Айыл чарба кооперативдеринин ишин өнүктүрүү жана мамлекеттик колдоо чаралары боюнча сунуштар иштелип чыкты. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги кабарлады. Жакында эле аталган сунуш кеңейтилген форматта талкууланды. Аны айыл чарба министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму биргеликте уюштурган. Ага бир катар министрликтердин, банктардын өкүлдөрү катышты.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү иши кандай жүрүп жатканы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин башкы адиси Нургазы Казыбеков жооп берди.