«Кыргызстан–2025» кинофестивалы: Кыргыз-Россия маданий кызматташтыгы жана кино индустриясынын өнүгүүсү

Sputnik
Кыргызстандагы Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында "Манас" кинотеатрында "Кыргызстан–2025" аталышындагы кинофестиваль башталды. Иш-чараны "Роскино" Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат. Салтанатка РФтин маданият министри Ольга Любимова, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана режиссер Никита Высоцкий катышты.
Мына ушул саамалыктын алкагында мейманга Алмаз Тулекеевди чакырып, жалпы эле Кыргыз-Россия маданий кызматташтыгы, кинофестивалдын жүрүшү жана өлкөдөгү кино индустриясынын абалы, өнүгүшү, иш-пландары тууралуу баарлаштык.