Айыл чарба министрлиги министрлер кабинетинин “жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Документте долбоор жаңы Жер кодексинин ченемдерин ишке ашырууга жана жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди өркүндөтүүгө багытталганы белгиленет. Өлкөдө жайыттарды пайдалануу эрежелерин жаңыртуу планы тууралуу Ветеринардык мал чарбасын өнүктүрүү кызматынын Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров айтып берди.