Туманов: кыргыз тилин кызыктуу жана жеңил үйрөнүүгө жардам бергим келет

© Sputnik / Табылды КадырбековМобильное приложение "Кыргызский разговорник"
Мобильное приложение Кыргызский разговорник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мобилдүү технологиялар маалымат издөөдө гана эмес, кыргыз тилин үйрөнүүгө да жардам берет. Бүгүнкү күндө болсо мамлекеттик тилди үйрөнүүдөгү мобилдик технологиялардын ролу азырынча кызыгып берилгендердин гана деңгээлинде экенине карабастан, зарыл саамалыктар айрым учурда колдоого алынууда деп эсептейт Таалайбек Ороскулов.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Орус тилдүү журналист катары, мен айрым учурларда мамлекеттик тилди колдонууда кыйынчылыктарга туш болом. Кыргыз тилин жакшы үйрөнүүгө болгон бардык аракеттерим ийгиликсиз калууда. Убакыттын жетишсиздигинен да бул ишти улам кийинкиге калтырып келем. Бирок акыркы кездерде, менин оюмча, Манас менен Айтматовдун тилин үйрөнүүчүлөргө чоң жардам боло турган смартфондордун тиркемелери пайда болууда. Кайсы бир күнү кечинде тогуз жашар балам өзүнүн уюлдук телефонунан кыргызча сөздөрдү дептерине көчүрүп жатканын байкадым. Менин кызыккан суроомо кызым сөздүктү телефонуна көчүрүп алып сабакта да, үйдө да колдонуп жүргөнүн айтты. 

Мен мындай пайдалуу саамалыктарды ким жасап жатканын аныктап, мамлекеттик тилди үйрөнүүдө мобилдик технологияларды пайдалануу жагынан бизде абал кандай экенин кененирээк билүүнү чечтим. 

Бирөө баары үчүн

Алгач тиркемелерди иштеп чыгаруучуларга электрондук каттарды жөнөтө баштадым. Тилекке каршы, алардын бирөө гана жооп берди. Ал программист-фрилансер, Android ачык операциялык системанын негизинде tili.kg тиркемелерин иштеп чыгуучу Александр Туманов эле.

"Мындай тиркемени жаратуу оюм 2012-жылдын бир түшкү тыныгуу учурунда жаралган. Кесиптештериме сунуштап көрсөм, алар колдоп кетишти жана, албетте, оюмду ишке ашырууга жардам кылышты. Буга менин мамлекеттик тилди үйрөнүүгө болгон каалоом түрткү берди. Тилди өздөштүрүүдө ар кандай кыйынчылыктарга туш келип отуруп, акыры өзүмө окшоп тилди жаңы үйрөнүп жаткандарга жарда иретинде бир нерсе жасоону чечтим", — дейт Туманов.

Анын айтымында, бул долбоор болгону төрт адамдын күчү менен жасалган. Жумуштан сырткаркы мезгилде алар "Чернышевкада" китептерди сканерден өткөрүп, анан материалдарды "санариптештиришкен". Баса, бардык материалдар авторлордун уруксаты менен басылып чыккан. Бирок өз маалыматтарын пайдаланууга уруксат бербегендер да болуптур. Нурлан Турдалиев контентти толтуруп, дизайн менен Азамат Токтакунов алектенсе, маалыматтарды толтуруп жана тесттен өткөрүүнү Самат Жукешев өзүнө алган. Баарыбыз муну берилүү менен жасаганбыз жана биз үчүн ал абдан кызыктуу болду деп эскерет иштеп чыгуучу. 

"Долбоор өзүнө интернет-сайтты жана "Play Market" үчүн java тилинде жазылган мобилдүү тиркемелерди камтыйт. iPad жана iPhone пайдалануучулары үчүн тиркемени өзгөртүүгө Калыс Осмонов жардам берди. Азыр Windows үчүн да өзгөртүү пландалып жатат. Албетте, үзгүлтүксүз жаңылантуу колубуздан келбей жатат, бирок биз жок дегенде жарым жылда бир жолу жаңы маалыматтарды кошуп турганга аркеттенүүдөбүз", — деди программист.

Сааданбеков: кыргыз тили google translate платформасы кийинки жылы кирет деген кепилдик жок
Автор сайт менен мобилдик тиркемени пайдалануучулардын саны бирдей, деп белгилейт. 100 миң көчүрүп алуу катталган, 20 миңден ашык адам активдүү колдонуп келет. Алардын 70 пайыздан ашыгы Кыргызстандан, 23 пайызы болсо Россиядан, ошондой эле Түштүк Кореядан, АКШдан, Түркиядан жана Кытайдан да пайдалануучулар бар. 

Тиркемелер акысыз, ошон үчүн кээ бирлер ойлогондой көп киреше алып келбейт дейт автор. "Сорос" фонду берген чакан жардам долбоордун үстүндөгү ишти аяктоого мүмкүндүк берди, ал эми ай сайын жарнамадан түшкөн 30 доллар техникалык чыгымдарга гана жетет.

Бүгүнкү күндө кыргыз тилин күнүмдүк тиричилик деңгээлде түшүнөм, бирок азырынча сүйлөөгө батына албайм, деп улантты Туманов. Мектептерде да, жогорку окуу жайларында да кыргыз тилин жеткиликтүү жана кызыктуу окутса дейм. Мисалы, менин оюмча, "Манас" университетинин тил программасы абдан жакшы, окуу жайынын жетекчилиги аны менен ачык бөлүшсө жакшы болор эле. Анда бул ыкмалар мобилдик тиркемелерде да колдонулмак, деп бөлүштү программист.

Азыр билим берүүчү бир нече тиркеме иштеп чыгуу пландалууда. Алардын биринчи баскычы кыргыз тилинде баштапкы окуу деңгээлине ылайык келе турган 100 сөз каралган, кийинкисинде 500 сөз ж.б. болуп жогорулап кете берет.

Мамлекеттик көз караш

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормолор бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов мындай тиркемелер баштоочу деңгээлдегилер үчүн гана эмес, кыргыз тилин билгендер үчүн да мааниси чоң дейт.

"Кыргыз тилин алып жүрүүчүлөр да кепте көп ката кетиришет. Жөн эле сүйлөбөстөн, сабаттуу сүйлөөнүн мааниси чоң. Тилди өздөштүрүүдөгү мындай ыкмаларды толук колдойм. Эгер иштеп чыгаруучуларга жардам керек болсо, биз даярбыз. Жетекчиликке расмий кайрылуу талап кылынса же, эгер долбоор чын эле кызыктуу болсо, кубануу менен ар тараптуу жардам көрсөтөбүз", — деди адис. 

Сүйлөө жана ырдоо

Ата мекендик шоу-бизнес чөйрөсүндө башка тилдүү бир нече ырчы кыргыз тилиндеги ырларды аткарып жүрүшөт. Юлия Руцкая кыргызча ырдайт, бирок азырынча сүйлөбөйт.

"Мен күнүмдүк турмуштагы тилди жакшы түшүнөм, бирок азырынча сүйлөөгө батына албайм. Окшош тиркемелерди түрк жана англис тилинде көп колдончумун. Алар сөз байлыгын кеңейтүүдө анык жардам берет, ошондой эле котормо жагынан же сүйлөшүүдө кыйынчылык болсо, жакшы куткарып кетет. Кыргыз тилиндеги тиркемени да көчүрүп алам", — дейт ырчы.

Дагы бир аткаруучу Ирина Ан мобилдүү сөздүктөрдү эч качан колдонбогондугун айтты. 

"Мындай мүмкүнчүлүккө эч көңүл бурган эмесмин. Айтып койгонуңар жакшы болду, карап көрөбүз. Мисалы, кыргыз тили менин эне тилим эмес, ошон үчүн аны үйрөнүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланам. Менимче, бул кызыктуу болот", — деди ырчы.

Мобилдүү оператор

Мобилдик тиркеме чынында уюлдук телефон менен тыгыз байланышкан, демек уюлдук байланыш операторлору смартфондор үчүн тиркемелер боюнча да бир нерселерди кылышы керек. Компаниялар бул тууралуу мурдатан эле ойлонушуп жана биздин демилгечилерди колдоп келе жатышкан экен. 

"Биздин Мурас" коомдук фонду мобилдик жабдуулар үчүн Android операциялык системанын алкагында акысыз "Эл-Сөздүк" тиркемесин жаратышкан. Бүгүнкү күндө аны дээрлик 4 миң пайдалануучу көчүрүп алган. 

Тиркеме эң популярдуу Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүн, ошондой эле Абдиев менен Сыдыкованын кыргызча-англисче сөздүгүн колдонууга мүмкүндүк берет. Бул иштелмеге Beeline "Мамлекеттик тилди жана улуттук баалуулуктарды колдоо" программасынын алкагында көмөк көрсөттү. Тиркеме мурдатан бери 1,2 миллиондон ашык адам колдонуп келген "Эл-Сөздүк" онлайн-сөздүгүнүн негизинде түзүлгөн.

Дагы бир оператор азыр иштелип чыгып жаткан "Кыпкыргызча" билим берүү сайтына колдоо көрсөтүүнү чечкен. MegaCom компаниясынын менеджери Айдай Мокушева бул долбоор тууралуу айтып берди. 

"Биздин компания мамлекеттик тилге байланышкан билим берүү долбоорлоруна дайыма колдоо көрсөтүп келет. "Кыпкыргызча" — ушундайлардын бири. Биз кыргыз тилин жайылтууга багытталган мобилдик тиркемелерди да чыгарууну пландап жатабыз", — деди менеджер.

Жыйынтык ордуна

Заманбап мобилдик технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан мезгилде кыргызстандыктардын кийинки мууну үчүн мындай тиркемелерсиз жашоо кыйын болот деп ойлойм. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди үйрөнүүдө мобилдик технологиянын ролу азырынча кызыгып берилгендердин гана деңгээлинде экенине карабастан, зарыл саамалыктар айрым учурда колдоого алынууда. Жана биз кыргыз тилин үйрөнүүнүн алдыңкы ыкмаларына канчалык көп көңүл бурсак, аны билбегендердин же билүүнү каалабагандардын нааразылыктарына себеп ошончолук аз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0