Узак мөөнөттө орчундуу натыйжа берет - Айыл чарба азыктарына кошумча нарк салыгы эмнеге азайтылды?

Sputnik
2030-жылдын 1-январына чейин айыл чарба продукцияларына болгон кошумча нарк салыгы 80 пайызга азайтылат. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети жарыялады.
Бүгүнкү “Күн башат" программасында дал ушул азайтылган нарк салыгы жана бул тизмеге кирген азык-түлүк тууралуу кеп кылдык. Биздин сурооолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органика бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Орозакунов жооп берди.