АКШга жаңы президенттин келиши Кыргызстанга кандай таасир этет?

© Sputnik / Эркин АлымбековКыргызстандын жанан АКШнын желектери. Архив
Кыргызстандын жанан АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкада учурда президенттик шайлоого даярдык күчөп турган мезгил. Учурда талапкерлер дагы аныкталды. Алар: Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз-америка мамилелеринин тарыхы кандай экенин жана жаңы лидердин келиши менен жакынкы төрт жылда алар кандайча өзгөрүшү мүмкүндүгүн иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Көп партиялуулукка карабай, АКШда өлкөнүн тарыхын Республикалык жана Демократиялык партиялар гана чечет. Салтка айлангандай алар парламенттик шайлоолордо башка партияларга караганда эң көп добуш алышат. Бир жарым кылымдан ашык убакыттан бери ушул эки партиянын өкүлдөрү президенттик орунду алдырбай келет. 1852-жылдын бери Кошмо штаттардын башчылыгына ошолордун гана талапкерлери шайланат. 

АКШнын президенти вице-президент менен бирге төрт жылдык мөөнөткө түз эмес, эки баскычтуу шайлоонун жардамы менен тандалат. Биринчи баскычта ар бир штат "президенттик тандоочуларды" шайлап алат да, алар экинчи баскычта президент менен вице-президентти шайлашат.

Талапкерлер ким?

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Америкада кезектеги президенттик шайлоо өтөт. Республикачылардан ишкер, медиамагнат Дональд Трамп көрсөтүлүп, ага демократтардан мурдагы президент Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон атаандаштык кылат. 

© REUTERS / Brian SnydeАКШнын президенттигине талакер Дональд Трамп
Кандидат в президенты США от республиканцев Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
АКШнын президенттигине талакер Дональд Трамп

Дональд Трамп 70 жашта, Нью-Йорк штатында туулган. Курулуш, мейманкана жана кумар оюндарынын бизнеси менен алектенет. 20 жылдай "Аалам сулуусу" сынагын өткөрүү укугуна ээ болуп келген. Үч ирет үйлөнгөн миллиардердин мамлекеттик кызматта иштөө тажрыйбасы жок.

Хиллари Клинтон 68дин тамагын жеп жаткан учуру. Кесиби боюнча юрист. Жубайы Билл Клинтон 1993-2001-жылдары АКШ президенти болуп келген. 

© REUTERS / MARK KAUZLARICHАКШнын президенттигине талакер Хиллари Клинтон
Кандидат в президенты США от Демократической партии Хиллари Клинтон - Sputnik Кыргызстан
АКШнын президенттигине талакер Хиллари Клинтон

Хиллари Клинтон 2001-2009-жылдары Нью-Йорк штатынан сенатор болуп шайланып, 2008-жылы президенттикке талапкер болгон. 2009-2013-жылдары мамлекеттик катчы кызматын аркалаган талапкер айымдын 36 жаштагы Челси аттуу кызы бар.

Шайлоо алдындагы убадалар

Өзүнүн программалык сөзүндө Трамп "Американы кайра улуу өлкөгө айлантууну" убада кылган. Ал азыркы администрация тушуктурган көйгөйлөрдү "жалгыз өзү чечүүгө" сөз берип келет. Саясатчы мамлекет башчысы кызматында салыктарды кыскартып, "терроризмге дуушар болгон" өлкөлөрдөн мигранттардын агымын кыскартып, ошону менен бирге жарандар менен консервативдик баалуулуктарды, анын ичинде курал алып жүрүү укуктарын коргой турганына ишендирүүдө. 

Миллиардер ошондой эле эл аралык соода тармагында "пайдалуу гана макулдашууларды" түзө турганын убада кылып, демпинг жана "валюталык көз боочулук" менен күрөшөм деп Кытайды коркутту, ал эми "ИМдин жапайы чалыштарын" бат эле жеңип коём деп убада берди.

Клинтон эгер Дональд Трамп жеңип чыкса, Россия менен Кытай сүйүнөт деп айтканы бар. Талапкер айым анда Кремлге "майрам" болот деген ишеничте. 

Траурное мероприятия в память погибших при стрельбе в Далласе - Sputnik Кыргызстан
АКШнын экс-президенти Жорж Буш Далластагы аза күтүү маалында термеле бийлеп жиберди
Демократтар да президенттик шайлоого бара турган өз программасын кабыл алышкан. Ал Клинтондун шайлоо алдындагы убадаларынын негизинде түзүлгөн. Программада ЛГБТ-коомчулуктарынын укуктары үчүн күрөшүү ниеттери, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чара көрүү, колледждерде акысыз билим алуу кепилдиктерин берүү, өлкөдө жумушчу орундарын көбөйтүү чараларын көрүүгө аракеттер каралган.

Sputnik Кыргызстан редакциясы биздин өлкө үчүн талапкерлердин кайсынысы пайдалуу экенин жана кыргыз-америка мамилелери жакынкы төрт жылда кайсы нукка өзгөрүшү мүмкүндүгүн иликтеп көрүүнү чечти.

Кыргыз-америка мамилелери 

Эки өлкөнүн ортосуда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түптөлгөн. 2001-2014-жылдары Афганистандагы терроризмге каршы операциянын алкагында "Манас" аэропортунда авиабаза жайгаштырылган (2009-жылдан тарта Транзиттик ташуу борбору катары кызмат кылган). Ижара жөнүндө келишимди жоюу мамилелердин сууп калышына алып келип, Мамлекеттик департамент Азимжан Аскаровду адам укугун коргогону үчүн сыйлагандан кийин андан бетер начарлап кеткен. Мурдараак Аскаровду кыргыз соту массалык баш аламандык уюштурганы үчүн өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан. Бул сыйлыкты сынга алган кыргыз тарап 2015-жылы АКШ менен кызматташуу жөнүндө келишимди бир тараптуу жоюп салган. 

Экономика. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 48 пайызга кыскарып, 120 миллиондон ашык долларды түзгөн, ал эми Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, АКШдан чет элдик түз инвестициялар 1,2 эсе азайган.

Аңгек менен дөңгөк 

"Аңгектен качсаң, дөңгөккө" деген макал бар, талапкерлердин кайсынысы келсе да, Кыргызстан үчүн эч нерсе өзгөрбөйт. Бизде сүйлөшүүлөргө негиз болчу эч нерсе жок. "Манас" аэропортунда база бар кезде бир нерсе жөнүндө сүйлөшсөк болор эле. Азыр болсо база жок", — деп эсептейт саясат таануучу Шерадил Бактыгулов.

АКШда №1 кызмат ордун ким ээлесе да Американын тышкы саясий концепциясы өзгөрбөйт деп белгиледи ал.

"Анан калса, Трамптын Кыргызстан жөнүндө кабары да жок, ал эми Клинтон үчүн бул Афганистанга бара жатып коно кеткен эле жер", — деди Бактыгулов.

Мындай пикирге дагы бир саясатчы Тамерлан Ибраимов анча кошулбайт.

Обама АКШ мыйзамдарынан "негр" деген сөздү алып салды
"Талапкер ич ара айырмачылыгына карабай, экөө тең америкалык саясаттын "мейнстриминде" барат. Бирок жеке өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, Клинтон Кыргызстанды жакшыраак билет, себеби Мамлекеттик департаментти башкарып турган да. Демократиялык партия жеңип чыкса, тышкы саясатка көп көңүл бурулуп, кызматташтык көбүрөөк өнүгөт. Бирок бул божомол гана", — деди Ибраимов.

АКШнын Кыргызстандын эмнесине кызыгат

Бактыгулов КР менен АКШнын ортосунда жакын жана жылуу мамилелер жок деп белгиледи. Тышкы саясий чөйрөдө талкуулоо үчүн камчыга сап болчу эч нерсе жок. Ошентсе да АКШнын Кыргызстанга кызыкканы бар. 

"Аймакта негизинен Өзбекстан сыяктуу лидерлерге басым жасашат. Азырынча баарынан көп таш Өзбекстандын куржунунда", — дейт Бактыгулов.

Ибраимов болсо Кыргызстан өлкөдөгү демократиянын болушу менен гана америкалыктар үчүн кызыктуу болорун айтып, ал эми башка жагынан, анын ичинде экономикалык жактан да, эч кызыктырбайт деп эсептейт.

"Геосаясий жактан алганда, өзүбүздүн ыңгайлуу жайгашканыбыз менен кызыктырабыз. Бирок мурда деле ошондой элек да, андыктан анча айырмасы жок. Ошентсе да кептин баары майда-чүйдөсүндө. Эмнеси болсо дагы Клинтон аймакты Трампка караганда жакшыраак билет", — деп эсептейт Ибраимов.

Клинтондун артыкчылыгы эмнеде?

УКМК алдындагы Коомдук кеңештин мурдагы жетекчиси Кайрат Осмоналиев Трамп АКШнын аймакта жана айрым өлкөлөргө карата саясаты кандайча жүрө турганын белгилеген жок дейт.

"Менин жеке пикиримде Клинтон саясатчы катары көбүрөөк белгилүү, мамлекеттик катчы болгон. Анын кийинки кадамдарын алдын ала билсе болот. Клинтондун саясаты биздин кызыкчылыктарга ылайык келбестир, бирок ал аздыр-көптүр бизге түшүнүктүү ", — деди Осмоналиев.

Ал Клинтон аял болгон үчүн көбүрөөк жага турганын, анан калса, аялдар өлкөнү ийгиликтүү башкарганына мисалдар көп экенин белгиледи. 

"Эркектер, айрыкча ашыкча мансапкорлору жана кескин көз караштагылар ыңгайсыздык сезимди жаратат", — деп кошумчалады Осмоналиев.

Ошентип эксперттердин көпчүлүгү жаңы президенттин келиши менен кыргыз-америка мамилелери жанданып кетпейт деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0