Тынбай таш кулаган Боом: жамгыр төктү, эч басылбай… же күнөө кимде?

© Фото / Бекжан СагынбаевБоом капчыгайында ураган таштар. Архив
Боом капчыгайында ураган таштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы мезгилде Боом капчыгайында таш көп кулап жатат. 30-июлда таш алдында ичинде 11 жүргүнчүсү бар Honda Stepwgn унаасы калып, бир киши каза болду. Ал эми 2-август күнү капчыгайда кайрадан таш кулап, каттам токтоп, жолду адамдар өздөрү тазалоого аракет кылышкан.

Боом капчыгайында 1 жана 18-июль күндөрү катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, жол каттамын бир топ кыйындаткан. 

Соцтармактын пайдалануучулары Боом капчыгайындагы улам болуп жаткан таш кулоо менен суу каптоолор жолдун долбоорун түзгөндөр менен кытай курулушчуларынын начар ишинин кесепети деп айтышууда. 

"Кыргызкурулушдолбоордун" директору Жамшит Калилов долбоорчулар менен курулушчуларды жөн эле минтип айыптай берүүгө болбойт деп билдирди. 

"Өзүңөр ойлоп көргүлө, жол пайдаланууга үч жыл мурун берилген. Бул аралыкта эч бир өзгөчө окуя катталган эмес. Ооба, таш кулаган учурлар болгон, бирок алар реконструкциялоо иштерине байланыштуу болчу", — деди адис.

Калилов таш кулоо быйыл гана күч алганын, бул табият шартына байланыштуу экенин белгиледи. 

Боом капчыгайындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боом капчыгайынан автоунаага таш кулап, бир киши каза болду
"Жол тилкесин суу каптап кеткени эсиңиздердеби? Дал ошол катуу жаан-чачын тоо кырларынын бузулушуна себеп болду. 10-15 мүнөт ичинде төккөн жамгырдын көлөмү бир айда жаай турган жаан-чачындын ченемине жетти. Бир да долбоор мындай адаттан тышкаркы жаан-чачындын алдын ала алмак эмес", — деди ал.

Адистин айтымында, жол кызматтары кооптуу жерлерди күн сайын байкоого алып, бекемдөө иш-чараларын көрүшү керек.

"Аталган жол бөлүгүнүн долбоорунда кайра оңдолгонго чейинкиден көбүрөөк "галереялар" каралган. Бирок кооптуу жерлер андан да көп болуп чыкты. Эми ал жерлерди күчтөп түшүрүп, же тосмо дубалдарды орнотуу зарыл", — деди эксперт.

Ал тоо таштарын чарчы торлор ("мак") менен тосуп, жолду коргоого каршы экенин баса белгиледи. Себеби Оштогу жолду реконструкциялоодо бул ыкма өзүнүн натыйжасыздыгын көрсөткөн. 

"Тор тосмолорду жөн гана уурдап кетишет. Ал тургай, кадимки жол белгилерин күндөлүк тиричилигине керектөө үчүн көтөрүп кетип жатышат. Андыктан таш кулоодон коргоонун башка ыкмаларын колдонгон оң", — деди Калилов.

Гидромет ырастайт

Кыргызгидрометтин аба ырайын болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова июлда жаан-чачын катуу болгонун ырастайт.

Анын маалыматы боюнча, Балыкчы Боом капчыгайынын шамал урчу жагында жайгашкандыктан, шаар жаан-чачыны аз аймак деп эсептелет. 

Ал эми июль айында Балыкчы аймагында жаан-чачын өз ченеминен үч эсе көп, башкача айтканда 331 пайыз жааган. Ченеми 29 миллиметрди гана түзгөн аймакта жааган жаан июнь айында бир жарым эсе көп болгон. Балыкчыда 2014-жылы 9 миллиметр жаан жааса, 2015-жылы — бир, ал эми 2016-жылы 96 миллиметр жаан жааган.

Боом капчыгайндагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инженер: жол салынганда тоо катмары козголуп калгандыктан Боомдо улам таш түшүүдө
Кемин шаары шамалдуу жакта орун алгандыктан, ал жерде жаан-чачын Балыкчыга караганда көп болот.

Июлда бул аймакта да катуу жамгыр катталган. Бир ай ичинде жааган 110 миллиметр жаан өз ченеминен үч эсе көптүк кылат. Кеминде 2014-жылы 13 миллиметр, 2015-жылы тогуз, ал эми быйыл 110 миллиметр жаан жааган. 

Ысык-Көлгө сапар алган туристтердин баары Боом капчыгайы менен өтөт. Аталган капчыгай аркылуу салынган Бишкек — Торугарт жолунун жалпы узундугу 539 чакырым. Автожолду реконструкциялап, кайра калыбына келтирүүгө 427 миллион доллардан ашык каражат жумшалган. Жолду China road кытай компаниясы куруп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0