөр үчүн интернеттин тездигин кыскартып коюшту дейт. 

"Менин байкашымча, Интернет жок дегенде эки эсе жай болуп калды. Бул бир күндө бир эле жолу жасалчу аракет эмес, баскычтуу градация, демек, операторлор тездикти андан ары да кыскартышат", — деп түшүндүрдү ал.

Баарынын көп жабыр тартат?

Internet Live Stats рейтингине ылайык, Кыргызстанда Дүйнөлүк желени колдонуучулардын саны 2,76 миллион адам, бул өлкөдө калктын 34,4 пайызын (!) түзөт. Өткөн жылдагы көрсөткүчкө караганда пайдалануучулардын саны 1,9 пайызга, башкача атканда, 144 миң адамга өскөн. 

Ачык маалымат булактарынын билдирүүлөрүнө ылайык, ай сайын пайдалануучулар интернет үчүн орто эсеп менен 500-1 500 сом төлөйт. 

БОАнын директору Абаскановдун айтымында, эми казакстандык интернет берүүчүлөр транзиттин баасын 10-20 доллардан 30-50 долларга көбөйткөндө, жергиликтүү интернет-провайдерлер Интернеттин баасын бир нече эсе көтөрүүгө аргасыз болот.

Маселенин чечилишине мамлекет кызыгабы?

Wi-Fi жабдууланган аялдамада колдонуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Wi-Fi кызматы туташкан биринчи аялдама пайда болду
Кырдаалды Sputnik Кыргызстан кабарчысына чечмелеп берүүдөн Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет (мурдагы Мамлекеттик байланыш агенттиги, МБА) баш тартып, ал боюнча кабары жок экенин айтты. Бирок кечирээк өзүнүн басма сөз үчүн расмий билдирүүсүндө Интернеттин тарифи чын эле көтөрүлгөн-көтөрүлбөгөнүн аныктай турганын билдирген.

КРдин Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков менен байланышууга мүмкүндүк болду. Ал БОАдан агенттикке кайрылуу келип түшкөнүн жана монополияга каршы орган кырдаалды териштирүү үчүн керектүү чараларды көргөнүн айтты. 

"БОАнын директорунан казак операторлору интернеттин транзити үчүн бааны негизсиз жогорулатканы жөнүндө расмий кайрылуу келгенден кийин биз Казакстандын монополияга каршы органдарына кырдаалга токтоосуз кийлигишүү өтүнүчү менен кайрылдык. Мындан тышкары, жеке маектешүүдө Казакстандын монополияга каршы орган жетекчиси Серик Жумангарин өз орун басарларына тийиштүү тапшырмаларды бергенин билдирди", — деди ал.

Мамагенттиктин башчысы аталган жагдай эл аралык рынокко тиешелүү болгондуктан казак оперторлорунун аракетинин мыйзамдуулугун карап чыгуу өтүнүчү менен кыргыз тарап Евразиялык экономикалык комиссияга расмий кайрылганын да билдирди. 

"Эми ЕАЭБдин жөнгө салуучу органынан жооп күтөбүз. Биздин калган аракеттерибиз ошолордун чечимине жараша болот. Бул маселеге кийлигишүү монополияга каршы органдын ыйгарымдарынан сырткары турат, бирок буга карабай, биз "Интернеттин баасын төрт эсе көтөрүүгө кандай экономикалык негиздер бар?" деген суроого жооп алууну ниетиндебиз", — деди Казаков.

Чуулгандын себепкери Казакстандын үндөбөс жообу

Азыркы кезде BGPге (Маршрутташтыруунун динамикалык протоколуна) ылайык, кыргызстандык операторлор Казакстандын TNS Plus, KazTransCom, IPNET, KazakhTelecom интернет-компаниялары менен кызматташат. Дал ушулардан июлдун башында транзиттин баасын эч себебин түшүндүрүүсүз көтөрүү туурасында билдирүү келген.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтын окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тендер чуусу: миллиондорду чапчыган тамгалар, же "латындашуудан" кантип арылуу керек
ЖМК маалыматтарына караганда, казакстандык провайдерлер Кыргызстандын операторлоруна каршы жең учунан сүйлөшүп алгандыктарын моюнга албайт. КазТАГ агенттигинин маалыматы боюнча, Казакстандын интернет-бизнеси жана уюлдук коммерция ассоциациясынын президенти Константин Горожанкин өз маегинде атайы сүйлөшүп алуулар жөнүндө айыпты четке каккан. 

Sputnik Кыргызстан кабарчысы бул сөздөрдү ырастап же жокко чыгаруу жана жалпы эле кырдаалды чечмелөө үчүн Казкастандын интернет-бизнес өкүлдөрүнөн жооп ала алган жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0