Паспортто улутту көрсөтпөө сунушу, Россия, Казакстан тажрыйбасы, кайчы пикирлер

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы бере турган паспортто улутту көрсөтпөө демилгеси кызуу талкууга жем таштады. Уялып улутун жашыргандар, улуту көрсөтүлгөнү үчүн жабыркагандар жана демилгечилердин пикирин төмөнкү макаладан окуңуздар.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын жаңы паспортунда улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дарегин көрсөтүүчү үч графа алып салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрага орун басары Дастан Догоев билдирди.

Буга чейин МКК төрагасы Тайырбек Сарпашев биометрикалык жаңы паспорттор кыргызстандыктарга 2016-жылдын экинчи жарымынан тарта бериле баштай турганын айткан. 

"Бул жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашоо дареги тууралуу маалымат таптакыр алып салынат дегендик эмес. Бардыгы электрондук форматка өткөрүлөт, башкача айтканда паспортто чип болот. Ал маалыматтар жөнөкөй көз менен караганда көрүнбөйт. Паспорттор мурункудан сапаттуу материал — поликарбонат пайдаланылганы менен айырмаланат. Сүрөт жайгаштырууда лазердик принтер колдонулат ", — деп билдирген Догоев. 

Эски үлгүдөгү паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
МКК эмне үчүн эски үлгүдөгү паспорттор жараксыз деп табылаарын түшүндүрдү
Догоев паспорттун дизайнын коомчулуктун сынына август айында алып чыгуу пландалып жатканын белгилеген. Ага чейин сунуштала турган үлгү мекемелер аралык топтун колдоосуна ээ болушу керек. Азырынча жаңы документтин дизайны аягына чейин толук иштелип бүтө элек. Ал эми эски үлгүдөгү паспортторду (ID-card) мөөнөтү аяктагыча пайдаланууга уруксат берилет.

Эл өкүлү Дастан Бекешов демилгени колдоого ала турганын айтып, бул көрүнүштү саясатташтырбаш керек деген ойдо. 

"Паспортто улутун көрсөтүп-көрсөтпөөнү ар бир жаран өзү чечиши керек. Анткени бул ар кимдин өз укугу. Анткен менен азыркы демилгеге ылайык маалыматтар чипке түшүрүлөт. Андыктан бул көрүнүштү саясатташтырбаш керек. Мен демилгени колдойм", — деди Бекешов.

Депутат Мээрбек Мискенбаев башка улуттун өкүлдөрү паспортуна Кыргызстандын жаранымын деп жазганы жакшы көрүнүш дейт. 

"Өлкөдө канчалаган улуттун өкүлдөрү бар. Алардын баары "кыргыз жараны" деп жаздырса жаманбы? Демилгени колдош керек", — деди Мискенбаев. 

Анткен менен Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы, экс-спикер Адахан Мадумаров демилге чыкса эле түшүнүп-түшүнбөй колдоо модага айланды, ар бир адамдын аты аталган сыяктуу эле улуту да аталышы керек деген пикирде. 

"Улутунан уялгандар жазбай эле койсун. Өнүккөн өлкөлөрдө адамдын канынын кайсыл топто экенине чейин маалымат камтылат. Андыктан паспортто улут ачык көрсөтүлүп турганы максатка ылайыктуу болот", — деди Мадумаров.

Ал эми улуту өзбек, бирок кыргыз жараны болгон Сайдулложан Каптаев паспорттогу улут деген кээде тоскоолдук жаратат дейт. 

"Мен окуу жайга тапшырып жатканда кыйынчылыктар болгон. Эч ким деле бут тоспойт, болгону мамилелер башкача болуп калат экен", — деди Каптаев. 

Ал эми кыргыз улутунун өкүлү Эркинай Бектенова кыргыз болгону үчүн сыймыктанат. 

"Паспортто кыргыз улуту деп көрсөтүлүп турганы мен үчүн сыймык. Албай эле койсо болмок", — деди сатуучу. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган маселе башка өлкөлөрдө кандай жөнгө салынганына кызыгып көрдү.

Россияда 1990-жылы паспортто улутун көрсөтүү алып салынган. Анткен менен өткөн жылы Мамлекеттик Думанын депутаттары каалагандарга паспортуна улутун көрсөтүүгө укук берген мыйзам долбоорун жазып чыгышкан. Анткен менен демилге колдоо тапкан эмес. 

Паспортко салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пулуң болсо кулуңмун: кадыры кеткен кыргыз паспорту
Бул маселе Украинада да чечилбей келет. 1996-жылы аталган өлкө паспортунан улутун көрсөтүүнү алып салган. Көп өтпөй маселе козголуп, 2012-жылы Жогорку Раданын депутаттары улутун көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун жазып чыгышкан. Анткен менен 2012-жылдын ноябрь айында биометрикалык паспортторду колдонуу боюнча мыйзам колдоо таап, ал паспортто улут көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми Литвада 2003-жылдан тарта паспортто улутун көрсөтүүнү алып салып, көптөгөн жарандардын кайрылуусунан улам 2015-жылдын 1-январынан тарта кайра киргизилген. 

Аталган көрүнүш кошуна Казакстанда да катталган. 2009-жылдан тарта казак жарандарына жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор бериле баштаган. Анткен менен демилге көпчүлүккө жакпай, 2011-жылы "каалагандар паспортуна улутун көрсөтсө болот" деген чечим чыккан.

Буга чейин Сингапур менен Израиль паспортторго улутту жазуудан баш тартса, АКШ, Германия паспортторунда улут көрсөтүлбөй эле келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0