Жарым кылымдык кептер: Кыргызстандагы кагаз бетинде калган ири долбоорлор

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкскаватордун ковшун оңдоо иштери. Архив
Экскаватордун ковшун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда айрым ири долбоорлор жарым кылымча мурун иштеле баштаган. Бул "кылым курулуштары" эмне үчүн ишке ашпай калганын Sputnik Кыргызстан редакциясы бир эскерип көрүүнү туура тапты.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин Кыргызстанда бир катар зарыл деп таанылган ири долбоорлор аягына чыкпай калган. 

Атамбаев "Датка – Кеминдин" кызыл тасмасын кесип, ишке киргизди
Алардын айрымдары кийинчерээк гана ишке ашырылды. Буга "Датка — Кемин" электр линиясы кирет. Анын аркасы менен өлкө жетекчилиги билдиргендей, жарык берүү жагынан көз карандысыздыкка жетиштик. Эми Кыргызстан иштелип чыгып жаткан бардык электр кубатын коңшу мамлекеттер аркылуу эмес, өз аймагынын чегинде берип жатат. 

Sputnik Кыргызстан редакциясы кайсы ири курулуштар кагаз бетинде калып же жаңы башталган бойдон ишке ашпай турганын тизмектеп көрдү. 

Камбар-Ата ГЭСтери жана ГЭСтин Жогорку-Нарын каскады 

Акыркы жылдары Кыргызстанда электр кубатынын жетишсиздиги көйгөйгө айланган. Анын алгачкы жышааны — Курманбек Бакиевдин учурундагы жарыкты өчүрүүлөр, 2013-жылдан тартып электр кубатын экспорттоо токтотулуп, керек болсо 2014-жылдан тарта Кыргызстан аны сырттан сатып ала баштаган. Мындан улам электр кубатын иштеп чыгуучу жаңы ишканаларды киргизүү маселеси курчуган. 

Үч Камбар-Ата ГЭСин (КАГЭС) долбоорлоо иштери 1970-жылдары эле башталган. КАГЭС-2 1986-жылы курула баштап, бирок каражаттын жоктугунан 90-жылдары токтоп калган. Болжонгон кубаттуулугу – ар бири 120 мегаваттык үч три агрегат эле.

Курулуш иштери 2007-жылы кайра башталып, үч жылдан кийин бир агрегат орнотулган. Дагы бирин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үчүнчүсүн Камбар-Ата ГЭС-1 ишке киргенден кийин гана орнотсо болот. Анын пландалган кубаттуулугу 1800 мегаватт. Бирок КАГЭС-1 жана 3 аягына чыкпай калган. Үч миллиард доллардан жогору бааланган КАГЭС-1 инвестордун акчасы жоктугунан ишке ашкан эмес. 

Курулуш ишетри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Нарын ГЭСинин курулушунда кызмат көрсөтүү үчүн тандалган эки компания из жашырып кеткен
Жогорку-Нарын каскадын куруу боюнча долбоорлук иштер 1960-жылдары башталган. 2012-жылы кыргыз-россиялык мамлекеттер аралык макулдашуулардан кийин курулуштун техникалык-экономикалык негиздери иштелип чыгып, төрт станциянын жалпы кубаттуулугу 237,7 мегаватт жана баасы 727 миллион долларды түзгөн. Кыргызстандын "Электр станциялары" ААК менен Россиянын "Русгидро" АКнын биргелешкен долбоорун ишке ашыруу 2013-жылы башталган. 37 миллион доллар сарпталып, бирок инвестордун каржылык кыйынчылыктарынын айынан макулдашуу денонсацияланган

Белгилей кетсек, энергетика жаатындагы долбоорлор экология көйгөйлөрүн жана аймактын сейсмологиялык кооптуулугун дайым эске салып турган коңшулардын нааразылыгын жараткан. Экинчи жагынан, алысты көздөгөн долбоор — коңшулаш Өзбекстан менен Казакстанга таасир көрсөтүүнүн куралы дагы болушу мүмкүн эле. Өзбек президенти Ислам Каримов суу корлорунун айынан аймакта чыр-чатактар болушу мүмкүндүгүн бир нече ирет айтканын да эстөө кажет. 

Кошуналардын нааразылыгына карабай, инвесторлорду издөө учурда улантылып жатат.

Таш-Көмүр шаарындагы минералдык жер семирткичтер заводу

Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди илгертен эле сатып алат. Өлкөнү өз жер семирткичи менен камсыз кылуу үчүн завод куруш керек эле. Курманбек Бакиев президент болуп турганда кытайлыктар Таш-Көмүр шаарына жакын жердеги Тегене көмүр кен жайында ишкана курууну пландап, бирок бир катар себептер менен кайра баш тартышкан. Сүйлөшүүлөр 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин дагы улантылып, Айыл чарба министрлигиндеги атка минерлердин көңүл жубаткан рапортторуна карабай, Кытайдын компаниялары долбоорго катышкан жок. Ишкананын болжонгон кубаттуулугу 300 миң тоннадан жарым миллион тоннага чейин, ал эми баасы 300-600 миллион долларды түзгөн.

Курулушка экологиялык таза өндүрүмдү чыгаруучулар каршы болушкан.

Кара-Кече көмүр кен жайындагы (Нарын облусу) жылуулук электр станциясы 

Кара-Кече: миллиондогон тонна "кара алтын" кантип казылат
Кара-Кече ЖЭСти куруу демилгеси 2005-2007-жылдары көтөрүлүп, бирок ишке ашырылган эмес. Жакшы жагы — аталган ЖЭСтин аркасы менен өлкө суу энергетикасынан көз карандысыздыкка жетишмек, суу аз болгон жылдары өлкө бир топ кыйналган. Быйыл комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн конкурс жарыяланган. Аталган долбоор жалпы кору 556 милилон тоннаны түзгөн кен жайын иштетүү, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече (183 чакырым) темир жолун жана Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу (1 200 МВт) иштерин өзүнө камтыйт. Бирок катышууну каалоочулардын жоктугунан конкурс болбой калган. Салыштырсак, ЖЭС кубаттуулугу жагынан Кыргызстандагы эң ири деп эсептелген Токтогул ГЭСи менен тең (1200 мегаватт).

Бул долбоорго экологияны коргоочулар каршы чыгып, дүйнө жүзүндө ЖЭСтерди жаап же экологиялык таза отунга которуп жатканын айтып чыгышкан.

Кытай — Кыргызстан— Өзбекстан темир жолу

Иран менен Түркияга жетип, Европа менен бириктире турган темир жол куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына 20 жылдан ашты. Кыргызстан үчүн деңизге чыгуу үчүн жол ачылып, экинчиден, жүк ташуудан көп миллиондогон каражат түшмөк. Ошондой эле анын аркасында өлкөнүн түштүк-түндүгү темир жол менен туташмак.

Кытай — Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандан өткөн бөлүгү 430 чакырымды түзөт
Бирок талкуунун жүрүшүндө бир нече принципиалдуу маселелер пайда болгон. Алсак, Кыргызстандын курулушка пайдалана турган жеринин баасы эң аз дегенде 1 миллиард 340 миллион долларды түзгөн. Кыргызстан эсептешүүнү кен жайлары менен жүргүзөт деген вариантты кыргыз тарап четке каккан. Экинчи маселе темир жол нугуна байланыштуу болгон, себеби Кытайда 1435 миллиметрлик эл аралык стандарт колдонулса, Кыргызстанда 1520 миллиметрлик советтик стандарт сакталган. 2015-жылдын башында сүйлөшүүлөр кайра жанданып, техникалык-экономикалык негиздери иштелип чыга баштаган. Маселе дагы эле талкууланууда.

Улуттук коопсуздукка коркунуч жаралат деп эсептеген жана бир нече мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн максатка ылайыктуулугун таппаган эксперттер бул долбоорго каршы чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0