Түрк министринин чакырыгы "Себат" лицейлеринин жабылуусун шарттайбы

© AFP / DANIEL MIHAILESCUТүркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-июлга караган түнү Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш аркылуу басып алууга аракет болгон. Түркиянын президенти өлкөдө баш аламандыкты учурда АКШнын Пенсильвания штатында жашап жаткан дин аалымы Фетхуллах Гүлен уюштурганын айтып, анын жактоочуларын террорист деп атаган.

Өз кезегинде дин аалымы Гүлен саясаттан алыс экенин, түрк бийлигинин айыптоолору суу кечпей турганын айткан.

Президент Турции Тайип Эрдоган с телохранителями в Стамбуле, Турция. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган бийликти басып алууга аракет кылгандар өч алышы мүмкүн экенин айтты
Ал ортодо Түркиянын аймагында "гүленчилерге" таандык делген 1,7 миңден ашык мектеп, бир катар саламаттык сактоо борборлору, фонддор жана коомдук бирикмелер жабылды. Андан сырткары, мамлекеттик кызматта иштеген 46 миңден ашык киши кызматынан бошотулган. Маалыматка ылайык, билим берүү тармагында иштеген 42 миң 767 киши, Үй-бүлө жана социалдык саясат министрлигинен — 599, Илим, өнөр жай жана технология министрлигинен — 560, Транспорт, деңиз иши жана коммуникация министрлигинен 529 киши жана TRT каналынан 300 киши кызматтан алынган.

Түркиядан чакырык

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өлкөнүн Алания аймагында болгон жыйында Кыргызстандагы "Гүлендин" мектептерин жабуу боюнча КР тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнү аймактын расмий сайтында жарыяланды.

"Кыргызстандын тышкы иштер министрине телефон чалып сүйлөштүм. Эгер аларга (гүленчилер — авт.) каршы аракеттер жасалбаса, биздин да мамилебиз өзгөрө турганын айттым", — деди түрк министри.

Ал өз сөзүндө террорист деп саналган "гүленчилердин" аракеттерине бир катар мамлекеттерде тыюу салынып жатканын белгиледи. Биринчи кадамды Сомали мамлекети жасап, өлкө бийлиги Гүлендин террордук уюмуна тиешеси бар делген кишилерди бир жуманын ичинде мамлекеттен чыгып кетүүсүн талап кылган.

Түркиянын Тышкы иштер министринин айткандарына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жооп кайтарды. Анда Кыргызстан көз карандысыз өлкө экени жана республика үчүн тийиштүү чараларды өз алдынча кабыл алууга жөндөмдүү мамлекет экени айтылат.

"Кайсы бир өлкөнүн тышкы иштер министри башка мамлекетке кандай аракеттерди кабыл алуу керектигин көрсөтүүсүн туура эмес кадам катары баалайбыз. Аны ультиматум же шантаж катары кабыл алабыз", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик ошондой эле түрк тараптан Кыргызстандын аймагындагы түрк лицейлери тууралуу билдирүү алганын белгилейт.

Түркиянын полиция кызматкерлери Стамбулда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда үч айга өзгөчө кырдаал абалы киргизилди
"Кыргыз тарап аны карап жатат. Зарыл болгон учурда тийиштүү чараны өз убагында кабыл алат. Булардын бардыгы өлкөнүн ички иши экенин баса белгилейбиз", — деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ал ортодо Кыргызстандагы кыргыз-түрк "Манас" университети билдирүү кабыл алып, ректор Себахаттин Балжы Түркияда бийликти басып алууга болгон аскердик аракетти сындап, аны Фетхуллах Гүлендин тарапташтары жасаганын билдирди. Ал ошондой эле кыргыз бийлиги Түркияда болгон окуялардан сабак алып, олуттуу чечим кабыл алышы керектигин айтканын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

"Өз мекенине, өз элине мындай жаман иштерди жасаган немелер Кыргызстанга дагы терс таасирин тийгизерин бийлик эске алып, сөзсүз түрдө чечим кабыл алышы керек", — деди Балжы.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "Себат" лицейлерин жабуу керектиги тууралуу пикирлерин бир нече ирет билдирген болчу. Алардын бири экс-депутат Жылдызкан Жолдошева анын айткандарын айрымдар туура эмес түшүнүп, маалымат таратканын белгиледи. Ал эми мурдагы эл өкүлү Түркия тараптын лицейлерди жапкыла деген маанайдагы билдирүүсүн ультиматум катары сыпаттаганын айтып, аны мамлекет жетекчиси жети өлчөп бир кесиши керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда көз караш кандай?

Дин аалымы Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүлен Түркиядагы төңкөрүштү бийлик өзү жасашы мүмкүндүгүн айтты
Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына таандык делген мектеп, окуу жайлар дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде бар. Кыргызстандагы "Себат" эл аралык билим берүү мекемеси да Гүлендин идеясы менен ачылганы айтылып келет. Аталган окуу жай Кыргызстанда 1993-жылы өз ишин баштаган. Анын карамагында учурда 16 лицей, үч башталгыч мектеп жана бир университет бар. Аталган окуу мекемеси ачылгандан бери аны 13 миңден ашык окуучу аяктаган.

Билим берүү тармагы боюнча серепчи Мырза Каримов башка мамлекетте болуп жаткан саясий окуялардын таасири менен бул окуу жайларды саясатташтыруунун кажети жок экенин айтат.

"Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандардын көбү ушул "Себат" лицейлеринин окуучулары. Бул жакта билим берүү жана тартип башка мектептерге караганда бир топ өйдө. Булардын берген илимин ошол эле мамлекеттик, же башка жеке менчик мектептер бере албай жатат. Андыктан окуу жайдын айланасында айтылган башка ойлорду Түркияда болуп өткөн иштерге шылтоолоп саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм", — дейт ал.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов лицейлердеги билим берүү сапаты башкаларга салыштырмалуу жогору болгону менен айырмаланарын айтат.

"Бул окуу жайларынын өзгөчөлүгү таланттуу балдарды тандап алганында. Көпчүлүк учурда өзгөчө таланттуу балдар сегизинчи класстан кийин окубай коет. Буларда андай жок, окууга болгон умтулуу мектепти аяктаганга чейин болот. Анткени окуучулар арасында атаандаштык аябай күч", — дейт ал.

Анкарадагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда бийликти басып алууга болгон аракеттен соң 14 кеме жана 2 тик учак жоголду
Муратов аталган мекеме өз ишин КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлү менен жүргүзөрүн белгилеп, окуу программаларында дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлар пайдаланган китептер колдонуларын айтат. Андан сырткары, табигый так илимдер англис тилинде окутулгандыктан окуучулардын дүйнөлүк түрдүү олимпиадаларда байгелүү орундарды алуусуна өбөлгө түзүп жатканын баса белгиледи.

Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев буларга токтолду.

"Биздин жумуш билим берүү болуп эсептелет. Андыктан биз өз жумушубуз менен алектенебиз. Эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан өлкөнүн мыйзамдарында каралган укуктардын чегинде өз ишмердүүлүгүн алып барат", — дейт ал. 

Кудайбердиев ошондой эле Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемелеринин мектептери Фетхуллах Гүлендин идеясы менен ачылганын жашырган жок. 

"Мындай мектептер бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн 130дан ашык мамлекеттеринде бар. Кореяда, Япония, АКШда, Европада иштеп жатат. Алар өз ишмердиктерин кадимкидей эле аткарууда. Билим берүү мекемелери ачылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, билим берүү программасы менен иштейт", — деп Кудайбердиев кошумчалады.

Түркияда болгон акыркы окуялардан улам өлкө бийлиги Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын террордук уюм деп жар салган. Түркиянын мындай пикирин Түндүк Кипр мамлекети да колдоого алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0