Кыргыз жылкысынын генетикалык өзгөчөлүгү, уникалдуулугу, тоолуу шартта өзүн ыңгайлуу алып жүргөндүгү, чыдамкайлыгы менен бааланат. Бирок акыркы жылдары кыргыз жылкысынын саны азайып, жоголуу коркунучунда экендигин жылкы изилдөөчүлөр кулак кагууда. Аны сактап калуу үчүн мамлекеттин колдоосу, мыйзам да кабыл алынышы керектигин Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун башкы илимий кызматкери, айыл чарба илимдеринин доктору Болот Токтосунов жана жылкы өстүрүүчү, фермер Баатырбек Акматов айтышты.