2014-жылдын жыйынтыгы: соттор, ЕАЭБ жана энергетикалык көз карандылык

Жазылуу
2014-жыл Кыргызстан үчүн татаал, бирок натыйжалуу болду. Өлкө кайсы багытта өнүгүүнү жана көйгөйлөрдү кандайча чечүүнү аныктады.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Кыргызстан жылы бою Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууга даярдык көрүү менен, чек аралардын бүтүндүгүн сактоо маселесин жана башка ички көйгөйлөрдү чечүү аракеттерин жүргүздү. Sputnik өткөн жылдын эң маанилүү окуяларын эске салат.

Январь

La frontera de la India y Pakistán - Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылы Кыргызстандын чек арасында болгон олуттуу окуялар
Республика жаңы жылдык майрамдардан кийин толук ишке киришип калган мезгилде 2014-жылдын 23-январы күнү Ысык-Көл чек ара отрядынын Ак-Шыйрак заставасында чек арачылар тобу менен белгисиз адамдардын ортосунда куралдуу атышуу болду. Ал адамдар токой-чарба кызматкери Александр Барыкинди өлтүрүп, анын мылтыгын тартып алышкан. Ок атышуу учурунда эки кылмышкер өлтүрүлгөн. Калгандары тегерете торолуп, андан соң "Пикертык" пунктунда чек арачылар тарабынан жок кылынган.

Кылмышкерлер жарандык кийимчен жана буттарына спорт бут кийимин кийип алышкан. Алардын жанынан ок-дарысы жок "Вепрь" мергенчилик карабини, жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн камералары, насостор, азык-түлүк, компас, өлгөн кишини орой турган 11 кишиге эсептелген ак кездеменин таңгагы, окуя болгон аймактын топографиялык картасы, 10-15 метрлик аркандар, 11 жуп кышкы бут кийим жана байпактар, жайнамаздар, Куран китеби, бычактар, кара бет каптары, балта, сынык видеокамера, теспе, ошондой эле 602 китай юаны жана 546 доллар табылган.

Чек арачыларга жалгыз каршылык көрсөтүүгө аракет кылган Барыкиндин сөөгүн коюуга жүздөгөн адамдар келди. Кыргызстандын президентинин фондунан курман болгондун үй-бүлөсүнө чакан көлөмдөгү акчалай жардам — 50 миң сом бөлүнүп берилди. Александр Барыкин өлгөндөн кийин мамлекеттик "Эрдик" сыйлыгына көрсөтүлдү.

Февраль

Улуттар аралык келишпестик — Кыргызстан үчүн өтө татаал маселе. Жана кезектеги улуттар аралык чыр-чатак чыккан сайын өлкө өз жеринде жашаган улуттардын ортосундагы мамилелерди азырынча жөнгө сала албай жаткандыгы айкын болот. 2014-жылдын 1-февралында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Ош ТВ" каналынын үстүнөн Кылмыш жаза кодексинин "Аймактар аралык кастыкты тутанткандык үчүн" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Каналды жетектөөчү Эрнис Кыязов февраль айында өзүнүн Facebook баракчасында телеканалды Оштун мэрин шайлоо учурунда аймактар ортосундагы кастыкты тутанткандык үчүн айыптап жатышат деп жазган. Анын пикиринде УКМКда тинтүү жүргүзүү үчүн бардык документтер бар экендигине карабай, бул аракеттер куугунтуктоого жана репрессияга окшош. ЖМКнын ээси болуп качкында жүргөн Оштун мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов эсептелчү. 

Март

Жаздын башкы жаңылык ээлери кезектеги көпчүлүк коалициясын талкалаган парламентчилер болду. "Үчиликтин ажырашуусун" эми салтка айлангандай, Өмүрбек Текебаевдин жетекчилиги менен "Ата Мекен" фракциясы демилгелеп чыгып, натыйжада Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт таркатылды. Жана мурдатан күтүлгөндөй эле көп узабай КСДП, "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" партияларынын кайрадан баш кошту. 

Апрель

Жаз мезгили түштүк аймактарын газ менен камсыз кылуу маселеси менен министрлер кабинети үчүн өтө курч болду. Анын себеби Өзбекстан макулдашуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу көгүлтүр отту бир тараптуу өчүрүп койгон эле. Бирок түштүккө газ берүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн жаңы келишим түзүү жөнүндө кайрылуусуна коңшулар азыркыга чейин кулак какпай келет. Парламенттин депутаттары ӨзРге суу ресурстарын чектөө сыяктуу кысым көрсөтүү жол-жоболорун пайдаланууну министрлер кабинетине сунуштаган.

КРде министрлер кабинети тез-тез алмашып, 26-жолу түзүлүшү да сүйлөшүүлөрдү кыйындатты. Бул жолу кабинеттин жетекчилигине Жоомарт Оторбаев келди. Ал ошол мезгилде көпчүлүктүк коалициясына кирген бардык фракцияларды канааттандыра турган жалгыз талапкер болчу. Оторбаев өлкө Бажы биримдигине кирүүгө даярданып жаткан жана коңшулаш мамлекеттер менен чек ара жана суу маселелери боюнча карама-каршылык мамилелер курчуп турган экономикалык катаал мезгилде келди.

Май

2014-жылдын май айын эске калтырган башкы окуя Ош областындагы Чоң-Алай районунда Ош — Иркештам жолунун тозулушу болду. Анда камакка алынган депутат жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековдун жактоочулары аны бошотуу талабы менен чыгышкан. Кармалгандын туугандары менен жакындары жолдун дал үстүнө боз үйлөрдү тигишип, таш-шагылдарды төгүшкөн. Жогоруда белгиленгендей, митингчилердин негизги талабы — алардын жердеши Келдибековду бошотуу жана бардык айыптоолорду алып салуу болду. Мамлекеттик бажы кызматы менен алыска жүк ташуучулар жол тозуудан болгон ондогон миллион сом чыгымдарды эсептетип коюп, жергиликтүү тургундар бир ай бою жолдо күн көрүштү. "Алай эпопеясы" митингчилерди кууп таратып жана мурдагы төраганын кылмыш ишин тергөөнү убактылуу токтотуу менен бүттү. Ал эми үч айдан кийин болсо Келдибеков депутаттардын кепилдиги менен дарыланууга учуп кетти. Азыр медициналык да, башка атайын кызматтардын бири да Келдибеков кайда экендигин билишпейт. Ал Германиядабы Түркиядабы, же Дубайдабы, иши кылып бир жерде имиш. 

Июнь

Өткөндөгү тажрыйбаларды эске алып, Кыргызстандын өкмөтү жылуулук менен электр жарыгынын тарифтерин жайында кабыл алууну чечти. Бул мезгилде алдыда боло турган кышкы суукту көп ойлогубуз келбейт эмеспи. Мындан төрт айдан кийин өз ордунан кеткен энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев тарифтердин көтөрүлүшүн суунун аздыгы жана чоң коммерциялык жоготуулар менен түшүндүргөн.

"Бүгүнкү күндө энергетика секторунда жетишсиздик 7,2 миллиард сомду түзөт, ошонун себебинен биз жабдуулардын эскилигине байланышкан маселелерди чече албай жатабыз. Тарифти бир аз көтөрүүдөн минималдуу киреше түшөт жана бул энергетика тармагындагы жетишсиздикти жарым-жартылай толтурууга мүмкүндүк берет", — деп ал түшүндүргөн эле. 

Бирок республиканын азыркы жетекчилигинин тарифтерди өзгөртпөйбүз деген убадаларын эске туткан калк башында өз нааразылыктарын катуу билдире баштаган. Алардын пайдасы үчүн болгон башкы аргумент министрлер кабинети жаңы тарифтер боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү "унутуп" койгону болду. Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Манасбек Султанов сотко арызданып, аны утуп алышты. Фемида баалардын жогорулашын мыйзамсыз деп таап, мындай өзгөртүүлөрдү мындан ары калктын макулдугу менен киргизүүнү аткаруу бийлигине кеңеш кылды. Ал эми күзүндө бийлик калк менен иштерди жүргүзүп, жылуулукка жана электр кубатына жаңы баа саясатын бекитти. 

Июль

Эл аралык соттордо 2014-жылы биринчи жол болбостуктар Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык коммерциялык арбитраждык соттогу жеңилиштен башталды. Сот акыркы чечимин Stans Energy Corp компаниясынын пайдасына чыгарды. Аталган фирма "Кутисай майнинг" ЖЧКнын (Stans Energy Corp.компаниясына тиешелүү) Кутессай II сейрек металлдар чыкчу кен жайын пайдаланууга карата лицензиялык макулдашууну узартуу мыйзамсыз экендиги жөнүндө сот ишин баштаганы үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга арыз берген. 

Эл аралык арбитраждык соттун чечимине ылайык, КРдин министрлер кабинети Stans Energy Corp. компаниясына 118,2 миллион доллар төлөп бериши керек. Бул компания дооматтын өзү боюнча Кыргызстандын өкмөтүнөн 117 миллион 740 миң доллар, ал эми арбитраждык төлөмдөрдүн ордун толтуруу түрүндө 158,974 миң жана сот чыгымдары үчүн 308,142 миң доллар төлөтүп алууга укуктуу.

Август

Жайдын акыркы күнү кыргыз кинематографиясы үчүн чоң жеңиштүү болду. 31-августта көптөн күткөн "Курманжан датка" тасмасынын бет ачары өттү. Ага Садык Шер-Нияз режиссёрдук кылган. Жубайы көз жумгандан кийин өз элине жол башчылык кылган Алай канышасынын тарыхы эч бир көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок. Бул фильм көрүү жана кассалык жыйымдар боюнча эң алдыга чыкты. Аз эле убакытта "Курманжан датканы" дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда көрүштү. Нью-Йоркто жана Кытайда өткөн кинофестивалдарда "Курманжан датка" мыкты деп таанылды. Жана ал кыргыз кинематографиясынын тарыхында биринчи жолу "Чет элдик мыкты тасма" наамы боюнча "Оскар" кино сыйлыгына талапкер болду. Бирок, тилекке каршы, тасма сыйлыкка ат салышкан акыркы үч тасманын тизмесине илинбей калды. Ошентсе да, Курманжан датка ким экендигин жана кыргыз аялдары кандай болорун эми бүткүл дүйнө билет. 

Сентябрь

Кыргызстандын спорту 2014-жылы: алдыда умтула турган нерселер көп
9-14-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн Көчмөндөрдүн I Дүйнөлүк оюндарынын сүрөттөрү бардык дүйнөлүк басылма беттеринен орун алды. Оюндарга 18 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, аны уюштуруучулар аймактын Олимпиадалык чыгыш оюндары деп атоону да ойлошту. Бардык меймандар Кырчын жайлоосунда уюшулган улуттук шаарчада көчмөн кыргыздардын салттык турмуш-тиричилиги менен таанышты. Ал эми таймаштарда Кыргызстан бардыгы болуп 55 медалга — 16 алтын, 20 күмүш жана 19 коло медалына ээ болуп, алган байгелери боюнча баарынан алдыга озуп чыкты.

Бирок бул маданий, спорт жана саясий мыкты иш-чарага өз көлөкөсүн түшүргөн бир нече окуя болду. Бийликтегилер куурап калган гана дарактарды кыябыз деп ишендирип, Чолпон-Ата шаарында жолду кеңейтүү үчүн Раппопорт аллеясындагы 1930-жылы отургузулган бактар кыйылып жок кылынды. 

Көчмөндөр оюуну аяктагандан кийин да көпкө чейин унутулбай, иш-чаранын каржыланышы да коомчулукта көп суроолору жаратты. Оюндардын бюджети башында 3 миллион доллар деп жарыяланган. Бирок иш-чараны каржылоо 110-120 миллион сомдон ашпагыдай кылып каражатты үнөмдүү чыгымдоо чечими кабыл алынган. Негизги таймаштар өткөн Чолпон-Атадагы ипподромду жаңылатууга 52 миллион, иш-чарага катышуучуларды кабыл алууга 24 миллион жумшалган. Айта кете турган нерсе, ипподромду жаңылатып өз убагында тапшырган подряддык фирмалар өз эмгек акыларын кийин дагы көпкө чейин ала албай жүрүштү.

Октябрь

Өкмөт чиновниктери, ошондой эле парламент Онтарио провинциясынын (Канада) Жогорку соту "Кыргызалтын" ишканасынын "Центеррадагы" 47 миллион (60 пайыз) акциясын камакка алгандыгы тууралуу кабарды көтөрүңкү көңүлдө кабыл алышты. Канаданын Stans Energy компаниясынын Кыргызстандын министрлер кабинетинин үстүнөн берген дагы бир сот арызынын натыйжасы ушул. 

"Кыргызалтындын" башчысы Токон Мамытовдун пикиринде, республиканын акцияларын камакка алуу — атайын уюшулган аракет. Депутаттык корпус бул маселени токтоосуз түрдө мамлекет үчүн оңтойлуу чечүүнү талап кылды. "Ата Мекен" парламенттик фракция тарабынан "Кумтөр" кен жайын улутташтыруу процессин баштоо тууралуу биринчи сунуштар айтылды. 

Ушул жана башка эл аралык сот териштирүүлөр учурунда "чөкпөс" аталган энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин күтүүсүз кызматтан кетиши анча көзгө илинген жок. Иши жайында эмес бул ведомствонун жетекчилигине "Чыгыш электрдин" коммерциялык жоготууларын атайылап төмөндөткөндүк үчүн мурда кылмыш жообуна тартылган Кубанычбек Турдубаев келди. Жаңы министр бул орунга макулдугун берүү менен өзүнө кандай жоопкерчиликти жүктөп жатканын билген Жогорку Кеңеш да, премьер-министр да аны "түшүнүп жана кечирүү" чечимине келишкен.

Ноябрь

Күздүн үчүнчү айы Кыргызстан өзүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла албай тургандыгын моюнга алышы менен эсте калды. Электр кубатынын калк үчүн жетишсиздиги, жылуулук кубаты менен жарыктын баасынын көтөрүлүшү азыркы министрлер кабинетинин бекемдигин текшере турган анык сынак болду. Жаңы шайланган энергетика жана өнөр жай министри республикада энергетика жагынан баары жакшы деген жомокту айтып отурбай эле, жөн гана электр кубатын пайдалануу чеги жогорулаган учурда өлкөдө жарыкты өчүрүүлөр кайра келерин эскертти.

Ошону менен катар электр жарыгын коңшулаш Казакстандан алуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Ноябрдын орто ченинде министрлер кабинетинин отурумунда анын башчысы Жоомарт Оторбаев импорттун жалпы көлөмү 1,4 миллиард киловатт-саат болот деп билдирди. Бардыгы болуп кыш мезгилинде миллиарддан ашык киловатт-саат электр кубаты алынып, бир киловаттын баасы 5,65 сом болот. Импорттук электр кубаты 1-декабрдан тартып келе баштады. 

Декабрь

Өтүп кеткен жылдын акыркы айынын олуттуу окуясы, албетте, Кыргызстандын ЕЭБга кириши жөнүндө документке кол коюлушу болду. Бул салтанат Москвада 23-декабрда өттү.

Аталган биримдик 2015-жылдын 1-январынан тартып иштей баштады. Бирок КР азырынча анын курамында байкоочулук укугуна гана ээ. 

Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаев Жеңиштин 70-жылдыгына карата республика Евразия экономикалык биримдигине мүчө болот деген үмүтүн билдирди. 

"Жолугушууда Кыргыз Республикасын ЕАЭБга кошуунун айкын жана калыс параметрлери аныкталды. Бирдиктүү бажы тарифине кирүүдө КРнын үлүшү, келишимдердин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифтери колдонула турган жана кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алып салына турган күндөрү аныкталды", — деп баса белгиледи Атамбаев.

Декабрдын башында өзүнүн жыйынтыктоочу маегинин жүрүшүндө мамлекет башчысы, эгер өлкө Бажы биримдигине азыр кошулбаса, кийин ага кирүү үчүн тизелеп турууга аргасыз болот деди. Ал, эгер КР Бажы биримдикке кошулбаса, жөн гана кайра экспорттоо токтобостон, республика экономикалык жактан торолуп калышы мүмкүн экендигин түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0