Эксперт: алдыдагы сомдун куну кетишинен алаксытуу жүрүп жатат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСельский быт в Кыргызстане
Сельский быт в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиаэксперт Григорий Михайлов акыркы кездерде болуп жаткан чуулгандуу окуяларды популярдуу эмес чечимдерден алаксытуу аракети деп баалоого болот деген пикирде. Мисалы, алардын жардамы менен жагымсыз саамалыктардан же алдыда күтүлүп жаткан сомдун куну кетишинен коом алагды кылынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 27-фев — Sputnik. Медиа мейкиндиги маселелери боюнча эксперт Григорий Михайлов Sputnik кабарчысы менен Кыргызстандагы маалымат мейкиндигиндеги абал жөнүндө ой бөлүштү.

Башкы телеканалдар аркылуу маалымат таштоо жана андан аны соцтүйүндөрүндө кепти күчөтө козгоо, ага кошумча ЖМКлар аркылуу колдоо менен эшектин этине байланышкан азыркы ызы-чуу чоң ресурстарга ээ жана күчтүү, бирок азырынча белгисиз бир топ максаттуу түрдө маалыматтык саясат жүргүзүп жаткандыгын күбөлөйт. 

Кимдир бирөө көңүлдүн баарын ушул темага бурууга аракет кылып жатат. Маалыматтын толук эместигинен азырынча жагдай анча түшүнүксүз, бирок бул ишкердикке же айрым бир адамдарга кысым көрсөтүү аракети да болушу мүмкүн.

Дагы бир толук мүмүкн болуучу вариант — бул ЕАЭБга кошулууга байланыштуу санэпидемиялык көзөмөлдөөнүн жаңы ченемдерин киргизүүгө медиалык даярдык. Бизде ветеринардык ченемдер катуулатылат, жана бул чуулгандуу окуя аталгандай ишканалардын баарына белги болот. 

Азыркы учурда мал союулуучу жайлардын 80 пайыздан ашыгы зарыл ченемдерге туура келбестиги жашыруун эмес, жана бул окуя аларды эч кыйынчылыксыз иретке келтирүүгө мүмкүндүк берет. Анын аркасында ЕАЭБга кирген мезгилде коомчулук ченемдердин катуулашына даяр болот жана эч каршы чыкпайт. Ишкерлердин болсо аларды эч каршылыксыз кабыл алуудан башка эч аргасы калбайт.

Дагы бир чындыкка сыярлык версия — элди кайсы бир башка маанилүү процесстерден алаксытуу. Менин оюмча, алагды кылуучу фактор маалымат мейкиндигине чыккан акыркы кездеги окуялардын бардыгында тең бар.

Мурдагы башкы прокурордун чуугалаңдуу билдирүүлөрү, "эшектин" ызы-чуусу, Атамбаевдин билдирүүлөрү менен анын аркасынан болгон Бакиевдерди экстрадициялоого байланышкан кеп-сөздөр — баары тең бири-бири менен байланышы жок, бирок алдыда болуучу окуялардан калктын көңүлүн алаксытуу боюнча бир ролду аткарган окуялар болуп эсептелет. 

Мисалы, активдүү иштеп жаткан Кумтөр темасын мында жаап-жашыруу кыйын, себеби анын мааниси чоң. Ошонуктан андан элдин көңүлүн алаксытуу мүмкүн эмес. Алтын жайынын темасы дагы көпкө чейин ары-бери калчалып, канада тарап эмне сунуш кылбасын, ар кандай оюндар үчүн картага айланып, эмнеси болсо да андан болушунча көп нерсе сыгып алганга аракет жасашат. 

Республикада активдүү даярдык жүрүп жаткан алдыдагы парламенттик шайлоо темасын да жашырып-жабуу кыйын болот.

Мында популярдуу эместиги күн мурун эле белгилүү бир нече чечим болушу мүмкүн. Мисалы, алдыда күтүлүп жаткан сомдун куну кетиши же жагымсыз жаңы иш-чараларды киргизүү же дагы ушул сыяктуу аракеттер.

Жаңылыктар түрмөгү
0