Соңку жылдары өлкөдө санариптештирүү иши өтө активдүү ишке ашууда. Бул бардык тармакты камтып, көп нерсе аралыктан эле жасала баштады. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул нерселердин бири тууралуу, тактап айтканда онлайн нотариалдык кызмат тууралуу кеп кылдык. Биздин суроолорубузга Юстиция министрлигинин нотариат жана апостилдештирүү бөлүмүнүн адиси Кайырбек Кубанычбеков жооп берди.