Михаил Фрунзенин үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды — кандай жаңы архивдик материалдар кошулат?

Sputnik
Бишкекте Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмө жети негизги теманы камтыйт. Келгендер музейдин эволюциясын көрө алышат. Анын 1927-жылдагы биринчи жөнөкөй көргөзмөсүнөн тартып 1950-жылдары илимий борборго айланганына жана 1967-жылы жаңы монументалдык имаратка ээ болгон СССР учурундагы маанилүү идеологиялык институтка айланганына чейин чагылдырылган. Музейдин 100 жылдыгы тууралуу Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин директору Кеңешбек Алмакучуков айтып берди.