Айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн кандай иш-чаралар пландалууда?

Sputnik
Кыргызстанда айдоочуларды даярдоодо реформалар башталды. Министрлер кабинети ушул жылдын 20-октябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин лицензиялоого убактылуу мораторий киргизди. Бул чара окутуунун сапатын жогорулатууга жана тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган. Мамлекеттик органдар авто-мектептердин техникалык базасын жаңылоого, санариптештирүүгө жана көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылып жатышат. Мындай чаралар айдоочуларды адилет, заманбап жана жоопкерчиликтүү даярдоого өбөлгө түзөт. Айдоочулук билимдин жогорку деңгээли — жолкыймылынын коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу.
Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Эгенберди Молдалиев айтып берди.