Талант Разаков: терроризм менен күрөшүүдө АКШ "чаап алуучулук" ыкмаларын колдонууда

© AFP / HENNY RAY ABRAMSАКШдагы Нью-Йорк шаарындагы Дүйнөлүк соода уюму жайгашкан эгиз мунараларга учактар урулгандан кийин абал. Архив
АКШдагы Нью-Йорк шаарындагы Дүйнөлүк соода уюму жайгашкан эгиз мунараларга учактар урулгандан кийин абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперт Америкадагы терактыдан соң терроризм учурда саясий куралга айланып, аны менен күрөш көп жаңылыштыктар менен коштолгон деген пикирде. Ирак, Ливия сыяктуу мамлекеттердин негизсиз эле талкаланып кетиши буга айкын далил.

БИШКЕК, 11-cен — Sputnik. Мындан он төрт жыл мурда террористтер АКШда төрт учакты басып алып, Нью-Йорк шаарындагы Дүйнөлүк соода уюму жайгашкан эгиз мунараларга эки учак келип урунган. Бул терактыдан кийин дүйнөдө коопсуздук, идеологиялык үстөмдүк маселеси курчуду.

Бул жаатта коопсуздук боюнча эксперт, атайын кызматтардын отставкадагы полковниги Талант Разаковдун пикирин билдик. Эксперт 11-сентябрдагы террактыдан кийин дүйнө кандай жакка өзгөргөнүн, үстөмдүк менен жасалган АКШнын кадамдары кандай кесепеттерге алып келгенине токтолду.

Эксперт: "Ислам мамлекетин" "Правый сектор" менен окшоштурууга болот
Аналитик терактыдан соң терроризм учурда саясий куралга айланып, аны менен күрөш көп жаңылыштыктар менен коштолгон деген пикирде. Анын айтымында, кетирилген каталарды убакыт азыр даана ачыктап жатат. Ирак, Ливия сыяктуу мамлекеттердин негизсиз эле талкаланып кетиши буга айкын далил.

"Иракта Саддам Хусейнди жок кылабыз деп, аягы эмне болду? Анын ордуна канчалаган ар кандай террористтик уюмдар жаралды. Кезегинде андайларды ошол Саддам Хусейн тосуп турган. Америка Иракка киргенде Россия да катуу сынга алган. Муну бекер кылып жатасыңар деген РФ президенти Владимир Путиндин "вы ведете себя как слон в посудной лавке" (силер идиш саткан дүкөндөгү пилдей болуп жатасыңар) деп айтканы бар. Ал эми дагы бир мамлекет Ливиянын азыркы тагдыры эмне болду? Кезегинде ал жерде уруу-уруу болуп жашаган арабдардын башын бириктирип, ийкемге келтирип турган полковник Мухаммед Каддафи болучу. Азыркы абалды өзүңөр көрүп жатасыңыр. Америка "бекер кылыптырбыз" деп, Каддафинин сөзүн эми эстеп жатышат", — деди Разаков.

Эксперттин пикиринде коомчулуктун үшүн алган терроризм ага каршы туруу үчүн бир топ мамлекеттердин башын бириктирди. Бирок, анда да "чаап алуучулук" ыкмалары кездешип жаткандыгын айтат. 

Дүйнөдө терроризмге каршы мамлекеттер бирикти, ШКУ, ЖККУ, Коалициялык күчтөр пайда болду. 

АКШнын Кыргызстандагы дипломатиясы: тийип туруп жааган күндөн түңүл…
"Талдап карай келгенде, радикалдуу кыймыл-аракетти Коалициялык күчтөр жасап жатат. Ал эми ШКУ, ЖККУ абдан көп учурда, сабырдуулук, токтоолук кылып, бир да мамлекетти террорчу экенсиң деп чаап алган жок. Ар бир мамлекеттин аскердик күчтөрүнүн өзүнүн тактикасы болот. Чет өлкөлүк, батыштагы согуштук күчтөр алдыга кетип, чечкиндүү чара көрөбүз деп, аскер, күч колдонуп жиберип жатышат. Экинчи тарапта андай кездешпейт. Жалган маалыматтын негизинде, мисалы, Иракта көпчүлүктү жок кылып жибере турган куралдар бар деп, анын аягы эмне болду. Маалымат жалган болуп чыгып, эч ким кечирим да сурап койгон жок, жооп берген да жок. Жалпылап айтканда, бир нерсе болсо, Америка бири өлүп, бириң кал деп чыгып кете берет", — дейт эксперт Разаков.

Террорчулуктун тамырын кесүү максатында жасалган басып алуучулук саясаттан улам, бир нече өлкөлөр мамлекеттин бүтүндүгүнөн ажырады, жарандары чилдей тарап, көбү качып-бозуп кетти. Ал эми учурда терроризм боюнча ири державанын долбоору деп айтылып келген "Ислам мамлекети" дүйнөгө кооптуулук жаратып, миңдеген адамдарды качкынга айланып, суу жээгинен табылган наристе өлүктөрүнүн көбөйүшүнө алып келип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0