Мөөнөтүнөн мурда жарыяланган парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт. Учурда бул шайлоого даярдык кызуу жүрүп, элдин бүйүрүн кызытып турган учур. Анткени бул жолу жаңы шайлоо системасы кирип, көп өзгөрүүлөр орун алууда.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында дал ушул өзгөрүүлөр жана алдыдагы шайлоого даярдык кандай жүрүп жатканы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов жооп берди.