Тендер чуусу: миллиондорду чапчыган тамгалар, же "латындашуудан" кантип арылуу керек

© Sputnik / Михаил ДудинМамлекеттик сатып алуулар сайтын окуп жаткан адам. Архив
Мамлекеттик сатып алуулар сайтын окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменти тендерлер боюнча жарыя чуусун жөнгө салуу үчүн латын тамгаларына "санкция" киргизгени турат.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Акыркы учурда мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган бир катар тендерлер туура эмес, тагыраагы кириллица эмес, кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн латын тамгалары менен киргизилген деген маалыматтар чыккан. Алардын бири Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 431 миллион сомдук үйдү куруу боюнча жарыяланган тендери деп айтылууда. Бул туурасында "Акчабар" финансылык порталы жазып чыкты.

Тамгаларды кантип алмаштырылат? 

Кириллицадагы тамгаларды латын алфавитиндеги окшош тамгалар менен алмаштыруу жолу аркылуу көз боёмочулук кылган деген варианттар айтылууда.

Жол салуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Бишкек — Кара-Балта жолунун тендерин 1 млрд. сом кымбат айткан компания уткан
Маселен, "мектеп" сөзүн алалы. Андагы Е тамгаларын латын тамгасы менен жазып коюуга болорун айтышууда. Тендер жарыялагандар чоочун көздөр таппай калышы үчүн ушундай ыкма менен жазылган сөздү сайтка жайгаштырат. Бирок сайттан издеп, тендерге катышам деген кишинин оюна бул сөздүн алмашкан тамгаларын латынча жазуу оюна да келбейт. Ошентип, ал куру жалак калат да, берки жең ичинен сүйлөшүп алган киши, жарыяланган тендерге латын-кириллица менен жазылган сөздү сайтка киргизилгендей тартипте "таап чыгып" тендердин жеңүүчүсү болуп калат. 

Тендер токтотулду

Басылмалардын жарыяны берүүдө эреже боюнча кадимки эле кириллица эмес, өзгөртүлүп латын тамгаларынын пайдаланылганы боюнча маалыматынан кийин Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент жарыяны токтоткон. Бул туурасында аталган департаменттин директорунун орун басары Сүйүнтбек Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

"Оштогу ИИБдин сайтка жайгаштырган конкурсу жокко чыгарылды. Алардан 8-июнда тендердик токтотулгандыгы боюнча кат келген. Негизи, латын тамгаларын колдонгондо деле сатып ала турган уюмдун атын билип же жарыянын номуру менен тапса болот. Ал катышуу мүмкүнчүлүгүн таптакыр жокко чыгарып же жарыяны катып кое алат дегендик эмес. Мында болгону жарыяны бир-эки күн издегенде табыш кыйыныраак болуп калат", — деди Мүсүралиев.

Ал аталган факты боюнча Ички иштер министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Ашырбаев: тендер токтотулган жок

ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев жарыяланган тендер токтотулбаганын айтты. 

"Жарыяны койгондо эле туура эмес болууда деген сөз чыккан… Сайттагы компаниялардын ар бирине тизме боюнча тендерге катышууга электрондук маалымат жөнөтүлгөн. Бул жерде кандайдыр бир оюн болгондой эле элес калтырып жатат. Тендерди эч ким жокко чыгарган жок. Латынча арип менен коюлган дегенди далилдеш керек. Азыр тиешелүү комиссия текшерип жатат. Биз өзүбүз текшерген учурда деле латын ариптери менен коюлганы байкалган эмес ",— деп билдирди Ашырбаев. 

Анткен менен Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында жарыяланган тендердин графасында токтотулду деген маалымат илинип турат. 

Жогорку Кеңештин жаңы сайты - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын 250 миң сомго жасалган сайты: депутаттарды онлайн көрүүгө болот
Буга чейин аталган департаменттин жетекчиси бир катар маалымат каражаттарына "коррупцияга шектенүүгө негиз бар экенин, мындай учурда аталган мекеме Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМдин Бешинчи башкы башкармалыгына кайрылуу жолдой турганын" айткан. 

Азырынча аталган иште коррупциянын элементтери бар же жок экендиги боюнча тартип коргоо, көзөмөл органдары так маалымат бере элек. 

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттен мындай маанайдагы кайрылуу келип түшпөгөнүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтты. 

"Аталган департаменттин жетекчилигинен ИИМдин Ош шаардык башкармалыгынын жарыялаган тендери боюнча билдирүү келип түшө элек", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Мындай ызы-чуудан кийин департамент латын арибине байланышкан маселени даярдалып жаткан мыйзам долбооруна өзүнчө бир маанилүү учур катары киргизүүнү пландап жатат. 

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүү боюнча иштеп жаткан жумушчу комиссия бар. Учурда кыргызча, орусча эки тилде, кириллица тамгаларында гана жарыяны сайтка киргизүү каралып жатат. Мында бренддер, өндүрүүчү ишканалардын аттарын гана латынча жазууга уруксат берип, калган учурда колдонбош керек деген демилге киргизилүүдө", — деди Мүсүралиев.

Адистер тендер ишине көлөкө түшүргөндөрдүн жолун тапса болот дешет

Маалымат коопсуздугу боюнча борбордун адиси Антон Кирсанов латын жана кириллица тамгалары аралаштырып жазуу көп эле жерде колдонуларын айтты. 

"Бул — маалыматтарды интернет булактары бири-биринен көчүрүп алып, бирок, текст мурункусуна коёндой окшош болуп калбасы үчүн латын тамгаларын аралаштырып пайдаланылып келе жаткан ыкмалардын бири. Албетте, бул туура эмес. Бирок, буга бөгөт коюунун жолдорун тапса болот", — деди Кирсанов.

Анын айтымында бул сайтта чоң, кичинекей тамгалар менен, латынча же кириллица жазганда, сөздөрдү ката менен киргизгенде деле ошол маалымат табылгандай кылып, издөө системасын жакшыртууга болот. Андан сырткары алмашылып калган белгилерди көрсөтүп берип жана кетирилген бул катачылыкты алып чыккан программаны түзүү кыйын деле эмес. 

"Кыязы, кыргызстандыктар бул сайтта маалыматты машакатсыз издөө үчүн акысыз сервис түзүү керек окшойт. Жакындан тарта бул ишке киришем", — деди адис. 

Тамгаларды айырбаштагандарды жазага тарта турган мыйзам жок

Ал эми "Вигенс" деп аталган укуктук борбордун президенти Владимир Плужник, мыйзам боюнча тендердик баракчада латын жана кириллица ариптерин айырбаштагандарды мыйзам менен жазалоого мүмкүн эмес.

"КРде мындай мыйзам бузуулар үчүн жазага тартылбайт. Сайттагы маалыматтар расмий документ болуп эсептелбейт, себеби бизде Интернет жөнүндө мыйзам жок. Бир гана жол — ар бир арызды өз алдынча карап көрүү же докуметтерди кагаз түрүндө алуу", — деди Плужник.

Ал тендерди утпай калганда да компания өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылып сотко бере аларын кошумчалады. 

"Анткен менен мында деле сайттагы каталар сотто далил катары каралбашы мүмкүн", — деди ал.

Бекешов латын ариптерине тыюу салуу керек

Депутат Дастан Бекешов Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтты жакшылап жасап чыгуу зарылдыгы жана тендер боюнча жарыяда латын ариптерин колдонууга тыюу салуу керек деп эсептейт.

"Жогорудагы юрист бул жерде эч ким жазага тартылбай кала тургандыгын туура баамдаптыр. Андыктан учурда мыйзам долбоору иштелип жатат. Ал эми сайт абдан керектүү, анын аркасынан биз ким канча сатып алып, кандай компаниялар катышып жаткандыгын билип жатабыз да", — деди Бекешов. 

Медицина символу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин саламаттык сактоо департаментине кылмыш иши козголду
Анын пикиринде, мыйзам долбоору эч кандай тоскоолдуксуз эле өтүшү керек, бирок ал деле коррупциялык аракеттерди толугу менен токтото албайт. 

"Биз бүгүн латынчага тыюу салдык дейли, эртең мыйзамды айланып өткөн дагы бир ыкманы ойлоп чыгышат. Бирок баары бир күрөшүүбүз керек, үзгүлтүксүз күрөшө берип гана тендердин ачык-айкындуулугуна жете алабыз", — деди депутат. 

Буга чейин коомчулукка "латын ариптери" чуусу жабышкан Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу боюнча эки тендери жана Чоң-Алай администрациясынын социалдык объектилерди курууга жарыяланган тендери маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0