26-октябрь — 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет. Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Баткен районунун аймагына басып кирип, аймакты өздөрүнүн базасына айландыруу, жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.
Баткен окуясын Медицина кызматынын запастагы полковниги Шайлообек Усупканов жана Өзгөн районун Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Үмөталы Конушов эскеришти.