Кыргызстан 2025-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылууда. Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздук болуп саналат. ЖККУнун саммити, аймактагы коркунучтарга каршы жамааттык даярдык, машыгуулар тууралуу политолог Токтогул Какчекеев маек курду.