Кыргызстандагы банктардагы депозит 1 триллионго жакындады — бул эмнеден кабар берет?

Sputnik
Депозиттерди коргоо агенттиги 2025-жылдын алгачкы тогуз айына карата отчетун жарыялады. 30-сентябрга карата активдер 9,136 миллиард сомду түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 29 пайызга көп. Депозиттерди коргоо фондунун жалпы көлөмү 9,07 миллиард сомго жетти, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 7,05 миллиард сом болгон. Ал эми Кыргызстандагы банктарда жарандардын 815 миллиард сомдон ашык депозити топтолду. Агенттиктин көрсөткүчтөрү тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев айтып берди.