Эки ордендин ээси агрардык университет ЕАЭБ мамлекеттеринде суроо-талап күч болгон адистиктерди даярдоого басым коюуда

Sputnik
“Ардак белгиси” жана “Даңк” ордендеринин ээси 90 жылдан ашуун тарыхы бар К. И. Скрябин атындагы Улуттук агрардык университети өлкөнүн бул багыттагы флагман окуу жайы. Агрардык багыттагы өлкө болгондуктан жылына жүздөгөн керектүү адистерди даярдап, экономикага өз салымын кошуп келет. Университет 2022-жылы атайын статуска ээ болгон. Ошондон тарта илимге басым коюп, түрдүү лаборатория, илимий объектерди ишке киргизип, гранттар менен жаңы долбоорлорду ишке ашырып келет.
Окуу жай бүгүнкү күндө бир эле Кыргызстандын эмгек рыногуна эмес, бүтүндөй ЕАЭБ мамлекеттеринин эмгек рыногуна ориентир алып адистерди даярдап жатышы анын үзгүлтүксүз өсүү үстүндө баратканынан кабар берет. Унивеститеттин алдыдагы пландары тууралуу жана күрөшүп жаткан көйгөйлөрү жөнүндө “Күн башат” программасында маектештик.