Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында “Ислам академиясы” мекемесин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ислам академиясы теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлгөн. Окуу жайдагы билим берүү сапаты, жаңы багыттар, адистерди даярдоо тууралуу Ислам академиясынын ректору Эрмамат Эргешов маек курду.