Салык кызматы жарандардын арыз-дооматтарына жооп берүүдө өз милдеттерин аткарышат. Жарандар өздөрүнүн укуктарын коргоо үчүн, салык органдарына кайрылып, ар кандай маселелер боюнча суроолорду жана даттанууларды бере алышат. Ар бир даттануу кылдат каралып, мыйзам чегинде тез арада жооп берилиш керек.
Арыздар канча убакытта каралат жана мыйзам бузуу бар-жогун аныктоо үчүн кандай жол-жоболор бар? Жарандардын арыз-дооматтары кандайча кабыл алынат жана каралат? Көбүнчө кандай себептер менен арыз жазышат? Кызматкерлерди эл менен туура сүйлөшүүгө, түшүнүшүүгө үйрөтүү боюнча иштер жүргүзүлөбү? Бизнес жана эл тарабынан келген пикирлерди кантип бааланат? Кызматтын ишин элге ачык жана түшүнүктүү кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
Ушул жана башка собоолдорго Мамлкеттик салык кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн бөлүм башчысы Майрамбек Карыбековдон жооп ала алдык.