Коом педофилдерди химиялык жол менен бычууну колдойт

© POOL / Медиабанкка өтүүАрхив: Бала бакча
Архив: Бала бакча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичине балдарды уруу жана зордуктоого байланышкан окуялар өлкөдө кенен резонансты пайда кылып, ал эми парламенттин депутаттары педофилдерди химиялык бычуу жөнүндө мыйзам долбоорун киргизүү маселесин кайра көтөрмөкчү болуп жатышат.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Уруп-согуудан жана зордуктоодон жабыр тарткан эки жашар баланын окуясы өлкөдө чоң резонансты жаратты. 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жума күнү кеңешме өткөрүп, балдарга карата зомбулуктун жол берилишин сынга алды. Ал "өлкөнүн кичинекей жарандары жакын адамдарынын зомбулугуна дуушар болушу бул ашынгандык" деди.

Өкмөт башчысынын айтымында, абалы начар үй-бүлөлөрдө балдардын 90 пайызга чейинкиси зомбулук аракеттерине дуушар болот. Алардын катарына туугандарынын колунда калып жаткан мигранттардын балдары да кирет.

Семья мигрантов из Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Оторбаев балдарга жасалган зомбулук жөнүндө: коомдо эмне болуп баратат?
Андан ары Оторбаев балдарга зомбулук кылууга байланышкан окуяларды мисал келтирди. Анын маалыматы боюнча, бир жашар кызды өзүнүн бир тууган таежеси уруп-согуп, натыйжада ал бир жылдан бери өзүнө келбей, комада жатат. Дагы бир үч жашар кызды өз атасы зордуктап, 16 жолу бычак урган. Премьер үстүдөгү жылдын 11-январында №3-ооруканага эти көгала болгон эки жашар бала оор абалында келип түшкөнүн да эске салды. Ал азыркыга чейин комада жатат. Бала атайын түтүктүн жардамысыз өз алдынча дем ала баштады деген маалымат пайда болду. Аны уруп-согуп зомбулук көрсөттү деген шектенүү менен баланын аталаш бир тууганы 1968-жылкы киши кармалды. Учурда тергөө жүргүзүлүп, бир катар экспертизаларды өткөрүү белгиленди. 

Химиялык бычуубу же өлүм жазасыбы?

Мындай мыкаачылык аракетти коомчулук жоопсуз калтырган жок. Нааразылык жана кыжырданууларды билдирүүлөрдөн сырткары, өлкөдө балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештердин депутаттарына, Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуулар келе баштады. Балдарды зордуктагандык үчүн химиялык бычуу же өлүм жазасын киргизүү сунушталууда. Бул кайрылууга 1 миң 417 адам кол койгон.

Саламаттык сактоо министригинин оперативдүү маалыматтарына караганда, өткөн жылдын тогуз айында 92 түрдүү зомбулук катталып, анын ичинен 39 зомбулук аракети (42,3 пайызы) он сегиз жашка чейинки балдарга карата болгон

Депутаттардын жооп иретиндеги аракеттери

Праздник Солнечный круг для детей психоневрологической больницы - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу жаза колдонулушу керектигин айтты
Эки жашар бала менен болгон окуядан кийин шаршемби күнү парламенттин отурумунда депутаттар өз кесиптештеринин мурда көтөрүлүп, бирок колдоого алынбай калган демилгелерин эстешти. Атап айтканда, өлкө акыйкатчысынын балдардын укугун коргоо боюнча орун басарынын дайындоо жана педофелия үчүн жазага тартылгандарды химиялык бычуу жөнүндө демилгелер көтөрүлгөн. Бычуу деп жазага тартылгандарга алар эркиндикке чыгардан алты ай мурун сексуалдык активдүүлүктү төмөндөтө турган гормондорду куюу аталган.

Баса, педофилдерди химиялык бычуу жөнүндө эл депутаттарынын демилгеси мамлекет башчысынын каршы пикирлери менен парламентке кайтарып берилген болчу. Атамбаев балдарга карат зомбулук үчүн түрмө жазасынын мөөнөтүн узартуунун сунуштаган эле. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Жогорку Кеңештин комитети президенттин каршы пикири менен макул болбой мыйзам долбоорун мурдагы редакциясында кабыл алууну чечкен. Бирок 2013-жылдын ноябрында депутаттар КРдин башчысынын каршы пикирин жеңе алышкан эмес: кабыл алуу үчүн зарыл болгон 80 добуштан аталган мыйзам долбоорун 70 депутат гана колдоп, добуш берүүгө учурунда залда отурган 95 депутаттын 25и “каршы” добуш беришкен. 

Экинчи аракет

Педофилдерди химиялык бычуунун демилгечиси парламенттин "Ар-Намыс" фракциясынан депутаты Турсунбай Бакир уулу Sputnikтин кабарчысына билдиргендей, президенттин каршы пикирин жеңе албай калган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна кайра коюлмакчы.

Анын айтымында, мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр болбойт, себеби “ал ансыз деле жакшы”.

"Өткөн жолу ошол кездеги саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын көз карашы таасир кылып койду. Ал кайдан-жайдан экени белгисиз бир бааларды айтып, өлкөнүн бюджети муну көтөрө албайт деп туруп алган. Ал өз көз карашын негиздеп айткан эмес, биздин билишибизче болсо, бычуу ал айткандан бир топ арзан. Ошон үчүн министрдин ою жаңылыш болчу. Бирок бул жолу мыйзам долбоору парламенттен өтөт деген ниеттебиз. Бир процедуранын баасы 1 миң 700 сом (25 доллар) болот", — деп билдирди эл кызматчысы.

Ал эми адистердин пикири боюнча, аталган инъекция адамга жарым жыл таасир этет. Бирок демилгечи бул маселени кантип чечишти билет.

"Педофилдерди көзөмөлдөй турган атайын комиссия түзөбүз. Жарым жыл өткөндөн кийин да комиссия кайра чогулуп, ошол эле процедураны жазып берет. Биз ийнени сайып коюп эле аларды унутуп калабыз деген жокпуз да. Жок, андай адамдар коомчулуктун көзөмөлүндө болот", — деп кошумчалады Бакир уулу.

Саламаттык сактоо министрлигинин көз карашы

Архив: балдар - Sputnik Кыргызстан
Турдубекова: 2014-жылы балдарга карата 900дөн ашык зомбулук жасалган
Ведомство зомбулуктун бардык түрлөрүн сынга ала тургандыгын жана зомбулукка дуушар болгондордун баарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө бардык күч-аракетин жумшарын билдирди. Бирок министрликтин жетекчилиги тараптан расмий комментарийлер азырынча жок. 

БУУнун Балдардын укугу жөнүндө конвенциясы бөлөк адамдардын укуктарынан баланын укугун өйдө коёт. Кыргызстанда болсо ушуну менен бычууну киргизүү аракети экинчи жолу көрүлүп жатат. Мыйзам долбоору парламентте расмий катталган учурда, зомбулукчулардын тагдыры депутаттар менен мамлекет башчысынын колунан көз каранды болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0