Премьер-министрликке коомчулук сунуштап жаткан төрт талапкер

Жазылуу
Өкмөт башчылык креслого коомчулукта талкууланып жаткан талапкерлердин арасында жогорку бийлик бутагында турган жетекчинин бир тууганы, саясатта депутаттык тажрыйба менен чектелген адам жана "ийкемдүү" делген саясатчылар бар.

Өкмөт башчы Темир Сариевдин айланасында "тендер чуусу" башталгандан тарта социалдык тармактагылар менен басылмалар анын ордуна келе турган талапкерлерди атай баштады. Төмөндө азыркысы отставкага кетип, жаңы өкмөт башчы болот деген талапкерлердин бейнесине Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги көз жүгүртүп көрдү. 

© прессс-лужба правительства КРПрезиденттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сооронбай Жээнбеков
Представитель правительства Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сооронбай Жээнбеков

Бийлик бутагына бир туугандар келеби? Адегенде эле төрт ай мурда өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк кызматынан борборго жылып, Мамлекеттик кадр кызматына келип, кийин президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган Сооронбай Жээнбековдун ысымы аталды. Коомчулукту суроого жетелеп турганы – ал бийлик жогорку бутактарынын бири, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы экендиги. 

Сооронбай Жээнбековдун саясий карьерасы менен жетекчилик таржымалына көз салсак, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын эки жолу депутаты, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын министрлик кызматын аркалаганын көрөбүз. 

Алгачкы кесиби — зооинженер, жогорку билимге Скрябин атындагы Кыргыз Айыл чарба институтунан ээ болгон.

"Ийкемдүү" саясатчы. Негизги талапкер катары учурдагы өкмөттөгү экинчи адам болуп турган — биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин ысымы аталууда. Азыркы кызматына чейин ал Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп келген. Мамлекеттик жогорку кызматтык тепкич менен 2007-жылдары Ош облусунун губернатору болуп дайындалгандан тарта көтөрүлө баштаган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Аалы Карашев
Вручение Госэкотехинспекции автомобилей Нива - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Аалы Карашев

Азыркы коомчулукта бул саясий фигураны мурдагы Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын карачечекей болбосо да күйөө баласы, азыркы Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жездеси деп айтып келишет. 

Өкмөт мүчөлөрү отставкага кеткен Темир Сариевди ордунан туруп кол чабуу менен узатышты
Карашевдин саясий карьерасы менен жетекчилик таржымалына көз салсак, мындан беш-алты жыл мурдагы вице-премьерликтен тарта, Ош облусунун губернатору, Кадр кызматынын жетекчисинин кызматында иштегендигин көрөбүз. Аны коомчулук бийлик алмашкан сайын тилин таап, аткаминерлик кызматтан кол жуубай келе жаткан "ийкемдүү" саясатчы катары билет. Муну менен катар жакшы аппаратчы катары сыпаттап келишет. 

Карашевдин алгачкы кесиби — зооинженер, тагыраагы биринчи жогорку билимин Скрябин атындагы Кыргыз Айыл чарба институтунан алган.

Саясий айдыңда депутаттыгы менен таанылган талапкер. Өкмөт башчылык креслого отурат дегендердин катарында айтылып жаткандардын бири – Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев
Депутат Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев

Саясий айдыңга 2010-жылы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңешке келип аралаша баштаган. Ага чейин Токмоктун мэри болуп, бийлик кескин алмашкандан кийин ал кызмат менен коштошууга туура келген.

Депутаттык мандат алгандан кийин аталган партиянын лидери Өмүрбек Бабанов менен тил табыша албай, фракция ичинде ажырым жараткан. Кийин фракция Исаевди өзүнүн курамынан чыгарып, ал "Ынтымак" деп аталган өзүнчө депутаттык топту түзүп кеткен.

Кыргызстан фракциясынын лидери Канат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Исаев тууралуу: керт башынын кызыкчылыгын өлкөнүкүнөн өйдө коет
Былтыркы парламенттик шайлоого Исаев "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп келип, учурда фракция жетекчиси.

Сариевди ээрден алып түшүрүү боюнча жүрүп жаткан иштерде депутаттык комиссияны түзүү Исаев тарабынан демилгеленгендигин өкмөт башчысы Facebook баракчасында билдирди. Бул маселеде "Империя групп" деген аталыштагы компания менен Исаевдин аты байланыштырылып жатат.

Бул адамдын саясий карьерасы менен жетекчилик таржымалынан Токмок шаарынын мэрлик кызматын, Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы толук эмес мөөнөттөгү депутаттыкты, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жана азыркы депутаттыгын көрө алабыз. 

Исаев учеттук-коммерциялык факультетте окуп, жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттен алган.

Экс-мэрликтен өкмөт башчылыкка карай. Кубанычбек Кулматовдун ысымын коомчулук азырынча Бишкек шаар башчысы менен байланыштырып эстейт. Учурда ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусун жетектеп турат. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОрус-кыргыз өнүктүрүү фондусун жетекчиси Кубанычбек Кулматов
Экс-мэра Бишкека Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусун жетекчиси Кубанычбек Кулматов

Кулматов мамлекеттик кызматка 2004-жылы Бажы кызматы департаментинин башкармалыгын жетектегенден тарта аралаша баштаган. Ал мамлекеттик кызматтын тепкичтерине Мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун орун басары, андан төрт жылдан кийин төрагасы болуп шайланып көтөрүлгөн.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: аткарылбай калган иштер, акталбай калган үмүттөр үчүн элден кечирим сурайм
Азыркы өкмөт башчы Сариев менен экс-мэр Кулматов шаардын инфратүзүмү, жолдорду салуу, оңдоп-түзөө сыяктуу иштери менен ар ишемби сайын шаарды кыдырып, чогуу иштеп калган жайы бар. 

Кулматовдун саясий карьерасы менен жетекчилик таржымалына көз салсак, Мамлекеттик бажы инспекциясын жетектеп, КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү жана Бишкектин мэрлик кызматын көрөбүз.

Кулматов алгачкы кесиби боюнча тарыхчы, биринчи жогорку билимин Кыргыз мамлекеттик университетинен алган. 

Эксперттин пикири: премьерликке ким жарайт?

"Өкмөт башчылыкка келерки жылда боло турган президенттик шайлоого талапкерлигин койбогон адам келет. Болбосо, бул сапар боло турган премьер креслосуна 6-9 айдан ашык отурбайт", — деди эксперт Игорь Шестаков.

Анын пикиринде, бул кызматка азыркы биринчи премьер-министр Аалы Карашев ылайыктуу болуп турат. Себеби, жакшы аппаратчы жана президенттик шайлоодо жакшы иштеп берет. Андан сырткары, парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун ыңгайы келип турат, ал КСДП позициясын аткаруу бийлигинде бекемдөөгө кызмат өтөйт дейт.

Шестаковдун айтымында, өкмөт башчылык орунга парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги каралып калыш мүмкүн. Эксперт мунун себеби катары "ал айыл чарбасын кайра жандандыруу боюнча программаны аздыр-көптүр алып барып келет" деп негиздеди. 

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0